АКШ Өзбекстандын ЕАЭБ менен кызматташтыгына мамилесин билдирди

405
0

АКШ Өзбекстандын ЕАЭБ менен кызматташтыгына мамилесин билдирди

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө таасир өткөрүү жаатында Москва менен атаандашпайт. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти кабарлады. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү кесиптештери сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Онлайн конференциянын негизги темалары АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыгууга даярдык, региондогу экономикалык кызматташтык жана коронавирус менен күрөшүү болду.

Мамлекеттик катчынын Борбор Азия иштери боюнча орунбасары Жонатан Хениктин айтымында, “АКШ Борбор Азия мындан да коопсуз жана бейпил регион болушуyна кызыктар” жана андагы мамлекеттер “өнүгүү жаатында ар түрдүү варианттарды тандоодо эркин болушу керек”.

Анын айтымында, азыркы кризис учурунда АКШ аталган региондо коронавирус менен күрөшүү үчүн ар түрдүү чараларга 25 миллион доллар бөлгөн.

О.э. АКШ Борбор Азия үчүн кошумча каражат бөлүү максатында Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду менен иштешип жатканын кошумчалады.

Хеник “Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп киришине Вашингтондун мамилеси кандай” деген суроого “АКШ Борбор Азия республикаларына таасир өткөрүү үчүн Москва менен атаандашпайт” деп жооп берди.

 “Мен ал сүйлөшүүлөр жөнүндө комментарий бере албаймын, себеби АКШ ЕАЭБдин мүчөсү эмес. Өзбекстандын катышуусунда талкуулар уланууда. Менин билишимче, бул маселе Өзбекстан калкын аябай ойлондурууда. Өзбекстан жарандары дүйнөлүк базарлар жана инвестициялардан пайдаланууга умтулушун колдойбуз. Өзбекстан калкы бардык жергиликтүү блок жана соода  мамилелерин о.э. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу маселесин жакшылап үйрөнүп чыгат. Кайсы бири пайдалуу экендигинен келип чыгып, ошону тандай деп үмүттөнөбүз”, – деди америкалык дипломат.

 Комментарий: Каримовдон кийин бийликке келген Мирзиёев Каримовго караганда ачыгыраак саясат жүргүзүүдө. Каримов табиятынан коркоктугу себептүү бардык жетекчи мамлекеттер менен мамилесинде аралык сактап, эгерде бирер мамлекет менен алып барып жаткан саясаты анын бийлигине коркунуч туудурушун сезип калса,  “негизги стратегиялык өнөктөшүн” дароо өзгөртүү менен башка жетекчи мамлекеттин колтугуна кире качууга аракет кылчу. 2005-жыл, 13-май күнү Андижанда тынч демонстранттарды аёосуз кыргын кылганга чейин Америка менен жакындан мамиле кылып келген, ал тургай АКШга аскерий база үчүн жер берген Каримов Андижан кыргынынан кийин Өзбекстандан АКШнын аскерий базасын чыгарып: “Эми бизге ким айбат кылса, Россияга айбат кылган болуп эсептелет”, – деп, кайрадан Россиянын колтугуна кире качкан эле. Бирер уюмга мүчө болууда да өзүнүн коопсуздугу жана кол тийбестигин биринчи орунга коёт эле. Мисалы, Өзбекстанды ШКУга мүчө катары алып кирген болсо да, аталган уюм менен жалаң гана өз бийлиги үчүн коркунуч катары көргөн “экстремизм” жана “терроризм” маселесинде гана кызматташат эле…

 Мирзиёев болсо бардык жетекчи мамлекеттерди ыраазы кылуу жолун тандады. Ошол себептен да бир тараптан Өзбекстанды ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары алып кирүү менен Россиянын басымын жеңилдетүүгө аракет кылып жаткан болсо, экинчи тараптан “С5+1”форматына катышуусу жана Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуу убадасы менен АКШны ыраазы кылмакчы о.э. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорундагы шериктик аркылуу Борбор Азияда таасири өсүп бара жаткан Кытайды ыраазы кылмакчы болууда. Бул колонизатор мамлекеттер Өзбекстанды өз таасири астында кармап калуу үчүн колунан келген бардык айла-амалдарды ишке салары жана түрдүү билдирүүлөр менен Мирзиёевдин “рамкадан” чыгып кетишине жол беришпестиги табигый көрүнүш.

 Абдурахман Адилов

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here