РАСУЛУЛЛАХ ДЫН ВАБА ЖАНА КАРАНТИН ЖӨНҮНДӨГҮ ХАДИСТЕРИ… ИНСАНИЙ ИЛМДЕРДИ АРТТА КАЛТЫРГАН ВАХИЙ

474
0

Расулуллах AДЫН вабА ЖАНА карантин ЖӨНҮНДӨГҮ хадисТЕРИ… инсаний илмДЕРДИ АРТТА КАЛТЫРган ВАХИЙ

  • Имам Бухарий өзүнүн сахих топтомунда Расулуллах Aдын мындай деп айтканын риваят кылат:

«لاَ يُورِدَنَّ مُمْرِضٌ عَلَى مُصِحٍّ»

«Мумриз мусихке жакындаштырылбайт». Хадистеги «мумриз» – кесел төөсү болгон киши, «мусих» болсо – соо төөсү бар киши. Демек, Расулуллах A кесел төөнүн ээсин – кеселдик жукпашы үчүн – өз төөсүн соо төөгө кошуудан кайтарып жатат.

  • Усама ибн Зайддан Расулуллах Aдын тооъуун тууралуу эмне дегенин уккансыз деп сурашканда, ал киши мындай деген: Расулуллах A айтты:

«الطَّاعُونُ رِجْسٌ أُرْسِلَ عَلَى طَائِفَةٍ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ – أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ – فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلا تَخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Тооъуун Бану Исроилден болгон бир тайпага же силерден мурункуларга жиберилген кеселдик. Эгер бирер жайда анын таркалганын уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер силер турган жайда таркалса, андан качып ошол жайдан чыкпагыла». Бухарий риваяты.

  • Бухарий Усама ибн Зайддан Умар ибн Хаттобдун тооъуунга карата карманган позициясын риваят кылат. Усама айтат: Ооба, Умар ибн Хаттоб бир күнү Шамга карай чыкты жана Сар деген жайга жеткенде, ага Абу Убайда ибн Жаррох жана анын шериктеринен болгон шаар амирлери жолугушту. Алар Умар Gга Шамда тооъуун таркалганы тууралуу хабар беришти. Ибн Аббас айтат: Ошондо Умар: «Мага мухажирлердин арасынан динге биринчилерден болуп киргендерин чакыргыла», – деди. Алар келген соң, Умар алар менен кеңешип, аларга Шамда тооъуун таркалганын айтты. Алар болсо түрдүү фикр билдиришти. Айрымдары: «Сен ушундай бир ишке чыктың, андан кайт деп кеңеш бербейбиз», – деди. Айрымдары: «Жакшылап ойлонуп иш кыл, сени менен башкалар жана Расулуллах Aдын сахабалары бар. Ошон үчүн аларды тооъуунга алып кирбейсиң», – дешти. Ошондо Умар аларга «биерден чыккыла» деди жана «ансорлорду чакыргыла» деди. Мен ансорлорду чакырдым эле, Умар алар менен кеңешти. Лекин алар да мухажирлер сыяктуу түрдүү фикр билдиришти. Умар болсо, аларга да «биерден чыккыла» деди жана фатхтан мурун Исламга кирген Курайш аксакалдарын чакырууну буюрду. Курайш аксакалдары ихтилаф кылышпады, «адамдарды кайтар, тооъуун таркалган жайга аларды алып кирбе» дешти. Ошондо Умар адамдарга: «Мен аркага кайтамын, силер да кайткыла», – деди. Ошондо Абу Убайда ибн Жаррох: «Аллахтын кадарынан качасыңбы?», – деди эле, Умар: «Эгер бу кепти сенден башкасы айтканда барбы», – деди да, андан кийин: «Ооба, Аллахтын кадарынан Аллахтын кадарына качабыз. Өзүң ойлоп көр, эгер сенин төөң болсо жана эки кыргактуу бир өрөөнгө консоң. Алардын бири көк майсаң, экинчиси курук болсо, төөңдү көк майсаңда оттотсоң да Аллахтын кадары менен оттотосуң, курук жайдан оттотсоң да Аллахтын кадары менен оттотосуң, туурабы?», – деди. Ошондо Абдурахман ибн Ауф келди – ал айрым мухтаждыктарын жайгаруу үчүн кеткен эле – анан минтип айтты: «Мен бул тууралуу билемин, анткени, Расулуллах Aдын:

«إذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلاَ تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا فِرَارًا»

«Эгер бирер жайда анын таркалганын уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер силер турган жайда таркалса, андан качып ошол жайдан чыкпагыла» дегенин укканмын», – деди. Умар муну уккан соң Аллахка хамд айтып, аркага кайтты.

  • Ушу хадисте халифа өз жарандарынын ахыбалынан кабар алып түрдүү жайларга баргандыгы, сахабалар G түрдүү шаарлардын амирлерине жолугуп, алардан кеңеш алышканы, уламалар менен жыйналыш уюштурганы, адамдардын урматын өз ордуна коюшканы жана халакат-кыйроого алып баруучу себептерден алысташышканы тууралуу айтылган. О.э. анда Расулуллах A ваба таркалган жайга кирбөөгө жана ваба таркалган жайдан (андан коркуп) чыкпоого буюрганы жөнүндө айтылган.
  • Имам Муслим Умар ибн Шаридден, ал болсо атасынан риваят кылышынча, Сакыйфтан келген элчилер ичинде макоо менен кеселденген бир киши да бар эле. Ошондо Расулуллах A ага адам жиберип:

«إِنَّا قَدْ بَايَعْنَاكَ فَارْجِعْ»

«Биз сени менен байъат кылып бүттүк, эми артыңа кайта бер», – деди.

  • Имам Бухарийдин сахих топтомунда келишинче, Расулуллах A:

«فِرَّ مِنْ الْمَجْذُومِ كَمَا تَفِرُّ مِنْ الأَسَدِ»

«Макоодон арстандан качкандай качкыла», – деген.

  • Имам Ахмад Аиша энебизден риваят кылышынча, Расулуллах A:

«لاَ تَفْنَى أُمَّتِي إِلاَّ بِالطَّعْنِ وَالطَّاعُونِ»

«Умматым фанага (өлүмгө) жүз тутпас, илла, тоън жана  тооъуун айынан мүмкүн» деди эле, Аиша энебиз: «Я Аллахтын Росулу, тооъуунду билебиз, а тоън эмне?», – деп сурады. Ошондо Расулуллах A:

«غُدَّةٌ كَغُدَّةِ البَعِيرِ، اَلْمُقيمُ بِهَا كَالشَّهِيدِ، وَالفَارُّ مِنْهَا كَالْفَارِّ مِنْ الزَّحْفِ»

«Ал ушундай кесел болуп, төөнүн безине окшойт. Ким ага сабр кылып өлсө шахиддин сообун алат. Андан качкан киши болсо, согуш майданынан качкан кишиге окшойт» деди.

  • Жабир ибн Абдуллох риваят кылышынча, Расулуллах A мындай деген:

«الْفَارُّ مِنَ الطَّاعُونِ كَالْفَارِّ مِنَ الزَّحْفِ وَالصَّابِرُ فِيهِ كَالصَّابِرِ فِي الزَّحْفِ»

«Тооъуундан качкан согуш майданынан качкан кишиге окшойт. Ага сабр кылган душман бастырып киргенде ага сабр кылган кишиге окшойт». Ахмад риваяты.

Бу хадис ким кеселдикке жана вабаларга сооб үмүтүндө сабр кылса, чоң сооп алышын о.э. шариат мусулмандарга гигиена эрежелерин белгилеп бергенин жана аларга сыркоо же соо болушунун айырмасы жок, мусулмандардын бардыгын асырай турган иш-чараларды колдонууну үйрөткөнүн баян кылууда. О.э. хадис кеселдикке чалынгандарды карантин кылыш лазымдыгын, кеселдер Аллахтан чоң ажр алууну үмүт кылууларын, андан качкандар болсо (т.а. ваба таркалган жайдан чыгып башкаларга жуктура тургандар) чоң күнөөгө барышканы үчүн тообо кылышы лазымдыгын баян кылууда. Анткени, кээде кеселдикке чалынган кишилер башкаларга жуктурушу жана адамдарга чоң зыяндар жеткириши мүмкүн. О.э. бу Аллахтын кадарынан качыш жана бардык шериктерден аруу Аллах тууралуу жаман күмөн кылуу болуп эсептелет. Аллах Таала тоъунга сооб үмүтүндө сабр кылган кишиге чоң ажр белгилегендей, тоъун чыккан жайдан чыгуудан кайтарды жана муну менен маселени медициналык жана ыйманий жактан муалажа кылды… Мында вабаны жеңиш үчүн карантин эрежелерин тартиптештирүү бар. О.э. буга болгон ыйман бардыгына иш Аллах тарабынан белгилеп коюлган жана Аллах бул жаатта этибарсыздык кылбоого буюрган деген кадыржамдыкты берет.

  • Имам Ахмад жана Насаийлер Ирбаз ибн Сариядан риваят кылышынча, Расулуллах A айтат:

«يَخْتَصِمُ الشُّهَدَاءُ وَالْمُتَوَفَّوْنَ عَلَى فُرُشِهِمْ إِلَى رَبِّنَا عَزَّ وَجَلّ، فِي الَّذِينَ يُتَوَفَّوْنَ مِنَ الطَّاعُونِ، فَيَقُولُ الشُّهَدَاءُ: إِخْوَانُنَا قُتِلُوا كَمَا قُتِلْنَا. وَيَقُولُ الْمُتَوَفَّوْنَ عَلَى فُرُشِهِمْ: إِخْوَانُنَا مَاتُوا عَلَى فُرُشِهِمْ كَمَا مِتْنَا عَلَى فُرُشِنَا. فَيَقُولُ رَبُّنَا عَزَّ وَجَلَّ: انْظُرُوا إِلَى جِرَاحِهِمْ، فَإِنْ أَشْبَهَتْ جِرَاحُهُمْ جِرَاحَ الْمَقْتُولِينَ، فَإِنَّهُمْ مِنْهُمْ وَمَعَهُمْ، فَإِذَا جِرَاحُهُمْ قَدْ أَشْبَهَتْ جِرَاحَهُمْ»

«Шахиддер жана төшөктөрүнө мыкталып вафат эткендер тоъундан өлгөндөр тууралуу Роббибиз алдында талкуу кылышат. Шахиддер: «Бу бурадарларыбыз биз сыяктуу катл кылынган (өлтүрүлгөн)» дешсе, төшөккө мыкталып өлгөндөр: «Бу бурадарларыбыз биз төшөккө мыкталып өлгөнүбүздөй алар да төшөктө өлүшкөн» дешет. Ошондо Аллах Азза ва Жалла айтат: «Алардын жарахатына карагыла, эгер алардын жарахаты катл кылынгандардын жарахатына окшосо, алар ошолордон жана ошолор менен бирге». Ошондо алар жарахаттарына карашса, катл кылынгандардын жарахатына окшош экени маалым болот».

Аллахтын вахийи болгон ушу хадистерде Пайгамбарлык муъжизалары бар болуп, ал жугуштуу кеселдиктер бар экенин баян кылат. О.э. ал кеселдиктерге каршы колдонулушу лазым болгон чаралар кандай амалга ашырылышын баян кылат. Хадистерде Пайгамбарлык муъжизасы тиббиятты артта калтырганын көрүүгө болот. Анткени, тиббият ваба таркалган жайда жашоочу адамды, а түгүл кеселдик жуктурбаган болсо да, ошол жайдан чыгарбаш шарт экенин бүгүн билүүдө… Албетте, адамдарды ваба таркалган жайга киргизбөө тунук жана түшүнүктүү иш. Ал эми ваба таркалган жайда жашоочу адам соо болсо да, ал жерден чыгарбоо маселесине келсек, анын иллетин табуу үчүн тереңирээк фикрлөө керек. Эгер фикрленсе, ваба таркалган жайда жашоочу адам – ага илдет жукпашы үчүн – ал жерден чыгып, башка жайга, кеселдик болбогон шаарга көчүп өтүшү керек. Бирок, мунун иллетин кийин т.а. илм жана тиббият өнүккөндөн кийин билишти. Аны төмөнкүдөй чечмелешти: ваба таркалган региондогу соо адам көбүнчө көпчүлүккө жуга турган микроб жана вабаларды таркатуучу болот. Лекин денесине микроб жуккан ар бир адам кесел боло бербейт. Ошон үчүн микроб жуктурган канчадан-канча адамдар болуп, аларда ич тердеме жана сил сыяктуу кеселдик белгилери көрүнө бербейт… Холера жана чума көбүнчө бир нече адамдарга жугуп, бирок, кеселдик белгилери көрүнбөшү мүмкүн. Балким, тескерисинче, адам денеси сак-саламат болуп көрүнсө да, башка соо адамдарга ооруу жуктурушу мүмкүн.

Биерде дагы инкубация доору да бар болуп, ал микроб денеге жугуп, көбөйүп быша турган доор. Бул доор кеселдик пайда болушунан мурун болот жана адамда кеселдик белгилери көрүнбөйт. Лекин бир канча убакыт өткөндөн кийин – кээде узак, кээде кыска болушу мүмкүн – адам жуктурган илдет же микробдун түрүнө карай, анын денесинде жашырынган кеселдик белгилери көрүнөт. Мисалы, гриптин инкубация доору бир же эки күн болсо, гепатит вирусунуку алты айга созулат. Сил кеселдигинин микробу болсо, денеде бир нече жылдарга аракетсиз жашырынып жатат.

Лекин ал мына ушу доордон кийин тездик менен денеде күчөп кетет. Эми ойлоп көрүңүз, бу нерсени Мухаммад Aга ким үйрөттү? Ал кишиге бул акыйкаттарды ким жеткирди? Негизи, ал киши окуу жана жазууну билбеген аамий болгон болсо. Ооба, ал бардык илм жана маърифаттарды артта калтырган илахий вахий эле. То, ушу дин бардык заман жана макандардагы инсандарга күбө болсун жана ал себептүү бүткүл дүйнөгө хужжат коим болсун о.э. өлгөндөр да далил менен өлсүн, тирүү калгандар да далил менен жашасын.

﴿أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ

«(Акыры) жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана (ар нерседен) хабардар»

Булак: Ал-Ваьй журналынын №402-404 санынан алынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here