Чечме чегара чырына сереп

321
0

Чечме чегара чырына сереп

31-майда Өзбекстанга караштуу Сох анклавына чектеш Чечме айылында чегара чыр-чатагы орун алды. Ага чейин Кыргызстан-Тажикстан чек ара аймактарында да чыр-чатактар болуп өткөн эле. Эгер биз мындай жаңжалдарга алардын очогу болгон айылдар деңгээлинде, ал тургай, мамлекеттик деңгээлде сереп сала турган болсок, алардын акыйкатына таптакыр жетише албайбыз. Айрыкча, бүгүнкү империализм өкүм сүрүп турган доордо, алардын акыйкатын аңдап, алардын чыныгы дабаасына жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, келиңиздер, бул окуяларды эл аралык саясатка байлап, саресеп салып көрөлү.

Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга Россия түздөн-түз колонизаторлук кылары жана андан азыр АКШ таасир талашып жатканы эч кимге сыр эмес. Учурда болсо, пандемияга байланыштуу чаралар кабыл алынышы Россиянын аймактагы колонизаторлук дымагына бир топ соккулар урду.

Белгилүү болгондой, Россия мурунку колонияларында таасирин сактап калуу үчүн түзгөн уюмдардын ичинен азыр эң ишеним артканы – ЕАЭБ. Пандемия шартында Кыргызстан ичинде уюмга карата нааразылыктар күчөп кетти. Кыргызстанда мурун Россияга моюн сунууга чакырып келген айрым саясий чөйрө адамдары эми Россияга көз карандылыктан чыгып кетүүгө ачык чакыра башташты. А түгүл, Кыргызстанды ЕАЭБге киргизип берген экс-премьер Темир Сариев “Кризис шартында уюм ишеничти актай албай жатат, Россия мындай жагдайда лидерликти көрсөтө албады” деди. Коалициялык көпчүлүктөгү депутат Абдувахаб Нурбаев (СДПК) ЕАЭБден чыгуу боюнча демилге көтөрүш керек деп чыкты.

Кыргызстанда жаралган мындай маанай үчүн Россия ТИМи Сергей Лавров Батышты айыптады. Ал: «Эгер Кыргызстанда бул багытта бир нерсени өзгөртүш керек деген пикир тарап жатса, демек биздин Батыштагы өнөктөштөр ишке кызуу киришкен. Бул Борбор Азия үчүн атаандаштык деген жараяндын чагылышы», – деди.

Лавровдун сөзүнө каяша катары коалициялык көпчүлүктөгү “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов: «Батыш же башка тараптан болуп жаткан маселе жок. Бул бүгүнкү болуп жаткан реалдуу маселелерден улам чыгып жатат. Мисалы, бүт дүйнөдө мунай арзандап жатса, эмнеге Орусиядан келген бензин бизде арзандабайт? Же газга байланыштуу маселе. Ошондой эле кошуналар менен мамиле. ЕАЭБдин нормалары иштебей жатканы үчүн ушундай маселелер көтөрүлүп жатат», – деди.

Булардан сырткары, 2-июнда Кыргызстандын Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынын статусун өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен үчүнчү ирет алынып салынды. Булардан байкалгандай, Россия таасири Кыргызстанда кыйла артка кетти.

19-майда ЕАЭБ уюмундагы мамлекет башчыларынын онлайн жыйыны болуп өттү. Андагы эң башкы маселе – 2025-жылга чейинки ЕАЭБдин экономикалык өнүктүрүүнүн багыттарын аныктаган «Жол картасын» бекитүү эле. Бирок, ал жалпы жөнүнөн кабыл алынды деп эсептелсе да, негизи, бекитилбеген бойдон калды б.а. максатына жеткен жок. Тескерисинче, жыйын мүчө мамлекеттердин башчыларынын кемчиликтерди жана нааразылыктарды айтуусу менен коштолду.

Эл аралык саясаттагы мына ушул окуялардын фонунда Кыргызстан чегараларында чырлуу окуялар өөрчүп кетти. Алгач, 8-майда Кыргызстан-Тажикстан чегарасында курал колдонулган чыр чыкты. Кийин 24-майда да ок атышуулар катталды. 26-майда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр” экендигин билдирди. Бул “чегара маселелери Россиянын гана колунда” деген дымакты түшүндүрөт эле. Буга каяша кылып, Тажикстандын ТИМи Россияга нота жөнөттү. Ал эми Кыргызстан позициясында “Россия Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы” экени айтылды.

31-майда болсо, Өзбекстандын Сох анклавына караштуу жана Кыргызстандын Баткен областына караштуу чектеш айылдарда чыр чыкты. Бул жаңжалды жайгаруу үчүн эки өлкө расмийлери жолугушту жана төмөнкүдөй билдирүүлөрдү беришти.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов мындай деди: «Өткөн жылы Риштан менен Сохтун ортосундагы жолду ачуу маселесин койгон элек. Жол эки күн иштеп, кийин жабылды, туурабы? Мына азыр сүйлөшкөнүбүздө, Кыргызстан делегациясынын жетекчиси ошондогу болгон окуя үчүн үзүр сурады. Алар ЕАЭБ уюмунда болгону үчүн аны жабууга мажбур болушту. Эми Өзбекстан да бул уюмга байкоочу катары кирип жатат. Күзөтүүчү, байкоочу дегени бардык укуктарга ээ болот. Ошондуктан бүгүн Кыргызстанга биринчи кезекте Риштан-Сох жолун кыска мөөнөттө ачуу жөнүндө талап койдук».

Бул билдирүүдө, негизи, проблема ЕАЭБден келип чыгып жатканы айтылууда. Ал эми, “үзүр сурады”, “талап койдук” деген сөздөрү калкты тынчтандыруучу сөздөрдөн башка нерсе эмес. Кыргызстан вице-премьер-министри Акрам Мадумаров болсо бул тууралуу мындай деди: Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат». Демек, булардан көрүнгөндөй чегара чыры аркылуу Россия тарабынан Өзбекстанга басым болуп жатат. О.э. бул окуя аркылуу Өзбекстанда улуттар аралык маселени көтөрүүгө да аракет бар экени көрүнүп турат. Фергана акиминин ташбараңга алынышы ушуга далалат кылат. Эгер Өзбекстанда өзбек-тажик улуттар аралык чыр чыкса, бул Өзбекстандын ички саясатында чоң проблема болот о.э. анын Тажикстан менен алып барып жаткан саясатына зыян жетет. Бул нерсе Тажикстан үчүн да олуттуу зыяндарды алып келет.

Бул баянда окуялардын деталдарына киришүү максат кылынбаган. Балким, бул тууралуу маалыматтарды өз ара байлоо менен алардын эл аралык саясатка тиешелүү жагын ачыктоо жана бул жаатта мусулман калкыбызга кайрылуу максат кылынган. Ошентсе да, деталдар боюнча чыр чыккан айылдын бир тургунунун сөзүн келтире кетебиз.

Чечме айылынын тургуну Садыкбек Каламов мындай дейт: «Биз Сохтун жашоочулары менен душман болгон эмеспиз, урушуп-талашчу эмеспиз. Карым-катнашыбыз жакшы эле болчу. Бирок алар 2013-жылы кыргыздарды барымтага алып, үйлөрдү талкалашкан. Ошондон кийин эл бир ай талап коюп, бул жер өтмөк болбосун, Кадамжай аркылуу кетсин деп талап кылганбыз. Ошол учурда алар эмне үчүн мындай тополоң кылышканы иликтенип, аягына чыкпай калган. Азыр ачса ачышсын, бирок алар каттай баштаса дагы ушундай чыр чыгарышы мүмкүн. Кечээ күнү биздин айылда чыккан чыр ушуга мисал. Мурдатан бизге караган булакты талашып, чагым салышты. Суунун башы биздики экенин таанышсын, анан аягынан сууну иче беришсин. Анткени ал жер такталбаган жер эмес, кыргыздын жери. Ал эми жолду ача турган болушса биз ага каршы эмеспиз. Чек араны тактап, бардыгын бекитип, анан ачышсын. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Биз улутчул эмеспиз, илгертен келаткан мамилебиз кала бериш керек, бирок баарын чек араны чечип коюп, анан кылыш керек».

Сохтун тургундары да чегара такталышын, талашка түшкөн булак аларга алып берилишин талап кылып чыгышууда. Ушул орунда суроо туулат: эки тараптын тең чегараны тактоону талап кылып чыгуулары кимге зарыл болуп калды?

Негизи, Кыргызстан коопсуздук кызматы СССРден калган кадрлар тарабынан башкарылат жана алар Россия ФСБсына моюн сунат. Жаңы кадрлар да Россияда даярдалат. Өзбекстанда болсо Россияга кызмат кылган кадрлар алсыратылганы менен, бирок, баары бир ФСБ анда терең тамыр сайган, алар азыр да көп нерсеге жөндөмдүү. Кыргызстанда ФСБ ал тургай презденттерди оодарып салат. Мисалы, Бакиевди кууп, Атамбаевди каматып салгандай. Бирок, мындай окуялар биздин көзүбүзгө табийгый болгондой көрүнөт, парда артында болсо колонизатордун коопсуздук кызматтары турат жана алар “бир ок менен көп коён атышат”.

Ушулардан улам, Россия өзүнүн региондогу солгундап бараткан таасирин кайрадан ушундай эски ыкмалары аркылуу тикелеп алууга аракет кылып жатат деп айтуу мүмкүн.

Урматтуу мусулмандар, биздин Кураныбыз бир, Пайгамбарыбыз бир, кыблабыз бир. Базарыбыз да, мазарыбыз да бир… Биз улуту же мекенине карабастан, мархумдун жаназасына чогуу турабыз, аны кабырга чогуу коёбуз. “Баарыбыздын барар жайыбыз ушул жер” деп, “Албетте Аллахтанбыз, албетте Ага кайтуучубуз” аятын окуйбуз… же мындай эмеспи…

Урматтуу мусулмандар, ошондуктан, колонизатор кафирлер сызып койгон карталар үчүн кырды-бычак болбоңуздар. Аларды ээрчий берсек, талашкан жерлерибиз гектарлап өзүбүздүн кабырларыбызга, талашкан сууларыбыз майиттерибиздин гусул суусуна айланып калышынан этият бололу. Өлтүргөн да, өлтүрүлгөн да тозокто болуп калышынан корколу. Байкаңыздар, биз чагымга алдырып, бир карыш жер, бир чака суу талашып жаткан учурдун дал өзүндө, Россия аскерий базалары канча жерлерибизди ээлеп жатат, Кытай канча кендерибизди алып койду?.. Ошондуктан, урматтуу биртуугандар, алардын айла-амалдарынын курмандыгы болуп жүрө бербестен, мындай фитналарга каршы Исламий позициядан туруп күрөшүүбүз керек. Учурдагы окуяларга карата аларга тиешелүү шаръий өкүмдөргө амал кылалы. Ал эми мындай көйгөйлөрдөн биротоло кутулуу үчүн болсо, Халифалыкты тикелөөгө биргеликте аракет кылалы. Ал Халифалык – Пайгамбар а.с.дын убагында Аус жана Хазраж урууларынын дилдерин бириктиргендей – биздин дилдерибизди да Ислам менен бириктирет жана кафирлер үстүнөн үстөм кылат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here