Сохтогу жаңжалда жарадар болгон жигиттин абалы оор

260
0

Сохтогу жаңжалда жарадар болгон жигиттин абалы оор

31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон 19-жаштагы сохтук жигиттин абалы оор бойдон. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Кабарда келишинче, ок жеген жигит азыркыга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын атасы билдирген. Аты ачыктоону калабаган атанын айтымында, ушул кезге чейин ИИМ же прокуратура кызматкерлери уулунун жарадар болгону боюнча ага кайрылган эмес.

Сох райондук ички иштер бөлүмү жана Фергана облусттук ички иштер бөлүмүнөн чек арадагы жаңжалда ок атуучу куралдан жарадар болгондор боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат  берилбеген.

Кыргызстандын Баткен облусттук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Дамира Юсупова болсо, “31-майдагы жаңжалда кыргызстандыктар бир да курал колдонушкан эмес” деген билдирүү берди.

Комментарий:  Кээ бир расмий эмес кабарларда келишинче, Өзбекстандын Сох районунда он чакты адам ок атуучу куралдан жарадар болгон. Кыргызстан тараптан өзбектер тарапка, ал тургай аңчылык куралынан да ок атылган эмес. Аларды ким жарадар кылган болушу мүмкүн?

Эсиңиздерде болсо 2010-жылы Ош окуясы учурунда чет өлкөлүк снайперлер кармалган эле. Алар Россиянын жараны экендиги тууралуу маалымат тарап, көп өтпөстөн баш прокурордун өзү да аларды таба албай мамлекеттик деңгээлде ишти жаап жиберишкен. Снайперлердин негизги милдети, эки тарап өкүлдөрүнө ок атуу менен солгундап калган согушту күчөтүү болгон! Алар ушундай максатты жүзөгө чыгаруу үчүн эки тараптан жүздөгөн адамдарды атып өлтүрүшкөн.

Өзбекстан учурдагы эл аралык саясий интеграциялык жараянда Батыш жана Россиянын басымы астында калды. Алишер Усманов ортомчулугунда ишке ашырылып жаткан Россиянын басымы, миллиондогон доллардык гуманитардык жардам эле эмес, балким улуттар аралык жаңжал сыяктуу ыпылас ыкмалар аркылуу болушу да мүмкүн. Антпесе, Сохтогу ок атуучу (тапанча) куралдан жарадар болгон адамдар жөнүндө эмне деп айтууга болот.

Өзбекстандын Сох району Кыргызстан ичиндеги анклав болушу менен бир катарда ал жердеги тургундардын басымдуу бөлүгү тажик улутундагылар. Кырдаалды курчутуу үчүн кыргыз, өзбек жана тажик улуттары ортосундагы жаңжалга себеп болушу мүмкүн болгон өтө назик стратегиялык аймак тандалып алынган.

 Тажик улутундагы өзбекстандык жарандарга Кыргызстан жарандары ок атпаган болсо, демек аларга өзбек аскерлери же жашыруун кызматтын өкүлдөрү ок чыгарган болот. Андай болбосо, алар ким ок чыгарганын таап жарыя кылышы керек! Антпесе, ал жерде ок атуучу курал, өзгөчө тапанча атайын кызматтын кызматкерлеринде гана болгон. Эки тараптын тең карапайым калкында эч кандай курал болгон эмес! Демек, бул иш атайылап өкмөттүн өкүлдөрү тарабынан же эл аралык жашыруун күчтөр тарабынан ишке ашырылган күндө деле, мамлекет аны жаап жиберет. Же бир бечараны террорист кылып, ишти ошого жүктөп жиберишет. Эмнеси болгондо да, улуттар аралык жаңжалды согуштук абалга жеткирүү максаттары толук ишке ашпады! Аныгыраагы, бул жолу ишке ашпады! Сак бололу, улутчулдук куфр кызыкчылыгы астында дагы кайрадан коркунуч жарата баштады!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here