ШАРЪИЙ ӨКҮМ

421
0

 بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ШАРЪИЙ ӨКҮМ

Мусулман адам ар кандай ишин шаръий өкүм негизинде аткарышы важиб. Аллах Таала айтат:

إنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ

– «Өкүм Аллахка гана таандык».       [12:40]

дагы айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт».  [4:65]

Шаръий өкүм: пенделердин иштерине тиешелүү болгон Шореънин (шарият ээси – Аллахтын) хытабы. Ооба, Рохману-Рахим Зат Куран жана хадистер аркылуу пенделение “менин көрсөтмөлөрүм негизинде жашагыла” деп хытаб кылган. Кимде-ким бул хытабга кулак салбаса ал үчүн бактысыз жашоо болот, Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». [20:124]

 Момун адам ар бир ишке ошол иш жөнүндөгү шаръий өкүмдү билгенден кийин гана киришет. Эгерде бирер иштин өкүмү макрух (кайтарылган, бирок катъий эмес) же арам (катъий кайтарылган) болсо, эч бир экиленбестен бул иштен баш тартат. Аллахтын ар нерсени Биүүчү, Угуучу, Көрүп туруучу сыяктуу сыпаттарын эстегендиги себептүү ар кандай абалда мындай иштерге жакындабайт.

Эгерде ал иштин өкүмү фарз-важиб же сүннөт болсо, ал ошол ишти өз убагында же бирер боордошу эстеткен убакта аткарууга шашылат. Эч нерсе пайда бербей турган Кыямат күнүн эстеген абалда бул сыяктуу иштерди кылууда эч качан суздук кылбайт, бул иштер пенденин талабы эмес, Аллах Тааланын буйругу экендигин эстен чыгарбайт. Мубах иштерди болсо өзү каалагандай кыла берет, себеби, мубах иштерде Аллах Таала пенделерине ыктыяр берген.

Мужтахид шаръий өкүмдөрдү Куран жана хадистерден ижтихад жолу менен билип алат. “Ижтихад” – бул адамдын жашоосунда жолуга турган ар кандай иш жөнүндөгү Аллах Тааланын өкүмүн Куран жана хадистерден билип алуу үчүн болгон күчүн жумшоо. Демек, ижтихад кылуу үчүн ушул ишке тиешелүү араб тили, усули фикх же хадис илими сыяктууларды билүү важиб. Мындай илимдерге ээ болбогон момундар шаръий өкүмдөрдү кантип билип алышат, башкача айтканда шаръий өкүмдөрдү кандай алышат?

Аамий адам таклид кылуучу болот. Таклиддин лугавий жана шаръий аныктамасы – бир иште башка бирөөгө ээрчүү. Демек, таклиддин мааниси башка бирөөгө ээрчүү. Ушуга ылайык, шаръий өкүмдөрдү билүүдө адамдар эки түргө бөлүнүшөт. Би­ринчиси мужтахид, экинчиси мукаллид. Үчүнчүсү жок. Себеби, адам же өзү иштеп чыккан нерсени алат же башка бирөө тапкан нерсеге ээр­чийт. Башкача болушу мүмкүн эмес. Демек, мужтахид болбогон киши мукаллид болуп эсептелет. Таклиддин мааниси өкүмдү башкадан алуу болуп, алуучу мужтахидби же мужтахид эмеспи, мунун мааниси жок. Мужтахиддин да бир маселеде башка мужтахидге таклид кылуусу жайиз жана ал ушул маселеде мукаллид болуп эсептелет, ошондуктан бир өкүмдө мукаллид да, мужтахид да болушу мүмкүн. Бир эле адам кээде мукаллид, кээде болсо мужтахид болот.

Аамий адам шаръий мыйзамчылыкта этибарга алынуучу кээ бир илимдерге ээ болбогон киши. Ал араб тилин дээрлик билбейт, Китеп жана сүннөттөгү далилдерди түшүнбөйт. Аллах Субханахуга устазынан үйрөнгөнү боюнча ибадат кылат…

Эми, илим алуучу адам Абу Ханифа мазхабы боюнча намаз окуса, билим берүүчүнү башкалардан аалымыраак жана таквасы күчтүүрөөк адам деп билсе … о.э. ошол адамдын шаръий өкүмдөр, мазхабдар боюнча өтүп жаткан сабактарына каттап жүрсө … натыйжада бул киши анын ишениминен орун алып, андан көңүлү канааттанса, мындай абалда ушул аамий адам намазында өзүнүн мазхабынан башка мазхабга – ишеним жана көңүл тынчтыгын тапканы үчүн – көчүшү мүмкүн.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, бир маселедеги таклид – ушул маселе, анын шарттары жана рукндары жаатында бир гана мужтахидге болушу керек. Мисалы, намазда – анын шарттары жана рукндары бир мужтахидден алынышы керек. Башкача айтканда, анын даарат, кыям жана рукулары бир мужтахидден алынат… Намаз Абу Ханифадан, даарат болсо Шофеъден алынбайт. Маселенин бардыгы бир мужтахидден алынат. Ал эми намаз, орозо жана ажылык сыяктуу ар түрдүү маселелер болсо, булардын бардыгын бир мужтахидден алуу жайиз, же болбосо орозону бир мужтахидден, намазды башка бир мужтахидден алуу да жайиз ж.б.у.с…

Башкача айтканда, аамий адам бир раъйдан экинчи раъйга таржих менен көчөт. Аамийдин таржихи ушул, ал таква жана адилеттүү экендигине ишене турган, илими жана түшүнүгүнө көңүлү канааттанган, аны көчө турган мазхабына алып бара турган кишини таанышы-учурашуусу. Эгерде дили кадыржам болсо, башка мазхабга көчүшү жайиз.

Аамий кишилердин шаръий өкүмдө башкаларды ээрчиши т.а сурап билүүсү жайиз болгону сыяктуу эле, үйрөнгөн шаръий өкүмдөрүн башкаларга жеткирүүсү да жайиз. Албетте, бул орунда үйрөтүүчү адам үйрөтүп жаткан өкүмдү жакшы билиши, аны амал кылуу үчүн шаръий өкүм катары алган болушу шарт. Башкача айтканда, анын шаръий өкүм экендиги анык болсун. А бирок, бул өкүмдүн далили туура экендигине же аны үйрөткөн адамдын динине бекем ишенбесе, аны башкаларга үйрөтүшү жайиз эмес. Айтса да, бул өкүм жөнүндөгү пикирлерин чынчылдык менен баян кылышы керек. Кыскасы, ар бир киши өзү билген өкүмдү башкаларга билдириши жайиз. Себеби, бир маселени жакшы билишине жана бул маселеде ал айтып жаткан сөз чындыгында туура экендигине ишенсе, бул киши ушул маселеде аалым болуп эсептелет. Расулуллах (с.а.в) илимди жашыруудан кайтарып: «Кимде-ким илимди жашырса, Аллах Кыяматта анын оозун от менен жүгөндөп коёт», – деген. Бул хадис умумий болуп, бир маселени билүүнү да, көп маселени билүүнү да өз ичине алат.

Бирок, илим үйрөнүп жаткан адам үйрөтүүчү кишини ээрчиген болуп эсептелбейт. Ал үйрөнүп жаткан шаръий өкүмдү истинбат кылган мужтахидге таклид кылган болуп эсептелет. Ал өкүмдү гана үйрөнөт. Себеби, таклид мужтахидге болот. Мукаллиддер, канчалык жогорку деңгээлде билимдүү болушпасын, аларга аалым катары таклид кылуу жайиз эмес, өкүмдөрдү үйрөнүү жайиз, башкача айтканда бул өкүм баланча мужтахиддин өкүмү деп үйрөтсө, аны алуу жайиз. Аларга таклид кылуу болсо таптакыр мүмкүн эмес.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here