Канттагы авиабазадагы учуп конуу майданы Орусиянын менчигине өтүшү мүмкүн

251
0

Канттагы авиабазадагы учуп конуу майданы Орусиянын менчигине өтүшү мүмкүн

Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына талкууга чыгарылат. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, 4-июнда жалпы жыйында карала турган Мыйзам долбоорунда “Кант” аэродромунун учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштыруу жана айрым конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы айтылган.

“Жасалма төшөлмөнү Орусия тарап өз эсебинен реконструкциялай турган болсо менчик укугу Орусия тарапка өтөт. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ажырагыс жакшыртууга менчик укугу өткөрүлүп берилбесе акча да бөлүнбөйт. Ошондуктан Кыргызстандын Башкы штабы Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин ал объектилерди кыргыз тарапка кайтарып берүү жагын иштеп чыкты. Мындан тышкары, учуп-конуу тилкесинин объектилери чогуу пайдаланылуучу объектилердин тизмесине киргизилүүдө” деп жазылган негиздемеде. Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. 2012-жылы Орусия менен базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген. Натыйжада бирдиктүү орус базасынын аянты 58,3 гектарга чоңойгон.

Кыргызстан Орусия негиздеген аскердик жактан “Жамааттык кызматташтык боюнча келишим уюмуна”, экономикалык жактан “Евразия экономикалык биримдигине”, саясий тараптан “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги” уюмуна мүчө. Демек, Кыргызстан дээрлик Орусиянын таасири астында иш алып барат. Буга кошумча, учурдагы бийлик толугу менен Орусиянын жетегинде саясат жүргүзүүдө. Буга өлкөнүн экономикалык жактан абдан алсыз абалда күн кечирүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда.
Мына ушул жагдайды, тагыраагы, “гастарбайтер” маселесин Орусия Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Мындан тышкары, Кремль Борбор Азияга таасирин өткөрүүдө же талаптарын орундатууда чек ара маселесинен да өнүмдүү пайдаланып келет.

Ал эми Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Ошондо гана күнкордук саясатынан башканы билбеген жетекчилерден жана аларга каалаган талабын аткартып жаткан колонизаторлордон кутула алабыз. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here