Лукашенко Россия ЖМКлар аркылуу Белоруска проблема жаратып жатканын билдирди

303
0

Лукашенко Россия ЖМКлар аркылуу Белоруска проблема жаратып жатканын билдирди

Белорустун президенти Александр Лукашенко мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Валерий Вакульчик менен жолугушуу учурунда өлкөдө бир нече пандемия бар экендигин айтты. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлаган.

“Пандемиялардын бири саламаттыкты сактоо тармагында. Аны акырындык менен жеңип жатабыз”, – деди Лукашенко.

Анын айтымында, шайлоолор себептүү саясий пандемия, дүйнөдөгү кризис себептүү экономикалык пандемия жүз берген.

 “Дагы маалыматтык пандемияны айткан жокмун. Учурда интернет таштандысына ар нерсени таштап жатышат жана чет өлкөдөн, айрыкча боордошторубуз да ЖМКларда проблемаларды пайда кылышууда. А бирок, биз булардын баарын көрүп турабыз”, – деди Белорустун президенти.

 Комментарий: Белорустун президенти Александр Лукашенко 9-апрелде Европа Союзу менен визаларды жеңилдетүү боюнча келишимге кол койду. Ошол эле учурда Европа Союзу менен тараптардын аймагында уруксатсыз калган адамдардын реадмиссиясы (өз жарандарын кайра кабыл алуу) жөнүндөгү келишим да ратификацияланды. 

 Мындан тышкары, Лукашенко Россиядан газдын баасын үч эсеге арзандатууну талап кылды. 15- майдан баштап АКШ Белоруска  нефть жеткирип бере баштады.

Белорус президентинин Россия кызыкчылыктарына тескери келген келишимдерге кол коюшу орустун ачуусуна тийиши табигый көрүнүш. Ошол себептен да орус өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Белоруска каршы маалыматтык согуш башташты. ЖМК бул күрөштө Лукашенконун дүйнөлүк дүрбөлөңгө айланган коронавирус пандемиясын тан албагандыгын жана өлкөдө карантин чараларын киргизбегенин пайдаланышты. Ошентип, бүтүндөй этибарын өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалды көбүртүп көрсөтүүгө каратышты. Россия ЖМКларынын маалыматтык чабуулунун алдын алуу максатында Белорустун тышкы иштер министрлиги Россиянын 1-каналынын аккредитациясын жокко чыгарды. 

Белорус Европа менен виза, Америка менен нефть келишимдерин түзүү менен Батыштын “ыраазылыгына” жетишип жатканы менен, жүз үйрүп баштаганы үчүн Россиянын каарына калууда. Россия азырынча маалыматтык чабуул менен чектелүүдө. Эгерде бул кадам натыйжа бербесе, анда Россия Украина сценарийин кайталоого чейин барышы мүмкүн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here