Ички авиакаттамдар 5-июндан баштап ишке кирет

365
0

Ички авиакаттамдар 5-июндан баштап ишке кирет

Кыргызстанда ички авиакаттамдар буга чейин айтылгандай 8-июнь эмес, 5-июндан тарта иштешине уруксат берилди. О.э. жума күндөн баштап аймактар аралык коомдук транспорт да каттап баштайт.

 Комментарий: Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген карантиндик  чектөөлөр 25-майда жеңилдетилди. Анда, вируска каршы санитардык нормаларды сактаган абалда коомдук транспорттун ишине уруксат берилди, кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер, ресторандар о.э. театр, музей, көргөзмөлөр, бассейндер, спорт залдар жана китепканалар ачылды.

 Балдарга билим берүү ассоциациясы 25-майда өкмөткө кайрылуу жолдоп, жеке менчик бала бакчалардын ишине уруксат берүүнү талап кылды. Кайрылууда көпчүлүк жеке менчик бала бакчалар эч нерсеге карабастан, 1-июндан баштап ачылары жана эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууга даяр экендиги белгиленген. Ассоциациянын ушул кайрылуусунан кийин, вице-премьер Кубатбек Боронов бала бакчаларга 5-июндан уруксат берилерин билдирди. Мындан тышкары, республикалык ыкчам штабдын 3-июндагы жыйынында Боронов 25-июндан баштап балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер иштей баштарын кабарлады. А бирок, бул жолу да мечиттерди ачуу маселеси күн тартибинен четте калды.

 Бардык нерсени материалдык пайда үстүнө курган капиталисттик түзүмдө адамдардын рухий муктаждыгы бир четке сүрүп коюлган. Ошол себептен да расмий өкмөт бюджетке киреше алып келүүчү тармактарга баскычма-баскыч уруксат берип жатат. Мечиттер болсо эч кандай материалдык пайда алып келбейт. Мындан тышкары, мусулмандар мечиттерди ачуу маселесин көтөрүп өкмөттөн талап кылбай жатканы, пандемия шылтоосунда Ислам жана анын баалуулуктарына каршы күрөшүп жаткан колонизаторлор менен алардын малайларына аябай пайдалуу болууда. Эгерде биз мусулмандар өкмөттөн мечиттерди ачып беришин, ал эми мусулмандар үстүнөн жоопкербиз деп дааба кылып жаткан муфтий жана муфтияттан ушул маселени көтөрүп чыгышын талап кылбасак, расмий өкмөт ар түрдүү шылтоону айтып, мечиттердин ачылышын мүмкүн болушунча кийинкиге калтыра берет. Мечиттерди ачууну талап кылалы!

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here