Коронавирустан айыккан дарыгерлер ишке кайтып келишти

307
0

Коронавирустан айыккан дарыгерлер ишке кайтып келишти

 Кыргызстанда коронавирустан айыккан дарыгерлер жумушка кайтып келишти. Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаевдин билдиришинче, 21-апрелге карата COVID-19ду жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин 13ү айыгып ооруканадан чыгарылды.

  Нурболот Өсөнбаев: “Алардын алтоосу дарыгер, бешөө өорөөтөо медициналык кызматкер, ал эми экөө кичүү медициналык кызматкер. Айыккан дарыгерлер жумушка катйып келишти”, – деди.

COVID-19 вирусун жалпысынан 147 медицина кызматкери жуктуруп алганы айтылууда.

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 590го жетти.

Комментарий: Кыргызстан бийлиги коронавирус менен күрөштүн алкагында эл аралык каржылык уюмдардан кайра-кайра карыз алып жатат. Ал акчалардын белгилүү бир бөлүгү медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттар менен камсыздоого жумшалып жатканы кабарланууда. Мисалы, Дүйнөлүк банктан алынган карыздын 9 миллион доллары коронавирус менен күрөшүү үчүн бөлүнгөнү кабарланды. А бирок, коронавурис менен күрөштө алдыңкы катарда турган медицина кызматкерлери атайын коргоочу кийим жана каражаттар менен толук камсыздалбаганы себептүү расмий катталган оорулуулардын дээрлик төрттөн бири медицина кызматкерлери болуп калды. Бул оору медицина кызматкерлеринин өздөрүнө эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнө да жукканы айтылууда.  

  Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадемин Каратаев 21-апрелдеги брифингде медицина кызматкерлери атайын коргоочу каражаттар менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалбаганын моюнга алды.

  Каратаевдин  айтымында, башында карантин аймагына коргонуучу кийимдерсиз кирип иштеген медицина кызматкерлери көбүрөөк жуктуруп алышкан. Бирок, азыр Ош облусу, Ош шаары жана бардык аймактардагы ооруканаларда медицина кызматкерлери тийиштүү коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалган.

  Анын бул сөздөрү канчалык чындык экендиги жакынкы күндөрдө белгилүү болот. Эгерде ошондон кийин да медицина кызматкерлери арасынан ооруну жаңы жуктургандар каттала турган болсо, алынып жаткан карыздар өз ордуна жумшалбай жатканы анык болот.

 Абдурахман Адилов

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here