Американын коронавируска каршы күрөштөгү аянычтуу ийгиликсиздиги – капиталисттик түзүмдүн ийгиликсиздиги

441
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Американын коронавируска каршы күрөштөгү аянычтуу ийгиликсиздиги капиталисттик түзүмдүн ийгиликсиздиги

 Устаз Ахмад Хутваний

Американын коронавируска каршы күрөштөгү аянычтуу ийгиликсиздиги капитализм, анын түзүмү жана чечимдери чынында эле ийгиликсиз экенине далалат кылууда. Бул мамлекет үлкөн материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болсо да, бирок ооруга каршы күрөштө кудуретсиз экендиги көрүнүп турат. Америка вируска каршы күрөштө үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин бирине окшоп калды. Ошондуктан суроо туулат: бул ийгиликсиздиктин себеби эмнеде?

Бул суроого жооп берүүдөн мурун АКШнын саламаттыкты сактоо секторундагы мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгабыз. «Ал-Жазира» АКШ боюнча эксперт Махмуд Миншавийдин сөздөрүнө таянып ушул макаланы жарыялады:

«Америка дүйнөдө эң жакшы ооруканаларга ээ. Аларда дүйнөнүн ар тарабынан келген бай адамдар дарыланышат. Бул мамлекет алдыңкы медициналык технологияларга ээ болуп, медициналык илимий изилдөөлөрдү өткөрүүдө алдыда. Медицина жаатында Нобель сыйлыгын алууда да атаандашсыз Америка турат. АКШ саламаттыкты сактоо секторуна 3.6 триллион доллар сарптайт. Бул үлкөн каражат АКШнын ички дүң продукциясынын 17 пайызын түзөт жана армияга сарпталган каражаттан беш эсе көп.

Бул үлкөн каражат ушуларга сарпталат:

2.1 триллион доллар – медициналык камсыздандырууларга;

540 миллиард доллар – дары-дармектерге;

800 миллиард доллар – ооруканаларга, дарыгерлерге жана жардамчыларына;

160 миллиард доллар – медициналык жабдууларга.

Бул сумманын 1.8 триллион долларын федералдык өкмөт менен штаттардын өкмөттөрү төлөйт, 1 триллион долларын жарандар төлөйт, калган бөлүгүн, т.а. дээрлик бир триллионун башка тараптар төлөйт.

Америкада медициналык камсыздандыруунун төлөмү 1984-жылдан бери 74%га жогорулады. Ал эми, жумуш акы болгону 24% көтөрүлдү. Белгилүү болгондой, медициналык камсыздандыруу америкалыктардын болгону элүү пайызга жакынын гана камтыйт».

Бул макаладан абдан маанилүү бир чындыкты көрүүгө болот. Т.а. Американын коронавируска каршы күрөштөгү ийгиликсиздиги байлык жана мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгына байланыштуу эмес. Ийгиликсиздик негизинен каражаттарды бөлүштүрүүгө, кала берсе, капиталисттик система негизинде инсандардын иштерин башкаруунун бузгунчулугуна байланыштуу.

Америка саламаттыкты сактоо секторуна бөлүнгөн бюджеттин 53%дан ашыгын камсыздандыруу компанияларына сарптайт. Т.а. бул бюджеттин негизги бөлүгүн камсыздандыруу компаниялары алат. Ал эми, дары-дармек компаниялардын үлүшү бюджеттин 15 пайызын түзөт. Демек, бюджеттин 75%дан ашыгын пайда көрүүдөн башка максаты болбогон компаниялар алат. Бул компаниялар финансылык базарларда ушул каражаттар менен чайкоочулук кылуу аркылуу адамдардын саламаттыгы менен ойношот. Фармацевтика өнөр жайынын интеллектуалдык мүлкүн монополия кылуу дарылардын баасы жогорулап кетишине жана дабалануу каражаттары көбөйүшүнө себеп болууда.

Камсыздандыруу жана дары-дармек компаниялары бул каражаттарды бийликтен жана адамдардан алат, бирок керектүү медициналык кызматты көрсөтүшпөйт. Анткени алардын негизги максаты – камсыздандырылган адамдарга минималдуу медициналык кызматты көрсөтүп, байлык арттыруу. Бул компаниялар үлкөн каражаттарга ээ болушкан соң, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушул акчалар аркылуу биржаларда ойноп, каражаттарын дагы да көбөйтүшөт. Ошондуктан, ооруканалар жогорку технологияларга кирбеген жасалма респиратор, маска, коргонуу кийими жана колкап сыяктуу жөнөкөй медициналык каражаттарга да муктаж болуп жатканы таң калычтуу эмес. Бул болсо, медициналык кызмат көрсөтүү минималдуу абалда экенин, буга себеп, камсыздандыруу жана дары-дармек компанияларынын бирден бир максаты – инсандардын саламаттыгы эмес, өз кызыкчылыктары жана пайдалары экенин көрсөтүүдө.

Капиталисттик түзүмдөгү бул проблема каражаттын жетишпестигинен же адистердин аздыгынан келип чыккан жок. Проблема мамлекет жарандар алдында өз жоопкерчилигинен баш тартуу натыйжасында келип чыккан. АКШ мамлекети турмуштун маанилүү маселеси болгон саламаттыкты сактоону жеке менчик секторго өткөрүп берген… Т.а. жогорудагы үлкөн каражатты камсыздандыруу жана дары-дармек компанияларынын колуна тапшырган. Ошентип, АКШ менчиктештирүү деген нерсенин алкагында өзүнүн жоопкерчилигин жеке менчик компанияларга өткөрүп берген. Мамлекет бир ууч байлар ээлик кылган бул компаниялардын укугун коргоо үчүн жада калса мыйзамдарды иштеп чыгат. Бул болсо, ушул үлкөн каражаттардын чоң бөлүгү – алынган үлкөн каражаттарга жараша кызматтар көрсөтүлбөсө да – ошолордун капчыгына түшүүсүн жеңилдетет.

Демек, бузгунчулукка да, балээге да, баарына ушул менчиктештирүү себепкер. Анткени менчиктештирүүдөн улам элдин жана мамлекеттин акчалары жеке менчик секторго берилди. Эл иштеп, эзилет, бирок керектүү кызматка ээ болбойт. Ошондуктан саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражат канчалык көп болбосун, ал каражат ушул жеке менчик сектордун колуна түшөт. Демек, бул маселедеги эң негизги бузгунчулук саламаттыкты сактоо секторунун менчиктештирилүүсүнө барып такалууда. Менчиктештирүү бул каражаттар таланышына жана андан даанышмандык пайдаланбоого алып келди.

Бул проблеманы түптөн чечүүнүн жолу жөнөкөй – бул турмуштук маанилүү секторду мамлекеттин жоопкерчилигине кайтарып, менчиктештирүү деген нерсени бүтүндөй бекер кылуу керек. Бул болсо,  капиталисттик түзүмдү жана анын мыйзамдарын бекер кылууну түшүндүрөт. Албетте, муну байлыкты соргондор т.а. капиталисттер эч качан каалашпайт. Ошондуктан козголоңдор капитализм системасын кулатууга, анын адамдарды эзген зулумун жоюуга багытталышы керек.

Бу жырткыч капитализмге каршы альтернатива бар, ал – Ислам. Ислам системасы менчиктештирүүнү жок кылат жана бардык иштердин башкаруусун халифага чектейт. Анткени имам-халифа – жетекчи, ал өзүнүн кол астындагыларга жоопкер. Расулуллах ﷺ бардык мусулмандарга кызмат кылуусу үчүн дарыгер дайындаган. Убай ибн Каъб ооруп калганда ага дарыгер жөнөткөн, дарыгер анын тамырын кесип кан алып, кийин кесилген жайды күйдүрүү менен дабалаган. Зайд ибн Аслам атасынан риваят кылат. Атасы айтты: «Мен Умар ибн Хаттаб розияллоху анхунун Халифалыгы доорунда ооруп калдым. Ошондо халифа мага дарыгер жөнөтүп, ал мени дарылады».

Ошентип, Исламда саламаттыкты сактоо менен мамлекет түздөн-түз шугулданат. Ал менчиктештирүү деген пайданы көздөгөн сектордун болушуна таптакыр жол бербейт. Ислам мамлекетинде таалим түзүмү сыяктуу, дабалануу да бекер болот. Саламаттыкты сактоо түзүмүндө менчиктештирүүгө орун жок. О.э. капиталисттик мамлекеттер сыяктуу адамдардын мамлекеттин атынан бул түзүмдү башкарышына да жол берилбейт. Ошентип саламаттыкты сактоо түзүмү эң ийгиликтүү, эң жакшы кызмат көрсөткөн түзүм болот.

Биз Ислам менен түрдүү проблемаларга, саламаттыкты сактоо проблемаларына натыйжалуу жана даанышмандык менен жандашуубуз керек. О.э. адамзатты капиталисттердин ач көздүгүнөн, эксплуатациясынан жана өкүмдарлыгынан бир гана, бир гана Ислам мамлекети куткарат.

 

Роя гезити, №281, 2020жыл, 8апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here