Россияда коронавирус жуктургандардын саны 50 миңден ашты

302
0

Россияда коронавирус жуктургандардын саны 50 миңден ашты

Россияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 52 миң 763 кишиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Кабарда келишинче, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын эң көбү Москва шаарында (29 миңден ашык).

Оору катталгандан бери Россияда бул оорудан 456 адам өлүп, 3 миң 873 адам айыгып чыккан.


Сереп:  Лукашенко Россия чыгарган COVID-19 инфекциясын аныктоочу тест-системаларынын ооруну аныктоо тактыгы болгону 30% ды түзөрүн айтты.

 “Радио свобода” программасында Россияда көптөгөн тест-системаларда оорулуу деп аныкталып каттоого алынып жаткан адамдар арасында эч кандай оорунун белгилери көрүнбөгөн, кийин да оору тастыкталбаган учурлар өтө көп экендиги айтылды. Роспотребнадзор бул боюнча: “Ооба тест-системалар коронавирус инфекциясы бар деп көрсөткөндөрдүн арасында вируска табигый иммунитети бар адамдар да жолугуп жатат, биз алардын канынан антивирус иштеп чыгууда пайдаланып жатабыз”, – деп комментарий берди.

 Бирок, Россиянын тест-системасы башкаруу режиминин саясий кызыкчылыгына кызмат кылышы мүмкүн. Тест система кырдаалга карай мамлекетте вирустун көлөмүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Ар кандай режим тест-системадан пайдаланып, жарандарды үй камагына алышы, бүтүндөй мамлекетти, же бир бөлүгүн изоляциялык лагерге айландырып алышы мүмкүн. Себеби, тест-система каалаган адамын коомчулук үчүн кооптуу вирус таратуучу элементке айландырып бере алат. Ал адамда оорунун белгилери көрүнбөсө да, ал тургай, таптакыр жок болгон учурда да ушундай кылышы мүмкүн.

Бирок, ал үчүн режим адамдар арасында маалыматтык дүрбөлөң таратууну күчөтө бериши керек болот. 

Россияда тездик менен иштелип чыккан бул тест-система Путиндин режимине саясий нааразлыктардын алдын алууда өтө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындан тыянак чыгарсак, коронавирус дүрбөлөңү Россияда узак мөөнөткө созулары күтүлөт! 

 Ушул күндөрдө Россия Өзбекстанга миңдеген тест-системаларын берди. О.э. КМШ га мүчө башка өлкөлөргө да бермекчи болууда. Путин ал мамлекеттерди бул илдеттен кутулуу жолдорун биргеликте издөөгө чакырды. Маалымат каражаттары анын бул чакырыгын “Путин СССРди кайрадан тикелөөгө аракет кылууда” деген мааниде кеңири таратып жатат.

 Эмнеси болгондо да, Россия да, Путиндин режими да, пандемиядан ички жана тышкы саясатында мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууга аракет кылат!

 

Абдураззак Муъмин.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here