Пандемия учурунда Аллах Таалага жалбарып, дуа кылуубуз, ырайым кылышын, мындай балээден куткарышын сурашыбыз керек, Аллах баш ийишибизге ылайык Зат

346
0

Басма сөз баянаты

Пандемия учурунда Аллах Таалага жалбарып, дуа кылуубуз, ырайым кылышын, мындай балээден куткарышын сурашыбыз керек, Аллах баш ийишибизге ылайык Зат

Бангладеш кырсык жакасында турат. Себеби, коронавирустун жайылышы түрдүү кырсыктарга себеп боло баштады. Өкмөттүн вирустун жайылышына каршы күрөштөгү суздугуна жана экиленишине медицина кызматкерлери ачууланып жатышат, катардагы адамдар муну түшүнүшүүдө. Себеби, вирус 2019-жылы декабрь айында Кытайдын Хубэй вилаятында пайда болгон болсо, өкмөт ага каршы күрөшүү чараларын көрүшү үчүн эки ай убакыт бар эле. Өкмөт убакыттан пайдаланып, этият чараларын көрүүнүн ордуна Мужиб Рахманды эскерүү менен алек болду жана адамдарды вирус коркунучуна дуушар кылды. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо мекемелеринде абал аянычтуу, медицина кызматкерлерине коргоо каражаттары жетишпей жатат. Өкмөт лаборатория, байланыш каражаттарына жана вирусту аныктай турган тесттерге ээ эмес. Мына ушундай оор шартта өкмөт Бангладеште коронавирустун кеңири жайылышынын коркунучун күмөнгө салган саясат алып барууда. О.э. өкмөт вирустан зыян көргөн жана өлгөндөр жөнүндө кабар тараткандарды коркутуп басым өткөрүүдө. Эпидемияга каршы күрөшүүдө өкмөт алсыздык кылып жаткан учурда Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты адамдарга айрым насааттарды жана көрсөтмөлөрдү сунуштайт:

Биринчиден: биз мындай оор убакта коркпошубуз керек о.э. бул вирус Аллах Тааланын сыноосу экенин түшүнүп, сабыр кылып Аллахты көп эстешибиз керек. Расулуллах ﷺ айтат:

«عَجَبًا لِأَمْرِ الْمُؤْمِنِ إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ، وَلَيْسَ ذَاكَ لِأَحَدٍ إِلَّا لِلْمُؤْمِنِ، إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ، وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ»

«Момундун иштери ажайып, анын бардык иши жакшылык. Бул нерсе момунга гана берилген. Эгер, ага кубаныч жетсе, шүгүр кылат жана ал үчүн жакшылык болот. Эгер, ага жамандык жетсе, сабыр кылат жана ал үчүн жакшылык болот». (Муслим риваяты).

Ушул вирустун жайылышы биз жана Батыш үчүн – Аллахтан болгон эскертүү. О.э. ал финансылык байлыгыбызга о.э. техникалык жана медициналык өнүгүүбүзгө карабастан, Аллах Таала алдында алсыз экенибизди эске салып жатат. Биз ушул убакта дагы да Аллахка жакын болуп, кетирген каталарыбызга кечирим сурашыбыз жана ар дайым Ага дуа кылуубуз керек.

Экинчиден: биз кафир жана мушриктер сыяктуу аракет кылбашыбыз зарыл. Товарларды монополия кылбашыбыз, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жаатында кризисти пайда кылбашыбыз кажет. О.э. өзүмчүл болбой, башка адамдардын абалына кайдыгер карабашыбыз керек, тескерисинче, жоопкерчиликти сезип, бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. Мындан тышкары, мусулман экенибизди унутпашыбыз жана адамдарга үлгү болушубуз шарт.

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً﴾

«Ушул сыяктуу силер башка адамдар үстүндө күбө болушуңар жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир уммат кылдык»                        [2:143]

Үчүнчүдөн: биз Аллах Таалага тобокел кылышыбыз, сабыр кылышыбыз, коркпошубуз керек. О.э. ажал жана ырыскы Аллахтын колунда экенин унутпашыбыз зарыл.

﴿وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ كِتَاباً مُؤَجَّلاً﴾

«Ар бир жан Аллахтын уруксаты менен, жана анык белгиленген мөөнөттө гана өлөт»

                                                                                                                                     [3:145]

﴿وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللَّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُبِينٍ﴾

«Жер бетинде жөрмөлөгөн бардык макулуктун ырыскысы Аллахтын мойнунда. Ал алардын башбаанек жайларын да, бараар жайларын да билет. Бардык нерсе ачык-айкын Китепте бар»                                                                                                                                       [11:6]

﴿قُلْ لَنْ يُصِيبَنَا إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا هُوَ مَوْلَانَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

«Айткын: «Бизге жалгыз Аллах биз үчүн жазып койгон нерсе гана жетет, Ал биздин Эгебиз, демек, момундар Аллахка гана таянышсын»                                                                  [9:51]

Төртүнчүдөн: Бангладештеги айрым региондордо коронавирус менен ооругандар катталган, ал региондорго баруудан сактанышыбыз керек. Себеби, бул улуу шариятыбыз көрсөткөн коргонуу ыкмаларынын бири. Амир ибн Саъд ибн Абу Ваккас риваят кылат, анын атасы (т.а. Саъд ибн Абу Ваккас) Усама ибн Зайддан: «Расулуллах ﷺ өлөт жөнүндө эмне деген?», деп сураган. Усама: Расулуллах ﷺ айткан:

«الطَّاعُونُ رِجْزٌ أُرْسِلَ عَلَى طَائِفَةٍ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَدْخُلُوا عَلَيْهِ وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Өлөт Бани Исраилге же силерден мурунку коомдорго жиберилген оору. Эгер, бирер жайда өлөт тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла. Эгер, силер жашап жаткан жайда тараса, ал жерден качып чыкпагыла».

Соңку сөз:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ﴾

«Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да балээлер жүз берди. (Бул балээлер адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн (жиберилген)»                         [30:41]

Халифалыгыбызды жоготкон күнүбүздөн баштап, адамдар ойлоп тапкан түзүмдөрдүн зулуму астында калып, Аллах Субханаху ва Тааланын рахматынан ажырадык. Инсан ойлоп тапкан бул түзүмдө кысымдарга гана туш болуп калбастан, балээлер арты-артынан жаап жатат. Ошондуктан, болгон күчүбүздү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайра тикелөөгө жумшообуз керек. Мына ошондо Халифалык жер жүзүнө Аллахтын рахматын түшүрөт. Расулуллах ﷺ айтат:

«السُّلْطَانُ ظِلُّ اللَّهِ فِي الْأَرْضِ»

«Султан – Аллахтын жердеги көлөкөсү». (Дарукутний риваяты).

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо мекемелери бардык жарандар үчүн илимий текшерүүлөр жана лабораториялар эшигин ачат. Муну Халифалык мамлекети финансылык пайданы көздөп эмес, шаръий өкүмдөргө баш ийүү үчүн ишке ашырат. Анткени, шаръий өкүмдөр мамлекетти саламаттыкты сактоо тармагында элдин муктаждыгын камсыздоону жана жыргалчылыкты жүзөгө чыгарууну буйруган. Халифалык мамлекетинде коомдун бардык адамдары түрдүү тармактарда илимий лабораторияларды ачуу укугуна ээ болот. Ал тургай, мындай лабораторияларды ачуу мамлекет үчүн важиб. Айрым адамдардын жеке аракеттери коронавирусту аныктоо үчүн тажрыйба өткөрүүгө жана арзан баада колдорду дезинфекциялай турган каражаттар иштеп чыгууга кудуреттүү экенин көрсөттү. Бангладеште жашаган Исламий Умматтын өкүлдөрү арасында таланттуу жана жөндөмдүү кишилер көп. Ошондуктан, Халифалык гана бул сыяктуу тажрыйбаларды өткөрөт деп кол куушуруп отурбастан аракет кылуу керек.

﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنْ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ وَلَكِنْ كَذَّبُوا فَأَخَذْنَاهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾

«Ал айылдардын калкы апаатыбыз түндө, уктап жаткан чактарында келип калышынан кадыржам болуп калыштыбы?»                                                                                     [7:97]

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладештеги

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here