Коронавирус өкмөттүн аракети менен адамдардын аң-сезими ортосунда

247
0

Басма сөз баянаты

Коронавирус өкмөттүн аракети менен адамдардын аң-сезими ортосунда

Коронавирус дүйнөнүн чыгышы-батышына жайылгандай, Ливанда да тарап, адамдардын күнүмдүн жашоосун нугунан чыгарууда. Ливан режими оболу – башка мамлекеттер сыяктуу – адамдарды эч кандай чектөөсүз жана шарттарсыз аралашуусуна жөн койгон болсо, учурда адамдардан «социалдык аралыкты» карманууну талап кылууда. Адамдар оорудан коркушканы үчүн өз ыктыяры менен үйдөн чыкпай жатышат, жума жана жамаат намаздары токтотулган. Ал тургай, Аллахтын байты жана Пайгамбарыбыз ﷺдын мечитинде умра кылуучулар жана намазкөйлөр жок. Бул көрүнүштү эч бир талдоочу жана изилдөөчү оюна да келтирбеген. Аллахтын:

﴿وَخُلِقَ الْإِنسَانُ ضَعِيفاً﴾

«Инсан алсыз болуп жаратылган»                                                                             [4:28]

деген сөзү кандай гана туура.

Дүйнөдө, өзгөчө исламий өлкөлөрдө колонизаторлор жана алардын малайлары адамдарды кыргын кылып жатканы жөнүндөгү кабарлар менен бирге ушул вирус себептүү адамдардын каза болуп жатканы жөнүндөгү кабарлар тарап жатат. Ливан өкмөтүнүн жана министрлердин сөзү чын болсо, ооругандардын саны 248ден ашпаган. Эгер, өкмөт оорунун жайылышын алдын алуу жана бүгүнкү кооптуу даражага жетишин токтотуу үчүн ушул чараларды көргөндө, аны токтотуп калуу мүмкүнчүлүгү бар  эле:

  • Оору жайылган жайлардан, өзгөчө, Кытайдан, Ирандан, Италиядан жана Ирактан келген саякатчыларды токтотуу керек.
  • Эпидемия чыккан күндөн тартып Ливанга кирип жаткандарды карантинге алуу керек.
  • Адамдардын баарына үй карантинин жарыялоо керек.

Дагы ушуну айтабыз, этият чараларын көрүү аркылуу кризисти токтотуп калуу үчүн убакыт бар, ошондуктан, ушул иштер жасалышы керек:

  • Бардык жайларда коронавирусту бекер аныктоону камсыздоо жана эпидемиядан сактануу чараларын борбор калаага гана чектебөө керек. Бул иште Пайгамбарыбыздын көрсөтмөлөрүнөн жакшыраагы жок:

«لاَ تُورِدُوا المُمْرِضَ عَلَى المُصِحِّ»

«Оорулууну соо адамга жакындатпагыла».

  • Көп жылдардан бери акчаларды топтоп, пайдаланып келген банктарга аларды кайтарууну талап кылуу аркылуу адамдардын жашоосу үчүн зарыл болгон муктаждыктарды камсыздоо. Вирус себептүү жумушсуз калгандарга эң кеминде 500 лира акча бөлүү керек.
  • Адамдарга бекер дезинфекция каражаттарын таратуу керек.
  • Соодагерлерди монополиядан кайтаруу жана эпидемиядан пайдалануудан, адамдардын капчыгындагы акчаларын талап-тоноодон токтотуу керек.

Эгер, режим жана өкүмдар саясий элитанын коррупциясы себептүү мамлекет өз вазыйпасын аткарууда суздук кылса, мамлекет өлкөнү да, адамдарды да кыйроого алып барат… Бирок, мамлекет өз ролун аткарбай жаткандыгы адамдар, жамааттар жана коомдогу активисттер өз жоопкерчилигин аткарбоосуна шылтоо болбошу керек. Алар да үйдө жана көчөлөрдө обочолонуу о.э. дезинфекция эрежелерине амал кылышы, бир жерде топтолбошу, зарылдык болбосо көчөгө чыкпашы жана дүйнөдө амал кылынып жаткан көрсөтмөлөргө баш ийиши керек… О.э. коркууга жана жаман натыйжаларга себеп болчу ишеничсиз кабарларды жана жалгандарды таратпоону сурайбыз. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«كَفَى بالمَرْءِ كَذِباً أَنْ يُحَدِّثَ بِكُلِّ مَا سَمِعَ»

«Киши уккан нерсесин сүйлөй бериши жалганчы экенине жетиштүү болот».

О.э. биз Умматыбызды Аллахка таянууга, этият чараларын көрүүгө, Аллах Таалага жакын болууга, Ага гана тобокел кылууга жана истигфар суроого чакырабыз. Мындан тышкары, Аллахтын казасына туш болгондо момунду кадыржам кыла турган исламий акыйданы бекем кармоого чакырабыз. Оору – Аллахтын казасы, Аллах аны менен момундардын ыйманын сынайт. Момундар Аллахтан бул оору менен жазалабашын сурашы керек. Оору – адамдар Аллахтан күнөөлөрдү кечиришин сурашы, жакшылыктарды көп кылышы жана шыпаа берүүчү жалгыз Аллах деген ишеним менен дабаа издеши үчүн чакырык.

﴿وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ﴾

«Орулуу болгон чагымда Ал Өзү мага шыпаа берет»                                                [26:80]

Бардык адамдар ушул балээге туш болушууда. Алар адамдардын иштерине этибар берген мамлекеттин чыныгы камкордугуна муктаж. Алар материалдык пайдага эмес, адамзатка этибар берген мамлекетке муктаж. Бүгүн адамдар ооруга экономикалык проблема деп эмес, динине, мазхабына жана тегине карабастан, инсаний проблема деп караган халифага муктаж. Адамзат Британия коронавируска карата колдоону каалап жаткан «жамааттык иммунитет» теориясына муктаж эмес.

Бүгүн дүйнө, алардын катарында Ливан адамдарды караңгылыктан нурга, диндердин караңгылыгынан Ислам адилетине жана мамлекетине алып чыга турган жаңы бүткүл дүйнөлүк жетекчиликке өтө муктаж болуп турат. Айрыкча, мусулмандар 99 жыл халифасыз жашашкандан кийин ушул жетекчиликти тикелөөнүн убагы эбак келди. Бул Аллахка жеңил.

﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾

«Албетте Аллах (каалаган) ишине жетүүчү»                                                            [65:3]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here