Коронавирус кризиси тууралуу

271
0

Басма сөз баянаты

Коронавирус кризиси тууралуу

Коронавирус эпидемиясынын жайылышы жана анын акыбетинде күтүлүп жаткан кооп-коркунучтар капиталисттик жана либерал түзүмдүн үлкөн чабалдыгын көрсөттү. Себеби, Кытайдын Хубэй вилаятында эпидемия жайылышы артынан эл аралык финансылык базарларда күчтүү силкинүүлөр жүз берди. Германиянын DAX биржасынын индекси апталар ичинде 40%га төмөндөдү, ал тургай, 17-мартта 8.442 пунктуга чейин төмөндөдү. Коронавируска чалдыккандардын көбөйүшү акыбетинде Германиядагы экономикалык жүгүртүү жана коомдук жашоо дээрлик токтоп калды. Германия канцлери 2020-жылы, 18-мартта мындай билдирүү берди: «Германия бириккенден бери, балким, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мамлекетте бул сыяктуу тилектештикти талап кылган коркунуч болгон эмес…».

Федералдык өкмөт оболу бир аз экиленди, кийин бардык окуу жайларды жана негизги камсыздоого өз салымын кошпогон дүкөндөрдү жабууга токтом кылды. О.э. сейилдөө укугу кыскартылды, түрдүү иш-чараларга, массалык жыйындарга жана чогулууларга тыюу салды. Тартипке баш ийбегендер үчүн катуу жаза-чаралар колдонула турган болду. Мерседес, Фольксваген жана BMW сыяктуу компаниялар өндүрүштү токтотууга чечим кылышты. Көптөгөн майда жана орто компаниялар банкрот болуудан коркушууда. Эмгек министрилигинин эсебине ылайык, ушул кризистен улам, социалдык камсыздоого муктаж жумушсуздардын саны дагы 1.2 миллионго көбөйөт. Финансы министри Олаф Шольц 21-март күнү экономикалык кризиске каршы күрөшүү үчүн миллиарддаган өлчөмдө жардам бөлүнүшүн айтты. О.э. өкмөт карызы барларга 156 миллиард евро бөлүнүшүн жана 600 миллиард финансылык коргоо көрсөтүлүшүн айтты. Ал эми, Германия федералдык банкы 23-мартта мындай билдирүү таратты: «Экономикалык кризиске кептелбөөгө арга жок… Мындай абалда болуп көрбөгөн экономикалык силкинүү жүз берет».

Андан тышкары, Германиядагы саламаттыкты сактоо системасы ушул эпидемиянын жайылышы акыбетинде өз жөндөмүн жоготту. Себеби, Германия ооруканалар коомунун төрагасы Жералд Гасс 28 000 интенсивдүү терапия борборлору жабыларын айтты. Ал вилаяттардагы ооруканаларга жооптуу тараптарды ооруканалардагы клиникалык секторду зарыл жабдыктар менен камсыздабай жатат деп айыптады. Германия медициналык илимий текшерүү институтунун билдирүүсүнө ылайык, медициналык борборлордо болжол менен 17 000 медициналык кызматкер жетишпейт. Төрт оорунканын үчөөсү дарыгер издеп жатат. Түндүк Вестфалия вилаятында абал аянычтуу, ал жерде эпидемияга чалдыккандардын саны көп. Түнтүк Вестфалия ооруканалар кеңеши көпчүлүк медициналык борборлордо коргонуу каражаттары он төрт күнгө гана жетет о.э. бардык тараптар жоопкерчиликти бири-бирине шылтоолоп жатат деп арызданышууда. Кеңештин билдирүүсүнө ылайык, проблема Германия саламаттыкты сактоо системасы экономикалык пайда табууга негизделген, ооруканалардын 40%ында жоготуулар катталган. Саламаттыкты сактоо системасындагы мындай кырсыктуу абал дүйнөлүк камсыздоо чабал экенин көрсөтүүдө. Түндүк Вестфалия вилаятындагы саламаттыкты сактоо министри Карл-Йозеф Лауман 8-мартта т.а. абал оорлошунан мурун жогорудагы чындыкты моюнга алган.

Ал тургай, Европа Союзунун т.а. Шенген зонасынын эң борбору болгон регион коронавирус себептүү коркунучка туш болууда. Германия менен бирге он эки Европа мамлекети жүк ташуучу унааларды текшерүүдө. Бул болсо, адамдардын жана товарлардын эркин аракеттенишин токтотуп жатат. Ал тургай, Германия жана Польша чегарасындагы тыгын жети километрге созулду.

Коронавирус капиталисттик экономикалык түзүмдүн чабалдыгын дагы бир ирет дүйнөгө көрсөттү. Дүйнөлүк базарларга ресурстарды туура бөлүштүрүп жатканын айтып жаткан мамлекеттер жыйырма жыл ичинде үч ирет ийгиликсиздикке учурашты… Биринчи ирет 2008-жылдагы финансылык кризисте, экинчи ирет 2010-жылдагы евро кризисинде жана бул жолку кризис. Ошондуктан, өкмөттөр эркин базарды кулоодон сактап калуу үчүн аралашууга мажбур болду. Акыйкатта болсо, капитализмдин теориясына ылайык, мындай чараларга тыюу салынат. О.э. экономикалык натыйжалуулук түшүнүгү коомдун коргоо системасын бүтүндөй күчсүздөнткөнүн ачык көрсөтүп турат. Эгер, компаниялар, таалим мекемелери жана ооруканалар өз иштерин экономикалык пайда негизинде жүргүзө турган болсо, жөнөкөй силкинүүлөр эле инфраструктура системасын толук иштен чыгарууга жетиштүү. Өнүгүү тенденциясын эркиндештирүү о.э. финансылык базарлардагы тынчсыздануулар себептүү терс натыйжадагы экономикалык индекстер чыныгы экономикага түздөн-түз таасир кылууда. Анын ойрон кылуучу күчү банкроттукка, массалык иштен бошотууларга жетип барды. Ошентип, эпидемия аягы көрүнбөгөн эл аралык экономикалык кризиске айланды.

О.э. ушул эпидемия себептүү коомдун либерал системасынын негиздери да силкинди. Себеби, коргоо үчүн көрүлгөн иш-чаралардан улам конституция кепилдеген эркиндиктер кыскарды. Берлиндеги университеттин философия мугалими Стефан Жузеппе айтат: «Мен шаар жана айылдарды бүтүндөй жабуу көптөгөн проблемаларды пайда кылат деп билем… Туура, адам эркиндиги адамдардын эркиндигин бузбашы керек. Бирок, саясий тартип жана чара деп эле адам эркиндигин чектөө туура эмес…». Либерал коомдун назарында мындан да жаманы – бул кризис учурунда адам өмүрүн салыштырууга мажбур болуп жатышканы. Мисалы, дарыгерлер саламаттыкты сактоо секторунда жумушчулар жана каражаттар жетишпегендиктен шыпаа табууга үмүт болгон оорулууларга карап, башкаларды өз абалына таштап коюуга мажбур болушууда. Илманийлик акыйда адам жана коом жөнүндө адамдарга ушундай бир элести берди, ага ылайык, адам жамаатка моюн сунбайт. Коомдук аракетти т.а. адамдын кайраттуулугун талап кылган абалда бул пикир абдан ийгиликсиз экени анык көрүндү. Коомдун бул сыяктуу мабдаий имараты т.а. мамлекет адамдын эркиндиктерин гана коргоо аркылуу мыйзамдуу түскө кирген мабдаий имарат кооптуу пикир экени о.э. ал жөнөкөй абалда да, кризистер убагында да адамдын табиятына туура келбестиги ачык-айкын көрүнүп калды.

Хизб-ут-Тахрир–Германия вилаяты немис калкын ушул окуядан сабак алып, кеңири көлөмдүү акыйдага кайрылууга чакырат. Экономикалык пайда табууга негизделген бул сыяктуу чабал түзүм коомду ар дайым жарга түртөт. О.э. ал адамдар проблемасын туура чече албайт. Вакиъге ылайык келген жана адам табиятына толук ылайык болгон түзүм гана мындай абалдан куткарат. Ал – бардык калктарды бириктирген Ислам. Ислам 1300 жыл исламий мамлекеттин кучагында экономикадагы жана түзүмдөгү туруктуулукту камсыздаган.

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ﴾

«Чынында Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик»                         [21:107]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here