Афганистандагы саясий кризистин негизи – өз кызыкчылыгын гана ойлогон Америка

268
0

Басма сөз баянаты

Афганистандагы саясий кризистин негизи – өз кызыкчылыгын гана ойлогон Америка

АКШ мамлекет катчысы Майк Помпео Ашраф Гани жана Абдуллах Абдуллах ортосундагы саясий келишпестиктерди чечүү үчүн Афганистанга келди. Помпеонун жолугушуусу өтө кескин болду. АКШ мамлекет департаменти билдирүү жарыялап Афганистанды сынга алды: «Жетекчиликтин бул ийгиликсиздиги Америка улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудурат. Ошондуктан, Америка өкмөтү Афганистандагы кызматташуубузду кайрадан карап чыгат. Бүгүн пландарыбыздын бирин жарыялайбыз. Бул план Афганистандагы каражат жоопкерчилигин өзгөртүүнү жана бул жылы жардамды бир миллиардга азайтууну камтыйт. Биз 2021-жылы бир миллиардга азайтууга даярбыз».

Мамлекеттерде түрдүү проблема жана кризистердин келип чыгышында Американын түздөн-түз же кыйыр түрдө колу бар. Ал өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн аскерий, саясий жана экономикалык чаралар аркылуу басым өткөрүп келди. Бирок, акыбетте анын аракети пайдасыз экени өз тастыгын тапты. Афганистандагы саясий иштерди жакындан күзөтүп жаткан кишилерге ачык-айкын болгондой, жүзөгө келген саясий кризис Американын Талибанга, Афганистан өкмөтүнө жана жетекчилерине карата алып барган кош стандарт саясатынын натыйжасы болуп эсептелет. Ушул саясат бүгүнкү саясий кризиске алып келди.

Белгилүү болгондой, Американын Афганистандагы мурунку элчиси Жон Бос шайлоо кризиси учурунда көз карандысыз шайлоо комиссиясына дал ушундай басым өткөргөн. Башка тараптан АКШ администрациясынын атайын өкүлү Зелмай Халилзад Афган жетекчилери ортосундагы бул саясий бөлүнүүлөрдү дагы да күчөттү. Мындан да маанилүүсү, Афганистандагы президенттик шайлоонун натыйжалары Америка уруксат бере электен мурун жарыяланды. Ошондуктан, эки талапкердин биринин инаугурациясына бүгүнкү кризистин негизги авторлорунан болгон аз сандагы дипломаттар келди.

Ага карабастан, Америка бул кризистин себеби Афган калкы деп көрсөтүүгө аракет кылууда. Акыйкатта болсо, кризистин артында Америка турат. Америка кризисти чечүүгө урунуп жаткандай кылып аракет кылууда. Акыркы эки он жылдык тарых ушуну көрсөттү – Америка жана Афганистандагы анын малайлары ар дайым «кескиндикти пайда кылуу жана кызыкчылыктарды коргоо» саясатын алып барышат. Алар саясий кризисти чечүүгө ниете жок. Американын бул саясатына афгандардын «Идиш да жасайт да, идиш да сатат, идиш да сатып алат» деген макалы туура келсе керек.

Биз, Хизб-ут-Тахрир Афганистан вилаятынын мүчөлөрү, абройлуу уруу башчыларына, жетекчилерге, Талибанга жана мурунку мужахиддерге ушуну айтабыз: Америка, НАТО жана башка кафир мамлекеттер менен достошуу – шерменделик. Чыныгы азиздик Исламды гана колдонуу аркылуу жүзөгө чыгат. Ошондуктан, акыркы кырк жыл ичиндеги окуялардан сабак алгыла жана ири мамлекеттер Афганистанда өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга умтулуп жатышканын билип алгыла. О.э. кафирлер бул жийиркеничтүү оюнда бизди шахмат ташы катары пайдаланышына жол бербөө керек. Алар сунуштап жаткан чечимдер алардын гана улуулугун камсыздайт. Бул чечимдер убактылуу болуп, Афганистан кризисинин негизги себептерин чечпейт. Ошондуктан, Афган калкы Аллах Тааланын чечимин алышы жана саясий туруктуулукту жүзөгө чыгара турган «бекем арканды» кармашы керек.

﴿أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَیٰ تَقْوَیٰ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَمْ مَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَیٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِين﴾

«Анан бул курулуштарын Аллахтан коркуу жана Анын ыраазылыгынын негизине курган адам жакшыраакпы же курулуштарына жемирилип бара жаткан жар жакасын негиз кылып алып, ошол себептүү өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах андай залим коумду хидаят кылбайт»                                                                                                                               

                                                                                                                                 [9:109]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here