Адамдарды үйдө отурууга мажбурлап жаткан мамлекет аларга компенсация төлөп бериши керек эмеспи?

282
0

Адамдарды үйдө отурууга мажбурлап жаткан мамлекет аларга компенсация төлөп бериши керек эмеспи?

Ырасында, мамлекет калкты өзүн-өзү изоляция кылууга буйруп жаткан соң, бул чечимдин адам жашоосундагы натыйжаларына байланыштуу  жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Бул тууралуу “Озодлик” радиосундагы макалада айтылган.

Макалада келишинче, мындай абалда мамлекет калкты ушундай кырдаалда сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бере турган шарттар менен камсыздагандан тышкары, калктын негизги керектөөлөрүн да кандырышы шарт. Бул нерсе укуктук жана социалдык адептин талабы.

Ал макалада маселенин укуктук жагы тууралуу сөз болгон. Мисалы, Өзбекстан конституциясынын 24-беренесине ылайык, жашоо ар бир адамдын кол тийгис укугу. Ага кол салуу оор кылмыш болуп эсептелет. Эгерде өкмөт мекендештеринин оокат үчүн акча табуусуна тыюу салса, ошол мезгилде аман калышы үчүн компенсация төлөп бербесе, бул нерсе адам өмүрүнө кол салуу катары каралышы жана мыйзам менен жазаланышы керек.

Жогорудагы берене Конституциянын дагы бир беренеси, башкача айтканда, 14-беренеси менен бекемделген: “Мамлекет өз ишмердигин адам жана коомдун жыргалчылыгын көздөп, социалдык адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптери негизинде ишке ашырат”.

О.э. эгерде мажбурий жана компенсациясыз “өзүн-өзү изоляциялоо” режиминде отуруунун натыйжасында адамдардын жашоосуна зыян жетсе, ал үчүн өкмөт кылмыш жоопкерчилигине чейинки жоопкерчиликти мойнуна алышы керектиги айтылган.


Комментарий: Ал тургай, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да адамдарга атайын тизме менен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк берилип турган. Өзбекстанда да, Кыргызстанда да карантин уланып жатканына карабастан, ушул кезге чейин компенсация төлөнгөн жок. Же жарандын негизги керектөөлөрүн камсыздап туруучу атайын жардам берүү механизми иштелип чыкпады.

Адамдар мамлекет мажбурлаган карантин учурунда, сактап жүргөн акыркы акчаларын да түгөтүштү. Дүкөндөрдө товарлардын баасы кымбаттап жатат. Дыйкандар талаачылык иштерин өз эсебинен жүргүзүүдө. Бирок, бул карапайым адамдар өздөрүнүн акы-укуктарын талап кылышпайт!

Негизи мамлекет – жарандар үстүндөгү бардык акы-укуктарын акырына чейин күч менен мажбурлап өндүрүп алууда. Маалымат каражаттары жана диний мекемелер адамдарды мамлекеттен акы-укуктарын талап кылуудан чалгытып, аларды сабырдуулукка жана патриот болууга чакырышат. Мамлекет болсо, адамдардын “сабырынан” пайдаланып, алардын акысына кыянат кылууну улантууда.

Мамлекеттер  эл аралык уюмдардан карыз алып жатышканда жарандарын эл аралык укуктары тебеленип жатканын, мамлекет аларды жашоого ылайыктуу шарттар менен толук камсыздай албай жатканын шылтоолоп, миллиондогон доллар каражат алышат. Андан соң калкты дагы кайрадан сабырдуулукка чакырып, аларды өз оокатын өздөрү өткөрүүгө таштап коюп, тышкы карыздарды кыянттык менен пайдалана беришет.

Эй боордоштор, биз сабыр деп ойлогон, же сарай алымдары бизге ушундай деп уктуруп жаткан нерсе  сабыр эмес, тескерисинче кыянатчылардын кыянатына шарт түзүп берүү болуп эсептелет! Момун адам – бирөөнүн акысын жебейт, өз акысын да бирөөгө жедирбейт!

Ушундай болгон соң, эй боордоштор, биз мажбур болсок да моюн сунуп жаткан келишимге мамлекет да моюн сунушун талап кылалы. Карантин киргизилсе – анда алар да карантиндин бардык укуктук шарттарын толук аткарышсын! Эгерде аткара алышпаса адамдарды “өзүн-өзү изоляция кылууга” мажбурлашпасын. Бай-кедей дебестен бардыгын иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканы үчүн, өздөрү жазган келишим (конституция) негизинде компенсация төлөшсүн!!!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here