Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

268
0

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

 Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хажар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну суранды.

Бандар Хажар коронавирус дүйнөдөгү мамлекеттердин калкы менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жатканын белгилеп, Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселеси карала тургандыгын билдирди.

О.э. президент Жээнбеков 8-апрель күнү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, өнөктөштүк жана жардам маселелерин талкуулады.

 Буга чейин Жээнбеков коронавирус пандемиясы мамлекеттин экономикасына терс таасир көрсөтүп жатканын айтып, Дүйнөлүк банк, Евробиримдик, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта фондунан жардам сураган эле.

 Комментарий: Кыргызстан бийлиги өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эсепке албастан, дүйнөлүк коронавирус дүрбөлөңү кербенине кошулуу менен өлкөдө өзгөчө абал жарыялады. Анын натыйжасында мамлекеттин жана жарандардын экономикалык жашоосу дээрлик токтоп, жарандар жумушсуз жана кирешесиз калды. Жээнбеков бул экономикалык кризистен чыгуу үчүн бардык эл аралык уюмдар менен банктардын эшигин каккылап, карыз жана жардам суроо менен Кыргызстан калкы жана мамлекетин ого бетер карызга батырууда. Ал уюмдар менен банктар жөн эле жардам берип койбостугу анык. Мындан тышкары, карызга алынып жаткан бул каражаттар өз ордуна жетип барышы күмөн. Мисалы, кыргыз бийлиги Дүйнөлүк банк берген 12,15 миллион доллардын 9 миллиону коронавирус менен күрөшүү үчүн берилгени кабарланган эле. А бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавурс менен күрөшүүдө биринчи катарда турган медицина кызматкерлери коргоочу кийим жана жабдыктар менен толук камсыздалбагандыктан учурда медицина кызматкерлери арасында аталган вирусту жуктуруп алгандардын саны 30дан ашып, 100дөн ашык медицина кызматкери обсервацияда жатат. Алыскы жана жакынкы кошуналар берип жаткан жардамдар да чыныгы муктаждарга жетип жатканына ишеним жок. Мисалы, Өзбекстан жардам катары 1000 тонна ун бергени кабарланды. А бирок, Бишкек мэриясынын кызматкерлери жарандардын үйлөрүнө бут кийимин чечпестен кирип барып, эки үй-бүлөгө бөлүп алгыла деп 10 ун берип чыгышты…

 Бир күн келип коронавирус пандемиясы да бүтөт, ин ша Аллах. А бирок, элдин мойнунда төлөй алгыс карыз калат. Ошондуктан да, кыргыз бийлиги жетекчи мамлекеттерди ээрчип элдин баарын үй камагында кармап отурбастан, бул илдетке каршы шаръий жол менен күрөшүүсү керек. Башкача айтканда, оору чыккан жеринде изоляция кылып, оорулууларды карантинге алышы, аларды камкордук менен карап, соо-саламат адамдар иштерин улантышына мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Социалдык жана экономикалык жашоо буга чейин кандай болсо, ошондой уланышы керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here