Фалестинди азат кылууга жана Халифалыкты тикелөөгө үндөгөн баннерлер Газа секторунун көчөлөрүнө орнотулду

300
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестинди азат кылууга жана Халифалыкты тикелөөгө үндөгөн баннерлер Газа секторунун көчөлөрүнө орнотулду

Хизб-ут-Тахрирдин Газа секторундагы мүчөлөрү жыл сайын ражаб айында Халифалыктын кулатылганын эскерүүнү жандантуу боюнча көптөгөн аракеттерди жасашат. Максат – адамдарга Халифалыкты тикелөө фарз экенин жеткирүү о.э. аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Хизб менен биргеликте аракет кылууга үгүттөө.

Хизб мүчөлөрү өз пикирлерин адамдарга жеткирүү жана алар менен байланышуу максатында түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Бул иш-чаралардын бири катары Газа регионундагы көптөгөн көчөлөрдө баннерлер орнотулду. Баннерлерде жергиликтүү жана эл аралык багыттардагы пикирий, саясий жана экономикалык ураандар жазылган, алардын негизгилерин ачыктап өтөбүз:

  • «Халифалыкты тикелөөнүн убагы келди, кафирлердин долбоорлору кыйрады»;
  • «Эки мамлекет чечими жана Трамптын келишими – бир тыйындын эки тарабы»;
  • «Эл аралык мыйзамды ээрчүү – адашуу, зая кетүү жана көз карандылык»;
  • «Акса Умматты жана анын армиясын жардамга чакырууда»;
  • «Кафирлерден жардам сурабагыла, Уммат армиясынан нусрат талап кылгыла»;
  • «Фалестинди азат кылуу үчүн тактыларды кулатуу жана армияларды аракеттендирүү керек»;
  • «Фалестин яхудийлерди дос туткандарга эмес, Фатихтерге ынтызар»;
  • «Яхудийлер менен сүйлөшүү – Фалестинге каршы кылмыш»;
  • «Халифалык – өлкөлөрдүн жана жарандардын куткаруучусу»;
  • «Трамптын келишими Халифалыктын жана анын армиясынын тебелендисинде калат»;
  • «Халифалык Умматты эки дүйнө бактысына жеткирет»;
  • «Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуу – Аллах менен түзүлгөн пайдалуу келишим»;
  • «Фалестин мусулмандарга «Араңарда Салахиддиндер жокпу?!» деп чакырык жолдоодо».

 

Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here