Зуруфий мурунку коррупционерлерден айырмаланбайт Алардын баары – колонизатор мамлекетке жалданган малайлар

235
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Зуруфий мурунку коррупционерлерден айырмаланбайт

Алардын баары колонизатор мамлекетке жалданган малайлар

«Ал-Жазира нет» сайтында хижрий 1441-жылы 23-ражаб, миладий 2020-жылы 18-март күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Зуруфийдин сунушуна түшүндүрмө катары, АКШ мамкатчысы Майк Помпео Твиттердеги баракчасында: «Ирактыктар Ирак суверенитетин колдоп-кубаттай турган, негизги муктаждыктарын камсыздай турган, коррупцияга аралашпаган жана адам укуктарын коргой турган өкмөттү каалашат», – деп жазды.

«Убактылуу премьер-министр ушул кызыкчылыктарды биринчи орунга койсо, Америка тарабынан жана эл аралык колдоп-кубаттоого жетишет», – деп кошумчалады Помпео».

Роя гезити:

Аднан Зуруфий 1991-жылы Саддам Хусайнды кулатууну көздөгөн «Шаъбания интифазасы» ийгиликсиздикке учураган соң Ирактан качып, Америкага барган, ал жерде 2003-жылга чейин жашаган. Кийин АКШ Иракты басып алгандан кийин Аднан Зуруфий өлкөгө кайткан. Пол Бремер аны Нажафга мэр кылып дайындаган, кийин кызматтан бошоткон. Ал тууралуу жемкор деген сөздөр бар жана ага Нажаф вилаятынын каражаттарын өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланган деген айып коюлган. Ал Нажафта көптөгөн фитналарды жана чыр-чатактарды чыгарган. Вилаят калкы андан өтө тажаган. Аднан Зуруфий бир нече кызматтарга көтөрүлүп, кийин 2018-жылдагы шайлоолордон кийин парламентте депутат болду.

Помпеонун АКШнын колдоосуна жана эл аралык колдоого ээ болуу үчүн коюп жаткан шарттарына этибар берсек, алар куру жалгандан башка нерсе эместигине ынанасың. Помпео кайсы суверенитет жана адам укуктары жөнүндө сүйлөп жатат, кайсы коррупцияга аралашпаган өкмөт туурасында келжиреп жатат?! Ал Иракты басып алган АКШ күчтөрү чыгып кетишине макул болобу?! Ирак жана башка мусулман өлкөлөрүндө мусулмандарды ким кордоду?! Эл аралык терроризмдин башы болгон анын мамлекети эмеспи?!

 Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here