Кыргызстанда референдум өткөрүү сунушталды

263
0

Кыргызстанда референдум өткөрүү сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча, тагыраагы, парламенттик же президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.  

Мыйзам долбоорун депутат Курманкул Зулушев даярдаган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Мыйзам долбоору 1-апрелден тарта коомдук талкууга коюлду.

Кабарда келишинче, бюллетенде “Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” деген суроо жана жооптун эки варианты: “президенттик”,  “парламенттик” деп көрсөтүлөт.


Кыргызстандын жетекчи тобу бийликтин алсыздыгы себептүү мамлекет ушундай начар абалга түшүп калганын жашырып, бул абалга парламенттик башкаруу системасын айыптуу кылып көрсөтмөкчү болот. Алар башкаруу системасын өзгөртүү менен элди дагы бир жолу алдамакчы болушууда. Алардын көздөгөнү, адамдарда системага карата дагы кайрадан үмүт пайда кылып, ушундай жол менен бийликти колунда кармап туруу.

Негизи, парламенттик же президенттик башкаруу болобу айырмасыз, экөө тең же мындан башкасы деле капитализм башкаруу системасынын ар түрдүү багыттары болуп, абалды өзгөртө албайт. Бири ар дайым башаламандыктарды келтирип чыгарса, экинчисинде мамлекеттин кызыкчылыктары белгилүү бир топтун диктатордук режиминин таасири астында калат. Бул башкаруу системалары элге бактылуу (кадыржам), бейпил жана жыргал  жашоо тартуулай албайт! Буга демократиянын эң чокусуна чыккан Батыш дүйнөсүнүн бүгүнкү абалын мисал келтирсек болот!

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here