Жээнбеков Европадан жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү суранды

265
0

Жээнбеков Европадан жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү суранды

2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларын талкуулады.

Жээнбеков андан коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды. Шарль Мишел Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнүн жолдорун карап чыгарын белгиледи

 Мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына тийип жаткан залакасын азайтуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Комментарий: Кыргызстан бийлиги өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн жана кубатын туура баалабай туруп, өлкөдө өзгөчө абал жарыялады. Өкмөт өзгөчө абал жарыялоонун артынан донор мамлекеттерден берилүүчү грант жана карыздарды алып, ошолор аркылуу бюджеттеги дефицитти жабууну көздөгөн эле. Ошол себептен да өзгөчө абал жарыя кылынгандан эч канча убакыт өтпөстөн Эл аралык валюта фондунан дээрлик 121 миллион доллар карыз алууга жетишти. 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоп, кайрылуусунда БУУнун баш катчысынын коронавирус инфекциясына каршы күрөш үчүн 2 млрд. доллар өлчөмүндө гуманитардык иштерди башташ үчүн глобалдык план түзүү боюнча демилгесин колдой турганын билдирген. Демек, кыргыз бийлиги БУУнун жардамынан да үмүттөнүүдө.

Ушул сыяктуу карыз жана жардамдардан үмүттөнгөн бийлик адамдардын күнүмдүк киреше булагы болгон ишканаларды, дүкөндөр жана базарларды жапты. Бардык тейлөө тармагына, ал тургай, мандыкерчиликке да күч менен тыюу салып койду. Ал эми компенсация төлөп берүү жөнүндө эч кандай сөз жок. 

Батыш мамлекеттери карантин себептүү адам башына миңдеген доллар компенсация төлөй башташты. Ал тургай, Россиянын президенти Путин да 2-апрелдеги кайрылуусунда 30-апрелге чейинки дем алыш жарыялап, анда жарандардын айлык акысы сакталарын билдирди. Себеби, мамлекет жарандардын негизги (күнүмдүк) керектөөсүн камсыздоого жоопкер.

Кыргызстан бийлиги болсо кээ бир саясий абалдарды жөнгө салып алуудан о.э. эл аралык донорлор бериши мүмкүн болгон жардамдардан үмүттөнүп, мамлекет жана калкты экономикалык кризиске алып бара жатат. Адамдардын жашоо деңгээли төмөндөп, коомчулук жакырчылыкка батып барууда. Бул карантин, товарлар жетишпестигинен тышкары, товарларды сатып алуу үчүн каражат жетишпестиги проблемасын келтирип чыгарат. Бул нерсе өз кезегинде кылмыштуулукту, талап-тоноону жана бийликке нааразылык аракеттерин күчөтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here