Бишкекте өзгөчө абалдын талаптары күчөтүлдү

283
0

Бишкекте өзгөчө абалдын талаптары күчөтүлдү

 Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал учурунда коомдук жайда беткапсыз жүргөн адам миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Бул тууралуу 31-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

Жашаган жеринен 1,5 чакырымдан алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алууга, чукул зарылдык болсо медицина мекемесине чыгууга, өмүргө жана ден соолукка коркунуч жараткан өзгөчө учурда үйдөн чыгууга уруксат бар.

Кыргызстанда 31-марттагы маалымат боюнча коронавирус жуккандардын саны 107 кишиге жетти.

 

Сереп:  Бул чараларды жакшылап карап чыга турган болсок,   алар көйгөйдү чечпегени белгилүү болот, тескерисинче, экономиканын ийгиликсиздигин дагы артырып дагы бир ийгиликсиздикке жеткире тургандыгы көрүнөт. Кийин бул илдет себептүү биз угуп-билип жүргөн капиталисттик коомдогу адамдар капиталисттик түзүмдүн зулумунан кыйналышын, андан чарчап чаалыгышын дагы артырат.
Демек, бул дарттын туура дарыланышы – Аллахтын мыйзамында көрсөтүлгөндөй – мамлекет ооруну башынан баштап байкап, ооруну анын келип чыгуу жерине чейин чектейт жана башка региондордогу дени сак адамдар иштей беришет
.

 … Ошентип, туура дабалоонун жолу – бул жугуштуу ооруну өз ордунда бөлүп алуу жана бейтаптардын ден соолугун чыңдоо, акысыз кам көрүү жана дарылоо болуп саналат. Ден соолугу чың адамдар өз ишин улантышат, ал эми социалдык-экономикалык жашоо жугуштуу ооруга чейинкидей улануусу керек, антпесе адамдардын коомдук жашоосу токтоп, үйлөрдө обочолонуп, анан экономикалык жашоо шал болуп же дээрлик жок болот, ошондуктан анын натыйжасында бишка кризистин улам-улам көбөйө беришине шарт жаралат…

Хизб-ут-Тахрирдин амири шайх Ата ибн Халил Абу Ар-Рашта

Кыргызстан өзгөчө абал киргизип, адамдарды (комендантарга) күч түзүмүнө салып берди. Адамдар күнүмдүк кирешесинен айрылышты. Бийлик жарандардан үйдө отурууну талап кылууда, бирок алардын үйдөгү шартын, экономикалык абалын билбейт, компенсация төлөп берүү мүмкүнчүлүгү да жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында премьер-министрдин өзү  айтты.

Адамдар айла жоктуктан тирилик үчүн  көчөгө чыгышса, коммендатура аларды кармап, штраф сала баштады. Ушул адилеттүүлүк болушу мүмкүнбү? Шариятка тескери иш-чаранын акыры туңгуюк! Акыбети эки дүйнө кордугу!

Абдураззак Муъмин.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here