Трамп менен Путин мунайдын баасын көтөрүү аракетинде

294
0

Трамп менен Путин мунайдын баасын көтөрүү аракетинде

Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Маалыматка ылайык, эки лидер мунайдын баасын көтөрүү жана дүйнөдөгү акыркы кырдаалды талкуулады. Мунай базарындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн энергетика министрликтери өз ара  кеңешүүнү уланта турган болду. Ошондой эле президенттер G20нын алкагында кызматташууну күчөтүп, дүйнөлүк экономиканы жандантуу боюнча ой бөлүштү.

Трамп буга чейин Орусия менен Сауд Арабиясы дүйнөлүк мунай базарындагы соңку кырдаал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген. Ал 31-марттагы брифингде эки өлкөнүн сүйлөшүүсүнө керек болгон учурда өзү да аралашуусу мүмкүн экенин айтты.                                       “Биз (АКШ, Орусия, Сауд Арабия) эмне кыла алаарыбызды талкуулоо үчүн жолугууну пландап жатабыз. Анткени, мунай өндүрүшүн жоготууну каалабайбыз”, – деди Трамп.

Буга чейин Москва менен Эр-Рияддын мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча талаш-тартышынан улам, ОПЕК+ келишими жокко чыккан. ОПЕК+  келишиминин негизинде, үч жылдан бери мунай өндүрүшү кыскарган менен анын ордун АКШнын сланец мунайы толтуруп келген. Мындан, улам, экономикасынын негизин мунай түзгөн Орусия өндүрүштү кыскартуудан баш тарткан. Келишимдин жокко чыгышынын артынан Саудия апрель айынан тарта мунай өндүрүүнү суткасына 12,3 миллион баррелге чейин жеткирерин жарыялаган.

Натыйжада мунайдын баасы кескин арзандап кетти. Буга дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу жагдай дагы таасир этип, карантин чаралары мунай өндүрүмүнө болгон муктаждыкты азайткан.

Мунайдын арзандашы АКШ компаниялары үчүн пайдалуу болсо да кескин арзандашы Американын мунай өндүрүшүнө зыян жеткире баштады. Анткени, Орусия менен Саудиянын экономикасы мунайга негизделсе да, аларда өндүрүлгөн мунайдын өздүк наркы АКШнын сланец мунайына караганда төмөн. Ошондуктан, мунайдын баасы мындан ары төмөндөшү айрым АКШ компанияларын банкротко учурата башташы анык. Мындан улам Трамп мунайдын баасы жок дегенде ушул наркта сакталып калуусуна кызыктар болууда. Анткени, ушул аптада мунай баасы 20 жылдын ичиндеги баалардын эң төмөнкү деңгээлине түштү. Ал эми өлкөлөр мунайды толук кубаттуулугунда өндүрүп жатышат. Мындай абал Орусияны да «ОПЕК+» келишимине кайтып келүүгө аргасыз калтырууда.

Жыйынтыктап айтканда, дүйнөлүк экономика коронавирустун жайылышы жана андан кийин мунайга болгон баанын төмөндөшү менен чоң кризиске кептелгени турат. Эгер, бул абал улана турган болсо, дүйнөлүк экономика иш жүзүндө кыйроого учурашын тездетет.

Буга капиталисттик түзүмдүн башында турган державалардын ачкөздүгү негизги себеп болуп жатат. Өкүнүчтүүсү, Саудияга окшогон мусулман өлкөлөрү алардын ачкөздүгү жолундагы оюндар үчүн үммөттүн байлыктарын сапырууда. Эгер, бул колонизаторлор өз кызыкчылыгына ылайык мунай өндүрүүнү азайтууну талап кылышса, бул рувайбиза акимдер лаббей деп жооп беришет. Ошондой эле, алар мунай өндүрүүнү көбөйткүлө десе, бул рувайбиза акимдер ага да лаббей деп жооп беришет. Эгер, колонизаторлордун кызыкчылыгы талап кылып, биздин байлыктарыбызды арзан баада алгылары келишсе, бул кыянатчыл акимдер ага да макул болушат. Эгер, алар биздин байлыктарыбызды бекер алгылары келсе, бул рувайбизалар өз тактыларын сактап калуу үчүн ага да макул болушат! Албетте, Аллах бул күндөрдү айландырып туруучу. Биздин милдет, анын динине кыянат кылгандарга жана каапырларга каршы нусрат келгенге чейин акыйкат жолдо күрөшүүдө!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here