2005-жылы 24-мартта революция болгонбу?

626
0

2005-жылы 24-мартта революция болгонбу?

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдагы 24-март окуясынын 15-жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө 24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калаарын белгиледи.

Кыргызстандын саясий тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү март окуясында бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2012-жылга чейин 24-март жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен «Эскерүү күнү» деп бекитилген.

Саясий фанга ылайык, ар бир саясий окуяга эл аралык саясатка байлоо менен бир акыйда негизинде баа берүү керек. Ансыз бул пикир ката тыянактарга алып барышы талашсыз. Белгилүү болгондой, алгачкы президент Аскар Акаев – эл аралык саясаттан алганда Россияга моюн сунуучу президент болгон. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта күчтүү нааразылык толкунун жаратты. Мындан улам, Батыш баштаган күчтөр абалдан пайдаланып, Кыргызстанда оппозициялык кадр катары Бакиевди даярдай баштады. Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиев бийликке келсе, Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына өз бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды. Мындай  ыкма бардык колонизатор мамлекеттердин колониясында колдонуп келген айлакерликтеринен болуп саналат. Анткени, бийликтин алмашуусу ички чыңалууну дагы бир нече жылга басаңдатат.

Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин чөнтөгүнө, сүйлөгөн сөзүнө чейин кол сала башташты. Мындай абалдан пайдаланып, Россия кайрадан бийликти алмаштырууга жетишти. Бул алмаштыруу кан төгүүлөр менен коштолду. Апрель жана июнь окуясында тең мындай алааматты атайын снайперлердин тобу жүзөгө ашырганы ачыкка чыккан. Россиядан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент Атамбаевдин тушунда изилденимиш болуп барып соңуна чыкпай калды. Анткени, алардын кожоюну белгилүү эле. Ошондуктан, азаттык баштаган Батыш медиалары, демократ болумуш саясатчылар менен тарыхчылар бул операциялардын иликтенишин бийликтен байма-бай талап кылып келет. Батыш 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир нече малай кадрларын бийликке аралаштырууга жетишти. Буга Отунбаеванын убактылуу президент болушу жана парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынын парламентте көпчүлүк орунду ээлеши мисал боло алат. Мындай көрүнүш 2010-жылдагы саясий айдыңды Орусия толук көзөмөлдөй албаганынан кабар берет. Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманып, бул оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди.
         Жыйынтыктап айтканда, 2005 жана 2010-жылдагы төңкөрүштөр бийликтин алмашуусунан башка эч бир натыйжага алып барбады. Мында Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш айрым кадрларын бийликке аралаштыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Тескерисинче, Акаевдин учурунда мусулмандарга карата болуп келген куугунтук бүгүн да уланууда. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “революцияларга” алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, мусулмандардын акы укугун өзүнүн милдети катары билген, Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here