Помпео жарыя кылынбаган сапар менен Aфганистанга барды

592
0

Помпео жарыя кылынбаган сапар менен ганистанга барды

 АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео февраль айында Талибан кыймылы менен кол коюлган тынчтык келишимин илгерилетүү үчүн 23-мартта жарыя кылынбаган сапар менен Кабулга барды. Дүйнөдөгү жетекчилер коронавирус пандемиясы себептүү расмий сапарларын азайтып жаткан бир учурда Помпео бул сапарды  ишке ашырды. Бул тууралуу Los Angeles Times басылмасы кабарлады .

Келишимге кол коюлгандан бери Афганистандагы саясий туруксуздуктар себептүү тынчтык жараяны токтоп калды жана мамлекет башчылары президенттик шайлоо боюнча тартышууда.

Сентябрь айындагы президенттик шайлоого катышкан президент Aшраф Гани жана анын негизги атаандашы Aбдулла Aбдулла ушул айдын башында болуп өткөн инаугурацияда өздөрүн өлкөнүн президенти деп жарыялашкан.

Басылманын кабарына таянсак, Помпео экөө менен жолугушуудан мурда Гани жана Абдулла менен өз-өзүнчө жолугушат. О.э. келишимди талкуулоо үчүн Гани жана Абдулла менен башка-башка жолугат.

Мындан бир аз убакыт мурда АКШ менен Талибан кыймылы тынчтык келишимине кол коюшкан. Эгерде Талибан тарап келишимди аткарса, Америка өзүнүн жана союздаштардын аскерлерин 14 айдын ичинде Афганистандан алып чыгып кетүүгө убада берген.

Белгилүү болгондой, Афганистандагы 19 жылдык баскынчылык согушу АКШга эч кандай ийгилик алып келбеди. Бул согуш Америкага саясий жана экономикалык оорчулуктан башка нерсе алып келбеди. Ошол себептен да ал Талибан менен өзү үчүн жеңилүүдөн башка нерсени түшүндүрбөй турган келишимге кол коюуга мажбур болду (а бирок, бул Талибанды чалгытуу). АКШ кандай кылып болсо да Афганистандагы баскынчылык согушун бүтүрүүгө умтулууда. Ал эми, Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла ортосундагы “келишпестик” анын пландарын ишке ашырууну кечиктирип жибериши мүмкүн болуп калды. Ошол себептен да АКШ өзү башында туруп дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясына карабастан, Помпео Афганистанга барып, эки атаандашты “жараштыруу” аркылуу баскынчылык согушун бүтүрүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон коркунучту жок кылмакчы болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here