Судандагы тынчтык маселеси жана Жубадагы сүйлөшүүнүн багыты

315
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судандагы тынчтык маселеси жана Жубадагы сүйлөшүүнүн багыты

 

Устаз Якуп Ибрахим – Хартум

Өткөн кылымда колонизатор Батыш Уммат денесин бөлүп майдалап, күчсүз мамлекетчелерди пайда кылды! Бул мамлекетчелер колонизаторлордун уюмдарына ар дайым итаат кылып калышы үчүн колонизатор капиталисттик системага байланган өкмөттөр аркылуу аларды дагы да алсыратты. Муну менен Халифалык мамлекети жок болгондуктан колонизатор мусулман өлкөлөрүндөгү проблемаларга түздөн-түз аралашуу үчүн чөйрө жаратты.

Батыш мындан да жаман иштерди жасады. Колонизатор малай акимдердин катарында куралдуу кыймылдарды да пайда кылды. Мисалы, Америка 1983-жылы Судандын түштүгүндө элдик кыймылды түздү… Анын артынан, Судан батышында башка кыймылдар, чыгышында, борборунда, түндүгүндө куралсыз уюмдар пайда болду жана баары колонизатор Батышка кызмат кылышты, аны ыраазы кылууга жарышышты. Мына, бүгүнкү өткөөл өкмөт буга жаркын мисал боло алат. Негизи, Судан Африкада стратегиялык маанилүү мамлекет болуп, майданы кең. Бул өлкө үлкөн ресурстарга жана потенциалдарга да ээ. Муну менен Судан ар түрдүү айыл чарба продукцияларын өндүрүп, үлкөн чарба байлыктарын даярдоого, дүйнө калкы үчүн зарыл болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кудуреттүү мамлекетке айланышы мүмкүн. Азык-түлүк коопсуздугунун мааниси аскерий коопсуздуктан кем эмес.

Судан байлыктары айыл чарба тармагына гана чектелбейт. Өлкө алтын, хром, нефть жана уран сыяктуу өнөр жай үчүн зарыл маанилүү минералдарга бай. Т.а. бул өлкө ири мамлекеттин негиздерине ээ. Хамдук 2019-жылы августта премьер-министрлик кызматына дайындалганда: «Судан ресурстарга мол мамлекет, жардам жана гранттарга муктаж эмес», – деген.

Бирок, бул байлыктарды адамдардын кызыкчылыгына жумшап, сактай турган жана мамлекетти өнүккөн мамлекеттердин катарына кошо турган мабдаий мамлекет жок боло, ушул ниъматтар колдон кетет. Суданда улам-улам алмашкан режимдер өлкөнү малай илманий түзүм менен башкарышты, акимдерди байытып, катардагы адамдарды жакырлаштырышты. Акыбетте, Судандын проблемалары татаалдашып, адамдар табигый түрдө нааразылык билдирип, жакшы жашоону талап кылышты. Ошондуктан, колонизаторлор аралашты. Мисалы, БУУнун Өнүгүү программасынын жетекчиси Ахим Штайнер Суданга жасаган сапарында «Франс-Пресске» берген интервьюсунда мындай деди: «Ар кандай өкмөт өз калкын ондогон жылдар бою зордоп чөгөлөтсө, бул калк эл аралык коомчулукка кайрылышы анык. Ишенемин, азыркы тапта бул жагдай бизди назарыбызды Суданга бурууга үндөп жатат». (Шаркул Авсат, 2020-жыл, 31-январь).

Ошентип, мансабы да, мабдасы да, достугу да, колдоп-кубаттаганы да Батыш болгон бул өкмөттөр о.э. куралдуу жана куралдуу болбогон кыймылдар табигый түрдө колонизатор мамлекеттердин кучагына жүгүрүшөт, эл аралык аренанын оюнчулары, айрыкча, АКШ менен Британия койгон тузакка түшөт… Баары ушул колонизаторлордун куралына айланып, Судандагы саясий аренада бири-бирине каршы күрөшөт.

Түштүккө келсек, бөлүнүү аракетин Британия 1922-жылы эле «жабык майдандар» мыйзамы астында пайда кылган. Бул жөнүндөгү анын планы Суданды экиге бөлүүгө т.а. түндүктө мусулман арабдар жана түштүктө христиан-бутпарастарды пайда кылууга негизделген. АКШ кабыл алган жана Элдик кыймыл алып келген план да ушул негизде болду. Элдик кыймыл түштүк маселесин көтөрүп, базарга салды жана Американы ээрчип, анын малайы Умар Башир аркылуу жана Африка Союзунун колдоосунда ишке ашырды. Негизи, бул Союз азыркы тынчтык маселелерине да мурдун салууда.

Түштүк бөлүнгөндөн кийин Дарфур проблемасы жалындады, проблемалары татаалдашып, чириген өкмөт аларды чече албады, кабыл алган чечими да тараптарды ыраазы кылуу, пайдапарастык, Доха келишиминде болгондой, Дарфурдагы айрым куралдуу топторду колдоп-кубаттап, аларга уурдалган байлыктардан берүү сыяктуу чечимдерден турду. Башир бийликте туруп чектен чыкты жана Республика сарайына көптөгөн кеңешчилер жана министрлер «армиясын» алып келди, баары Судан экономикасын кыйратышты. Кийин Башир тамтыгы чыккан «тынчтык маселесин» ишке ашыра албаган соң кулатылды. Ал кабыл алган чечимдер өлкөгө, экономикага о.э. түштүк жана түндүк коопсуздугуна балээ болду… Согуштун көлөмү кеңейип, ал тургай, Хартум, Порт-Судан жана Жанина шаарларына да жетти… Куралдуу топтор көбөйүп, жада калса, Башир доорунун соңунда алардын саны отуздан ашты.

Кийин бүгүнкү өткөөл өкмөт пайда болду. Ал тынчтык маселесин өлкө проблемаларын чечүүдө сыйкырдуу таяка айлантты. Ал тургай, тынчтык долбоору Американын Суданды «терроризмди» колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу үчүн койгон талаптары алкагында ишке ашырылып жаткан болсо да, бирок, өткөөл өкмөт мурдагы режимдин иш-аракетин кайталоодо. Айрыкча, бул нерсе регионалдык багыт боюнча аракет кылган Жуба сүйлөшүүлөрүндө жаркын байкалды. Өлкөнүн биримдүү перзенттерин бөлүп жаруу үчүн сүйлөшүүлөрдө беш багыт иштелип чыкты: Дарфур вилаяты, Түштүк Кордофан, Мавий Нил, Чыгыш Судан, Түндүк Судан жана Борбордук Судан региондорун бөлүүгө чөйрө даярдоо багыты! Ушул багыттар боюнча кээ бир келишимдерге кол коюлду жана алар бир нече кооптуу тексттерди өз ичине алды, мисалы: «Түштүк Кордофан менен Мавий Нил вилаяттарынын эгемен макамга ээ болууларына уруксат берүү», «Түштүк Кордофан менен Мавий Нил вилаяттарына өзүлөрү мыйзам иштеп чыгууларына уруксат берүү»… Бул болсо, өз мыйзамдарына жана мыйзамылыгына ээ болуу менен борбордон үзүлүп эгемен мамлекет түзүлө баштаганын түшүндүрөт. Бул сыяктуу келишимдер мусулмандар катары бизге бүтүндөй алакасы жок. Себеби, колубузда Аллахтын хак сүйлөөчү Китеби бар. Демек, биз жогорку кеңештер жана парламенттер иштеп чыккан мыйзамдарга муктаж эмеспиз. Кала берсе, ушул эки вилаятта өзгөчө абал жок, ал жерде зулум гана бар… Бүткүл Судан калкы мурунку жана азыркы илманий режим себептүү зулум астында жашашууда. Муну Батыш менен тил бириктирип жаткан режим эмес, адилеттүү түзүм жоёт.

Бул келишимдеги пункттар бири-бирине тескери. Мисалы, келишимге кол койгон тараптар Судан калкынын жана жеринин бүтүндүгү жөнүндө сүйлөп, ошол эле убакта, борборлошпогон жана автономдуу башкаруу системасы жөнүндө сүйлөп жатышат, кудум Ирак Күртстаны сыяктуу. Ал жерде да Күртстандын бөлүнүп чыгышы парламент тарабынан жарыя кылууга келип токтогон, албетте, бул үчүн Батыштын ишарасы гана калган!

Келишимдин калган пункттары административдик тартип-эрежелерден турат. Ушул тартип-эрежелер министрликтер же министрликтин бөлүмдөрүнө байланыштуу болуп, ар бир министрликтин жана мекемелердин жетекчилерине сунуш кылынган. Мисалы, жерлерге тиешелүү сунуштар, согуш курмандары үчүн компенсациялар, мектептер, ооруканалар жана башкалар…

Тынчтык маселесине тиешелүү дагы бир олуттуу-кооптуу текст т.а. ортомчулук комиссиясынын көзөмөлү астындагы бул текст бар: «Тынчтык БУУ, UNAMID жана Түштүк Судан көзөмөлү астында орнотулат». Бул биздин бардык маселелерибизде аларга кайрылуубузду түшүндүрөт. Бул болсо, шаръий түрдө таптакыр жаиз эмес жана башыбызга сан-санаксыз кыйынчылыктарды салат… О.э. регионалдык талаптар жана Куш королдугу сыяктуу бир кездерде өкүм сүргөн башкарууларды кайра талап кылуу аркылуу Суданды калган жерлерин да бөлүүгө бута кылат! Муну менен бирге, бул кооптуу текст өздүктү өзгөртүүнү жана Судандын илманийлигин жарыя кылууну да түшүндүрөт. Бул нерсе Элдик кыймылдын позициясында да, убактылуу өкмөттүн конституциялык документинде да көрүнүүдө. Судан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин мүчөсү Садык Юсуф 2019-жылы 22-декабрда «Судан трибуне» маалымат агенттигине берген интервьюсунда мындай деди: «Эркиндик жана Өзгөрүү күчтөрүнүн программасы жарандыкка негизделген. Абдулазиз Хилу сунуштаган пикир конституциялык документке өтө ылайык келет. Бул маселеде келишпестикке барбашыбыз керек».

Сөзүбүздүн соңунда ушуну баса белгилейбиз, Жуба сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы жана анда кол коюлуп, ортого ташталган өткөөл баскыч аяктаган соң, конституциялык конференцияда талкуулана турган бул пункттар, бир маанини түшүндүрөт: Судан калкынын маселелерин базарга салуу жана ушул аркылуу колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылуу. Автономия жана федерация, өз тагдырын өзү белгилөө сыяктуу ушул сүйлөшүүнүн столуна коюлуп жаткан пикирлердин артында Батыш турат. Максат, бүгүн болбосо эртең ушул вилаяттарды бөлүү. Бүгүн башкаруу, дегенде адамдардын иштерин башкаруу деп түшүнүлбөй калды. Балким, башкаруу уюшкан топтор ортосунда мансаптарды бөлүшүүгө алып келди. Зомбулук курал ээлери жана батышпарас малай аткаминерлер ушул кызмат менен өз күчтөрүн көрсөтүшүүдө. Муну менен өлкөдөгү саясий абал бузулууда, азыркы активисттер өлкөбүзгө көз алайткан кимселердин улоосуна айланып калышууда… Бирок, бушайман пайда бербей калышы мүмкүн.

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here