274
0

UZ/Коронавирус: Жуктургандар 23 киши, 16 миң адам карантинде. Кризиске каршы 10 трлн. сомдук (өзбек сому) фонд түзүлөт

19марттагы абал боюнча:

– Өзбекстанда 23 кишиде вирус аныкталды. Алар Париж, Стамбул, Лондон жана Дубайдан кайтып келген жарандар жана алардын жакындары.

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Оор абалдагы оорулуу жок, алардын жакындары оорукана жана үй карантининде, карантинге алынгандардын жалпы саны 16 минден ашат.

– 16марттан баштап, Өзбекстанга кирүүыгуу токтоду, билим берүү мекемелери жабылды, мамлекеттик мекемелерде жыйындар токтотулду.

– Европа азырынча COVID-19 пандемиясынын борбору болуп калууда, көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

– Вирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миңден, өлгөндөрдүн саны 8 миңден ашты, 90 миңдей адам айыкты.

ӨЗБЕКСТАН: Кризиске каршы фонд түзүлөт

Президент Шавкат Мирзиёев төрагалыгында коронавирус пандемиясынын калктын жашоо деңгээлине жана экономикалык тармактарга терс таасирин жеңилдетүүгө арналган видеоселектордук жыйын болуп өттү.

Кризиске каршы 10 триллион сомдук фонд түзүлөрү кабарланды.

СерепИсламий өлкөлөр о.э. Борбор Азия сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттери пандемияга каршы күрөштө өз абалына карай, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана жарандарынын менталитетинен келип чыгып өздөрүнчө ыкмаларды иштеп чыгышса туура болмок. Кытай жана Батыш өлкөлрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү биздикине салыштырганда аябай жогору. Алар карантиндик абалда өз жарандары үчүн эл аралык стандарттарга жакын шарттарды түзө алышат.

Кечээ күнү интернеттен Өзбекстандагы карантинде кармоо шартына нааразы болгон адамдар жана аянычтуу шарттар тартылган видео тарады. Кыргызстан менен Казакстанда да абал ушундай. 16 миң адамдын ар  бири вирус жуктурган деп шектелип жатканы менен аларды бири-биринен ажыратып кармоо үчүн мүмкүнчүлүк да, шарт да жок. Ал тургай, алардын бир нечеси вирус жуктуруп алган болсо да, карантин алардын бардыгына жуктуруу үчүн атайын шарт түзүп жаткандай болууда. Башкача айтканда, биз ондогон оорулууга 16 миң адамды камап бири-бирине жуктуруу үчүн шарт түзүп жатабызбы? Эртең карантиндеги адамдардын саны бир нече эселеп көбөйүшү мүмкүн. Анда абал мындан да начар болору күтүлөт.

Мамлекеттерибиз ооруга каршы күрөштө эл аралык стандарттарга амал кыламын деп, ири мамлекеттерди ээрчип, мүмкүнчүлүгү болбосо да расмиятчылык жолунан баш тартышы керек. Миңдеген адамды карантинге алып башкалардан алыста кармай албаса, карантин ыкмасынан баш тартып, өз үйлөрүндө, шаар, айылдарда карантин кылып дарылоо ыкмасына өтүшү туура болмок.

Мамлекет башчыларыбыз жарандарын вабадан сактоону негизги маселе кылып алышы керек эле. Тескерисинче, алар эл аралык уюмдардын назарына илинүү үчүн сокурдук менен аларды ээрчип жатышат. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке албастан, элге зулум кылып, ооруну жайылышына шарт жана кеңири мүмкүнчүлүк жаратып жатышат. Эл аралык донор мамлекеттерден жардам алуу же жарандардын бай катмарынан ыктыярдуу же мажбурий түрдө акча топтоп алууну да көздөшөт. О.э. элдин башына түшкөн балээден пайдаланып, бюджеттеги дефициттерди жаап, бир катар саясий проблемалардан кутулуп алмакчы болушат.

Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери да насронийлер сыяктуу кырдаалга карай, элдин диний ишениминен пайдаланып, аларды өз динине байлаган абалда ишеним менен коркунучка каршы багытташы керек эле. Себеби, вабага каршы күрөштө, калк менен мамлекеттин пикир-туйгу шайкештиги ийгиликтин кепилдиги болуп эсептелет. Бул болсо мамлекет жана үммөттүн ошол маселедеги ыйманий мухитте биригүүсү менен т.а. вабага каршы күрөштөгү шаръий маселеге амал кылуу менен ишке ашат. Ошондо калк мамлекетке жана анын ушул маселеде чыгарып жаткан токтотмдоруна ыктыярдуу түрдө моюн суна баштайт. Ушундай шайкештик болбосо, мамлекеттерибиз кырдаалдан чыга албай ири мамлекеттерден жардам алып, дагы миллиарддаган карыздарга бата берет.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here