283
0

Халифалык кулатылгандан кийин Үммөттүн пикирий байлыгына да олуттуу сокку берилди

Араканда, Борбордук Африкада, Кашмирде, Шри-Ланкада жана дүйнөнүн башка бурчтарында массалык кыргындар ишке ашырылды, учурда Индиядагы уйдун кулдары мусулман ага инилерибизди жана эже-карындаштарыбызды аёосуз кордоп жатышат, бирок, Ислам өлкөлөрүндөгү аскерлерибиз козголуп да коюшпады. (Туура, аскерлер жана жетекчилер арасында дин үчүн жан  бере турган, туура пикирлей турган калыс адамдар жок эмес).

Ислам өлкөлөрүнүн башчылары болсо, бул абалдар жөнүндө “бул алардын ички проблемасы” деген билдирүү таратып жатышат. Кытайга сапар кылган Түркия президенти Чыгыш Түркстандагы уйүур мусулмандар маселесин “Кытайдын ички маселеси” деди жана бул жаатта Кытай өкмөтүн колдой турганын билдирди. Мусулман калктар болсо аскерлер  менен жетекчилерди олуттуу мухасаба кылбай жатышат.

Эмне үчүн? Себеби, куфр калкы миладий 1924-жыл, 3 март; Хижрий 134-жыл 28-ражаб күнү Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Ислам үммөтүнүн пикирий байлыгына да олуттуу чабуул кылды. Т.а. Ислам үммөтү кичинекей мамлекетчелерге бөлүнгөндөн кийин кайрадан биригип кетпеши үчүн мусулмандардын пикирлөө усулуна да соккуларды берди. Үммөттүн пикирий жана сакафий мурасына жат түшүнүктөрдү сиңирүү үчүн болгон күчүн жумшашты. Себеби, мусулмандардын бөлүнүшүн тереңдетүү жана биригүүсүнүн алдын алуу үчүн аларды пикирий жактан адаштыруу куфрдун эң негизги ыкмасы болуп эсептелет.

Белгилүү болгондой, ар кандай үммөттүн эң улуу байлыгы – анын пикирий байлыгы. Башка бардык байлыктар ушул улуу байлык алдында арзыбаган нерсе болуп эсептелет. Эгерде бирер калк пикирий байлыгын жоготсо, ал шек-күмөнсүз турмуш жолун жоготот жана акыбетте бардыгынан айрылат. Ал эми өнөржай, аскерий, кол-өнөрчүлүк жана айыл-чарбасы сыяктуу башка байлыктарын жогтосо да, бирок пикирий байлыгын сактап калган болсо, анда бул үммөт жоготкон нерсесин тез эле кайрадан тикелеп алат.

Мурда мусулмандар бир нерсе тууралуу пикирлешсе ал үчүн

«لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللهِ»

«Аллахтан башка илах жок. Мухаммад Аллахтын пайгамбары»

акыйдасын негиз кылып алышат эле. Ошондуктан да алар өнүгүштү, бийикиттиктерге көтөрүлүштү, маданият жана илим тармагында башка калктардан озуп кетишти о.э. ал калктарга өз рисалатын жеткире алышты. А бирок, бүгүнкү күндө куфр мусулмандардагы пикирлөө тарыйкатын бузуп таштаганы себептүү мусулмандар пикирлегенде кызыкчылык, жандын тынчтыгы жана ач көздүктү негиз кылып ала турган болушту. Натыйжада кичинекей мамлекетчелерге бөлүнгөн Ислам үммөтү жасалма чек аралар артындагы боордошторуна чоочун сыяктуу карап калышты. Бир кездерде Индия, Синд, Фарс, Рим, Андалусия, Вена, Франциянын чоң бөлүгү, Пиреней тоолору, Индонезия, Африканын түндүк жана борбордук бөлүктөрүнө адилеттүүлүк орноткон Мусулмандар бүгүнкү күндө “Сирия маселеси сириялыктардын, Афганистан маселеси афгандардын, (Израиль) маселеси арабдардын проблемасы” деген назарда карай турган болушту. Себеби, “бул алардын проблемасы” деген ката пикир өкүмдар болуп калды. 

Ушундай болгон соң, мусулмандар дагы кайрадан бийиктикке карай кадам таштоо үчүн ар тараптан өздөрүн оңдошу менен бир катарда пикирлөө тарйыкатын туура түшүнүп жетиши жана турмуштун бардык тармактарында пикир жүргүзгөндө

«لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللهِ»

«Аллахтан башка илах жок. Мухаммад Аллахтын пайгамбары»

акыйдасын негиз кылып алышы зарыл.

Эгерде, Үммөт пикирлөөдө куфр тыгыштыргандай кызыкчылык, жандын тынчтыгы жана ач көздүктү негиз кылып ала турган болсо, жогорудагы натыйжа кайталана берет.

Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

« Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз »     [20:124]

Бул макала Халифалык кулатылган кайгылуу күндүн 99 жылдыгына арналды.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here