МУНАЙ: БАА СОГУШУ

517
0

Мунай: баа согушу

6-мартта «ОПЕК+» форматындагы сүйлөшүүлөрдө тараптар бир мунасага келише алган жок. Бул сүйлөшүүлөрдө Саудия коронавирус себептүү дүйнөдө мунайга карата суроо-талап азайгандыктан, мунайдын баасын туруктуу кармап туруу үчүн мунай өндүрүүнү кыскартууга чакырды, өз кезегинде Россия бул сунушка каршы чыгып, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз бүттү. Андан соң Саудия Россиянын каршы жообуна өчөшүп мунай өндүрүүнү көбөйттү жана өз мунайын өтө арзандатылган баада сата баштады. Натыйжада, дүйнөлүк базарда мунайдын 1 баррель баасы 30 долларга чейин түштү. Бул абал 1985-жылды эске салат, ал учурда Саудия АКШнын буйругу менен мунай өндүрүүнү кескин көбөйткөн, акыбетте, мунайдын баасы өтө төмөндөп СССРдин экономикасына абдан үлкөн зыян жеткен.

Мунай тармагындагы азыркы абалга киришүүдөн мурун, акыркы 10 жыл ичиндеги окуяларга көз жүгүртүп чыгалы. Белгилей кетсек, Россия мунай өндүргөн 14 мамлекеттен турган ОПЕК уюмуна мүчө эмес. ОПЕК базардын суроо-талабына ылайык мунай өндүрүүнү кыскартканда мунайдын баасы жогорулайт. Россия бул абалдан пайдаланып мунай өндүрүүнүн көбөйтүп ири кирешелерди алып келди, ал тургай, күнүмдүк мунай өндүрүүнү 11 миллион баррелге жеткирип, дүйнөлүк мунай өндүрүүнүн 10% үлүшүнө ээ болду.

Ошол эле учурда, акыркы 10 жыл ичинде АКШ сланец мунайын өндүрүүгө катуу киришти. Бирок, сланец мунайын өндүрүү чоң чыгашаны талап кылгандыктан, аны өндүрүү үчүн мунайдын баасы баррелине 60 доллар тегерегинде болуп туруктуу турушу керек. Бирок, ОПЕКке мүчө болбогон (мунай өндүрүүдө эч кандай милдеттенме албаган) Россия базарга каалагандай аралашып, бааны олку-солку кылып жатты. Ошондуктан, Америка ОПЕК ичинде таасирлүү болгон Саудия менен Россияны мунасага келтирүү аркылуу, Россиянын мунай өндүрүшүн көзөмөлгө алуу үчүн Россия менен ОПЕК ортосунда жаңы келишим түзүүгө Саудияны милдеттендирди. Ал кезде да, бул келишим түзүлөрдөн мурун Саудия келишим түзүлбөсө дүйнөлүк базарды арзан мунайга толтуруп жиберем деп коркутуу таризинде чакырык жолдогон. Ошентип, 2016-жылы ОПЕК жана Россия башында турган 11 мамлекет ортосунда келишим түзүлүп, ал «ОПЕК+» деп аталды.

Мына ушундайча АКШ «ОПЕК+» (Саудия) аркылуу Россиянын мунай өндүрүшүн көзөмөлгө алып, өзүнүн сланец мунайын өндүрүүгө ыңгайлуу шарт жаратты. Акыркы төрт жыл ичинде сланец мунайын өндүргөн америкалык компаниялар Россия менен ОПЕКтин кызматташуусунан пайдаланып көптөгөн ийгиликтерге жетишти. «2016-жылы Москва менен Эр-Рияд мунай өндүрүүнү кыскартуу жөнүндө сүйлөшүү өткөрө баштагандан бери Америкада мунай өндүрүү күнүнө 4,5 миллион баррелге чейин жогорулады. АКШ Россиянын жана Саудиянын мунай базарындагы чоң үлүшүн тартып алды. Ушул жылдын февралына карата АКШнын дүйнөлүк мунай өндүрүүдөгү үлүшү төрт пайыздык пунктуга көтөрүлдү, ал эми, орустар менен саудиялыктардын жалпы үлүшү үч пайыздык пунктуга төмөндөдү». (Financial Times, 12.03.20). Көрүнүп тургандай, АКШ өзүндөгү сланец мунайын өндүрүшү үчүн «ОПЕК+» келишими пайдалуу болду, жада калса, дүйнөлүк базарда АКШнын сланец мунайынын үлүшү көбөйдү. Россия «ОПЕК+» келишимине ылайык ар сапар мунай өндүрүүнү кыскартканда, анын дүйнөлүк базардагы үлүшүн АКШ компаниялары тартып ала баштады. Бул жагдайды «Роснефть» компаниясынын пресс-катчысы Михаил Леонтьев ачык эле айтты: «Биз Американын кымбат сланец мунайына жол ачуу үчүн базардагы үлүшүбүздөн баш тартып, орус жана арабдардын арзан мунайын базардан алып чыгып жатабыз жана аны (сланец мунайын) өндүрүүнүн эффективдүүлүгүн камсыздап берүүдөбүз». (РИА, 08.03.20). Ошондой эле, «Роснефть» өкүлү мындай билдирүү берди: «ОПЕК+ келишимин узартуунун натыйжасында бошоп калган мунай көлөмүнүн ордун бат эле Американын сланец мунайы ээлеп алууда». (Financial Times, 09.03.20). «ОПЕК+» келишими Амеирканын сланец мунайын өндүрүүгө жана дүйнөлүк базарда ал Саудия менен Россиянын бошоп калган ордун ээлешине жол ачты.

Албетте, бул жагдай Россияга жакпады, ал «ОПЕК+» тузагына түшкөнүн сезди жана дүйнөлүк мунай базарында өз үлүшүн Американын сланец мунайын өндүргөн компанияларга тарттырып жатканын көрдү. Ошондуктан, 6-мартта Россия «ОПЕК+» келишимин узартуудан баш тартып, келишимден чыгып кетти. Ал эми, АКШ Россияны ооздуктоо үчүн кайра эле эски ыкманы ишке салды, башкача айтканда, өз малайы Саудияны мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү буйруп, Саудия аркылуу Россияны опузалап жатат: «Келишимге келбесең, мунайдын баасын төмөндөтөм, кийин зыян тартасың» деген сыңары. Адамдар мунай базарындагы согуш Саудия менен Россия ортосунда болуп жатат деп ойлошууда, бирок, согуш АКШ менен Россия ортосунда болууда. Саудия – АКШ өзүнүн максатына жетүүдө колдонгон бир инструмент гана. «Шек-күмөнсүз, согуш Эр-Рияд менен Москва ортосунда чыкты, бирок, ал согуш мунай базарындагы ири оюнчуларга байланыштуу, жана Сауд Арабия алардын катарына кирбейт. Негизги оюнчу Америка болуп эсептелет, ал эми, саудиялыктар – анын колундагы инструмент гана». (Al Jazeera, 10.03.20).

Ушул өңүттө мунай базарында баа согушу башталды. Мунайдын баасы төмөндөшү менен Россия валютасынын баасы да түштү, аны менен бирге, экономикасы Россияга байланган жана жарандарынын көпчүлүгү Россияды иштеп жүргөн Кыргызстандын да валютасынын баасы төмөндөдү.

Мына ушундай көрүнүштө мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер биздин байлыктарыбызды колонизатор кафирлердин саясий оюндарына сапырышууда. Эгер, бул колонизаторлор өз кызыкчылыгына ылайык мунай өндүрүүнү азайтууну талап кылышса, бул рувайбиза акимдер лаббей деп жооп беришет. Ошондой эле, алар мунай өндүрүүнү көбөйткүлө десе, бул рувайбиза акимдер ага да лаббей деп жооп беришет. Эгер, колонизаторлордун кызыкчылыгы талап кылып, биздин байлыктарыбызды арзан баада алгылары келишсе, бул кыянатчыл акимдер ага да макул болушат. Эгер, алар биздин байлыктарыбызды бекер алгылары келсе, бул рувайбизалар өз тактыларын сактап калуу үчүн ага да макул болушат!!! Акимдердин бул дүйнөдөгү абалы Аллах Таала айткандай:

﴿صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لاَ يَعْقِلُونَ﴾

«Алар акыл жүргүзбөгөн дүлөй, дудук жана көр»                                                       [2:18]

Акыретте да көр абалда болушат:

﴿وَمَنْ كَانَ فِي هَذِهِ أَعْمَى فَهُوَ فِي الْآخِرَةِ أَعْمَى وَأَضَلُّ سَبِيلاً﴾

«Кимде-ким бул дүйнөдө көр болсо, демек, Акыркетте да көр жана адашкан жолдо (болот)»

                                                                                                                                  [17:72]

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here