Кыргызстанда доллар кымбаттады

367
0

Кыргызстанда доллар кымбаттады

Кыргызстандын коммерциялык банктары бүгүн 19-мартта долларды жана еврону кымбаттаган баада сата баштады. Ушу тапта коммерциялык банктардын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 95 сомго чыкты.

Буга чейин 10-мартта доллар үч сомго кымбаттаган эле. Мындай кесепетке коронавирустан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары кыскарып, мунай продукциясына суроо-талап азайганы себеп болгон. Мунун алдын алуу үчүн өндүрүш көлөмүн чектөөнү макулдашуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөр (ОПЕК жана ага кирбегендер) өткөн аптанын аягында Венага чогулган. Бирок Орусия “чектөөгө негиз жок” экенин билдиргенден кийин келишим жокко чыкты. Орусиянын чечимине жооп иретинде ишембиде Сауд Арабиясы апрелден тарта өзү өндүргөн мунайды 6-8долларга чейин арзандатып, өндүрүштү тескерисинче көбөйтмөй болду. Мунун кесепетинен Орусия күнүнө 100-150 миллион доллардан жоготоору айтылууда.

Белгилүү болгондой капитализм пайдага жана колонизаторлук саясатка негизделген идеология. Анда дүйнөлүк экономика түзүмү лидер мамлекеттин тагыраагы, учурда АКШ пайдасына ыңгайлуу кылып курулган. АКШ 1944-жылы Бреттон Вудста алтынга таянган доллар түзүмү, 1971-жылы эч нерсеге таянбаган доллар түзүмү аркылуу ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болду. Учурда дүйнө өлкөлөрү өз резервдерин АКШнын ушул кагаз акчалары менен толтуруп кармап турушат. Маселен, өткөн жылдын аягында 146 дүйнөлүк борбордук банктардын резервинде доллар 64% түздү. Экинчи оорунда 20% менен евро, жапон йени жана фунт стерлинг 5%ды түздү. Ал эми Кытайдын юаны бул банктарда болгону 108 миллиард тактап айтканда 1%га жетпеген көлөмдө. Мындай абал өз кезегинде АКШга текебер саясат жүргүзүүсүнө шарт жаратты. Орусия, Кытай, Европанын доллардан баш тартуу аракеттери негизинен мына ушул резервдеги долларлар айынан ийгиликсиздикке учурады.

Ошондой эле, АКШ Саудия сыяктуу негизги мунай өндүрүүчү мамлекеттердин үстүндө колонизаторлук саясаты себептүү мунай баасына таасир өткөрөт. Буга чейин Саудия баштаган ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр жана Орусия ортосунда 2016-жылдын аягында келишим түзүлгөн эле. Ага ылайык, күнүмдүк мунай өндүрүү 1.8 милион баррелге кыскармак. Бул базардагы ашыкча мунайды азайтуу жана анын баасын көтөрүүгө каратылган. Учурда болсо мунайдын баасы туруксуз абалга кептелди. Башкача айтканда суроо талаптын өзгөрүүсү мунайдын баасына түздөн түз таасир эткендиктен, коронавирустун жайылышынан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары кыскарып, мунай продукциясына суроо-талап азайды. Мында бүткүл дүйнөлүк мунай керектөөнүн 10 пайызын, Азиянын үчтөн бир мунай керектөөсүн түзгөн Кытайдын үлүшү чоң болду. Анткени, коронавирустун артынан дээрлик бардык өлкөлөр Кытай менен чек араларын жапты. Буга кошумча мунайдын баасынын жогору болушу Америка кызыкчылыгына дал келбей баштагандыктан, Америка мунай өндүрүүчү өлкөлөргө Саудия аркылуу кысым өткөрө баштады. Бул кысым айрыкча, жаңы келишимге көнбөгөн Орусияга багытталууда.

Бүгүнкү күндө Америка доллары дүйнөлүк мамилеге көзөмөл кылат. Бул кырдаал Америка доллары үчүн ири жасалма базарды жаратып берет. Мына ушул нерсе баардык жергиликтүү акча бирдиктеринен долларды айырмалап турат. Доллар ортомчулук алаканы аткарып берүүдө чек жок болуп, азыркы учурда жүгүртүүдө 5.4 трилиондон ашыгыраак доллар бар. Мунун Америка өндүрүшүнө же кызматтарына эч кандай тиешеси жок. Көңүлдү бура турган нерсе күнүмдүк чет элдик акча жүгүртүүлөрдүн 84.9%ы доллар менен жүгүртүлөт. Американын өзүнө тийиштүү өлчөмү мунун жарымынан азыраагын гана түзөт. Доллардын мындай экономикалык күчү Американы башка өлкөлөрдү экономикалык жана финансы жагынан зекип туруу кубатына ээ кылды. Ал эле эмес, Америка бутага алып зекип турган өлкөлөр менен башка өлкөлөр да АКШ сабында аракет кыла турган болуп калды.

Мындай абал акча бирдиги алтын менен күмүш болгондо гана чечилет. Эгер кагаз акча чыгарыла турган болсо анда анын алтын жана күмүштөн каптамасы болуусу зарыл. Башкача айтканда, алтын жана күмүш банктардын резервинде товар катары сакталып турбастан, ал экөө өзү акча катары айланып турушу зарыл жана эгер кагаз акча басып чыгарылса, ал канча алтын же күмүшкө барабар экендиги көргөзүлүүсү зарыл. Тактап айтканда, ар бир өлкөдөгү борбордук банк алтын жана күмүш акчаны чыгарат. Эгер кагаз акча чыгарса, анда ал канча алтын же күмүшкө тете экендигин көргөзөт. Ал кагаз акчаны ким кааласа каалган учурда банкка барып, ага каптама болуп турган алтын же күмүштү айырбаштап алат. Башкача айтканда, ал кагаз акча алтын менен күмүштүн орун басары катары жүгүртүлө берет. Муну менен кожоюндук кагаз акчага эмес, алтын жана күмүшкө таандык болот. Ошондо гана бир мамлекет кыйматы жок кагаз акча менен башка бир мамлекеттин байлыгын тоноп, алардын аракетин пайдалана албайт жана душмандык согуш отун тутандыра албайт. Биз көрүп турганыбыздай, бул ишти кыла ала турган дүйнөдө бир да мамлекет жок. Бул ишти кыла турган мамлекет – Халифалык мамлекети. Халифалык мамлекети бул ишти кылбай коюшу мүмкүн эмес. Анткени шарий өкүмгө ылайык, Ислам мамлекетинде алтын жана күмүш акча түзүмү иштетилет. Мына ушул түзүм гана бүгүнкү зулумдукту четке сүрүп чыгарат. Биз күбө болуп тургандай, бул түзүмдү колдонуудан канчалаган финасылык, экономикалык кризистер келип чыгып, анын натыйжасында адамдар кыйматы жок кагаз акча негизинде канчалаган мал-мүлктөрүн талатып-тонотушуп запкы тартып жатышат. Ошондуктан бул батыл түзүмдү кулатып, Исламдагы алтын жана күмүш акча түзүмүн тикелөө зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here