Аял укугу демократиялык коомдо эмес Исламда гана корголот

712
0

Аял укугу демократиялык коомдо эмес Исламда гана корголот

10-мартта Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында феминисттер, укук коргоо уюмдарынан турган батышчыл күчтөр баштаган топ аял укугун шылтоо кылып акция өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө 8-мартта өткөн акциядагы милициянын аракетине баа берүү талап кылынып, «зордук-зомбулукка каршы» чакырыктар айтылды.

Иш-чарага катышкан экс-президент Роза Отунбаева Ички иштер министрлигин 8-марттагы окуяларга жооптуу деп айыптап, мекемени Кыргызстандын абийирин төгүп атканын айтты.

Түпкүлүгүндө, аял укугу жана аларга карата зомбулук Кыргызстанга караганда Батыш өлкөлөрүндө эселеп көп жана жыл сайын өсүп келет. Маселен, USA Today басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94%ы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. Францияга келсек, 4 миллион француз аял же аялдардын 12%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эмиар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт, 2017-жылы эки же үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Бириккен Улуттар Уюму да бул көрсөткүчтөрдөн артта эмес, БУУ кызматкерлеринин үчтөн бири кеминде бир жолу жумуш ордунда сексуалдык тийтиштикке кабылышкан. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда келишинче, дүйнөдө ар үчүнчү же аялдардын 35%ы физикалык же сексуалдык зомбулукка туш болгон.

Аялдардын мындай кор болушунун себеби капитализмдин (демократиянын) аял жөнүндөгү көз карашына байланыштуу. Капитализм аял затына дене ырахатын кандыруучу товар катары көрөт. Ошондуктан, капитализм аялдан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Ал сойку болуу мененби же рекламаларда жылаңач денесин көрсөткөн модель болуп пайда алып келеби, айырмасы жок. Бул көз караш адамдарды аялдарга ар кандай түрдө зомбулук кылууга үндөшү табигый.

Демек, жогоруда айтылгандай, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Алардын максаты аялдарды зомбулуктан коргоо эмес, тескерисинче, демократияны жаюу, аны жаюуга жолтоо болгон тоскоолдуктарга каршы күрөшүү. Бүгүнкү күндө демократиянын жайылуусуна тоскоол болуп турган жалгыз нерсе – Ислам. Ошондуктан, колонизаторлор Исламдын өкүмдөрүнө, көз караштарына, адеп-ахлагына, мыйзамдарына каршы күрөшүүдө. Колонизаторлор бир тараптан, 8-марттагы сыяктуу ыкмалар менен өз ыпластыгын коомго таңуулап жатат. Экинчи фронтто болсо мындай ыпластыкты  коомдон тазалап жаткан Исламга каршы күрөшүп жатат. Мында «экстремизм» шылтоолору менен мусулмандардын биримдиги, шартиятты көтөрүп чыккан мусулмандар бутага алынып жатат. Андыктан, биз мусулман коомчулугу Батыштын ыплас сакофаты коомго тереңдеп кирип келишине каршы турушубуз шарт. Ал үчүн өз Исламыбызды, андагы эркек менен аялдын акы укуктарын камтыган ижтима түзүмүн тунук түшүнүп баруу керек. Мына ушул таза сакофат менен гана Батыштын чабуулуна туруштук бере алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here