Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болот

564
0

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болот

Расмий Ташкент Евразия Экономикалык Биримдигине байкоочу болот. Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, аткаруу бийлиги жакында парламенттин эки палатасына буга байланыштуу сунуш киргизет.

Мирзиёев буга чейин Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болуп кошулбай турганын Алий Межлисинде билдирген эле. Ал Өзбекстан байкоочу катары уюмдун оң-терс жактарын карай турганын кошумчалаган. Москва болсо биримдикке мүчө болуу алгач байкоочулук макам менен башталарын айткан. Ошондой эле  Мирзиёевдин февраль айына Москвага белгиленген иш сапары июнга калган болчу.

Мындан белгилүү болгондой, Өзбекстан акыркы учурда Батыш менен Орусиянын таасир талашуу майданына айланып барууда. Орусия чек ара, миграция маселесин шылтоо кылып Өзбекстанды ЕАЭБге киргизүү үчүн басым өткөрүп келет. АКШ Өзбекстанга ар кандай экономикалык, техникалык көмөк көрсөтүү жана “С5+1” биримдиги, “Афганистан” маселесин шылтоо кылуу аркылуу таасирин жаюуга аракет кылууда. Эгер Өзбекстан Батышка ооп кетсе, Россиянын өлкө ичинде тополоңдор уюштуруу коркунучу бар. Ал эми Орусияга толук моюн сунуп берсе, Батыш колдоосунан кур жалак калат. Ошондуктан, эки “дөөнүн” ортосунда эптеп бир арга табууга мухтаж. Ушундан улам, Мирзиёев ЕАЭБге каршы сүйлөмүш этип, ага кирүүнү кечеңдетүү менен Батыштын көңүлүн алмакчы. Ошол эле учурда, Россияны тынчтандыруу үчүн, бул уюмга байкоочу катары кошулганы турат.        

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here