Сауд Арабиясы нефть өндүрүү көлөмүн 26 пайызга көбөйтөт

628
0

Сауд Арабиясы нефть өндүрүү көлөмүн 26 пайызга көбөйтөт

Дүйнөдөгү эң ири нефть өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Saudi Aramco компаниясы апрель айынан баштап суткасына 12,3 млн баррелге чейин нефть өндүрөт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Бул көрсөткүч ОПЕК жана ОПЕК+ мүчөлөрү ортосунда түзүлгөн келишимдегиден 26 пайызга көптүк кылат. Келишим боюнча, Saudi Aramco 2020-жылдын биринчи кварталында суткасына 9,7 млн баррель нефть өндүрүү милдеттенмесин алган. 

1-апрелден баштап ОПЕК+ келишими жокко чыгарылат, себеби 6-мартта Венада болуп өткөн жолугушууда Россия нефть өндүрүүнү чектөөгө кошулбаган.

Дүйшөмбү күнү Brent үлгүсүндөгү нефтинин баасы 20 пайыздан көбүрөөк арзандап кетип, бул нерсе дүйнөлүк биржаларга терс таасирин тийгизди.

Нефтинин баасы төмөндөшүнүн артынан Россия рублинин доллар жана еврога карата куну түшүп кетти.

 Комментарий: АКШ СССРди кулатуу үчүн жарыша куралданууну баштап, аны “кансыз согуш”ка тарткан жана нефтинин баасын 15 жылдан ашуун убакыт жасалма түрдө арзандатып турган. АКШ Россияны ого бетер алдан тайдыруу үчүн дагы кайрадан ошол эски сценарийди ишке салып жаткан окшойт. Белгилүү болгондой, Россиянын экономикасы негизинен нефтиге байланып калган, нефтинин баасы болсо дүйнөлүк базарда жасалма түрдө арзандатылып жатат. Американын бул планын ишке ашырууда, тарыхта болгону сыяктуу, Саудия дагы кайрадан маанилүү рол ойноп бергени турат.

 2014-жылдын март айында АКШнын мурунку президенти Рональд Рейгандын уулу Майкл Рейган ошол кездеги президент Барак Обамага кат аркылуу кайрылып, ага Рональд Рейган ХХ-кылымдын 80-жылдарында Саудияга барганын жана дүйнөлүк базарда нефтинин баасын түшүрүүнү талап кылганын эскертип, Путинге каршы да ушундай стратегия колдонууну талап кылган.

Ал:  “Эгер биздин президент Россияны чындап эле Украинадан алыстатууну каалап жаткан болсо, жаңы советтик империя пайда болбой туруп, өз аракеттерин жакшылап ойлоп көрүшү жана Рейгандан үлгү алышы керек болот. Ал “Россияны” экономикалык жактан муунтуп салышы керек, анткени муну менен, ал жерде жашап жаткан адамдардын ич кийим сатып алууга да чамасы келбей калсын”, – деген эле. АКШ Россиянын азыркы абалына да ыраазы эмес. Ал Россияны дагы кайрадан Ельциндин тушундагыдай алсыз жана карыздар мамлекетке айландыруу үчүн колунан келишинче аракет кылууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here