Кытайга Нарын облусунан ижарага жер берилет

433
0

Кытайга Нарын облусунан ижарага жер берилет

Ат-Башы районунда жайгашкан, 176 гектар жердин Кытайлык инвесторлорго ижарага берилиши коомчулукта кызуу талкууланууда. Буга байланыштуу Бишкек шаарында атайын жыйын болуп өттү.

Буга чейин Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борборго кытайлык ишкер Лю Индин инвестор болоору кабарланган. Анын Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, мамлекет аталган жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына бөлүп берген. Алардан кытай ишкерлери менен бирге 49 жылга ижарага алынган.

Абдыкадыров кытайлык ишкер 280 млн. доллар каражатты түз инвестиция кылаарын, анын курулушун Кыргызстандык компания жүргүзөрүн кошумчалады.

Белгилүү болгондой Кытай мамлекети карыз, инвестиция шылтоолору менен бир катар өлкөлөрдүн стратегиялык жайларын ээлеп алган. Маселен, Шри-Ланка Кытайга 8 миллиард карызы үчүн  маанилүү порту Хамбантотаны кытайлык компанияга 99 жылга берүүгө аргасыз болгон. Бирок бул да карызынын 1,1 миллиард долларын жабууга гана жеткен. Шри-Ланкага чейин Пакистан да Гвадар портун Кытайга 43 жылга берүүгө мажбур болгон. Ал эми Африкадагы Жибути мамлекети Кытайга болгон карызынан улам, өлкөсүнө Кытайдын аскердик база ачуусуна макулдук берген.  Коңшу Тажикстан болсо, Кытай компаниясынын жылуулук борбор куруп берген акысына “Жогорку Кумарг” алтын кенин берүүгө аргасыз болду.

Акыркы учурда Кытай Кыргызстанга карата да колонизаторлук саясатын күчөтүп барууда. Маселен, Кытай 1999-жылы бийликтеги саткындардын колу менен Үзөнгү-Куушту тартып алган. Учурда да “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Кыргызстанды экономикалык жактан тузакка илип алып, Шинжаңдагы мусулмандардын үстүндөгү зулумдугун колдой турган кылып койду. Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи айлампасын утуп алып, башка тараптан өкмөт менен түзмө-түз келишим аркылуу адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотуп, Шинжаңдагы саясатын Кыргызстанда да ишке ашыруу алдында турат. Бул албетте, Кытайдын негизги кызыкчылыктарынан эсептелет. Инвестиция шылтоосу менен миллиарддаган карыздарды берип, ал каражаттар менен Кытай компаниялары ТЭЦ, Датка-Кемин чордону, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырып капчыктарын кампайтууда. Учурда Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу астында турат. Кыргызстан болсо бул акчаларды үстөк пайызы менен кайра төлөмөкчү. Ошондой эле кен байлыктарыбыз Кытай компанияларына ит бекер берилип, пайдасын ташып кетип, таштандылар биздин экологияны бузуп калууда. Кытай өз сакофаты менен да кирип келүүгө аракеттенип жатат. Буга Кытай жазуучу тарыхчыларынын биздин тарыхты иликтөөсү, Кытай маалымат каражаттарынын Кыргызстанда иш алып баруусу мисал боло алат.
Жыйынтыктап айтканда, Кытай Кыргызстанды өз колониясы катары көрө баштады, болгону бул баскынчылык кооз сөздөр менен шөкөттөлүп айтылып келет.


Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here