Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү

364
0

Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү

24-январда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйыны “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Кеңештин чечимдери аткарылбай жатканын белгиледи.

Күн тартибинде сот, көзөмөл, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана тоо-кен казуу секторундагы көйгөлөрдү чечүүгө багытталган маселелер болду. 

Жээнбеков өз сөзүндө коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланыш керектигин, Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйындарында кабыл алынган чечимдер ишке ашпай жатканы элдин бийликке болгон нааразылыгын күчөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле колунан иш келбегендерди одун башкаларга тапшырып кетүүгө чакырды.

Чындыгында, акыркы учурда бийликке, аткаминерлерге карата элдин нааразылыгы күчөп баратат. О.э. мындай абалды жаратууга АКШнын да кызыкчылыгы күч, ушундан улам, ага караштуу бейөкмөт уюмдар, активисттер, маалымат каражаттары бул багытта активдүү иш алып барууда. Анткени, ушул жылы өтө турган парламенттик шайлоо 9% чеги менен калса, бийлик сүрөгөн гана партиялар келиши анык. Ошондуктан, Батыш өз кадрларын парламентке киргизүү үчүн туруксуздуктарды жаратуу менен шайлоо чегин төмөндөтүүгө кызыктар.

Түпкүлүгүндө, бузук башкаруу чөйрө өзгөрмөйүнчө, жетекчилерди же бийликти алмаштыруудан эч кандай майнап чыкпашы анык. Кыргызстандын “эгемендик” жылдарында бир катар жетекчилер алмашкан менен башкаруу механизми, эл аралык саясатка көз карандылык өзгөрбөдү. Кыргызстандын башкаруу системасы дүйнөлүк башкаруу системасына көз каранды болгондуктан, эл аралык мыйзамдарга моюн сунууга мажбур. Эл аралык мыйзамдар болсо, эл аралык саясатка таасири күчтүү болгон жетекчи мамлекеттердин көзөмөлүндө. Ошондуктан, кыргыз бийлиги мамлекеттик саясатты алардын кызыкчылыгына ылайыкташтыруу негизинде алып барууга мажбур.
Мына ушундай чырмалышкан системанын натыйжасында Кыргызстандагы саясий чөйрө колонизаторлордон кутулуу жана өз алдынча болуу жөнүндө пикирлей албай турган болуп калды. Демек, учурдагы саясий чөйрөнүн экономикалык көз карандысыздык жана өнүгүү жөнүндө пикирлешин, же бирер реформаларды ишке ашырышын күтүү мүмкүн эмес!  

Бүгүнкү күндө коомдун негизги көйгөйү – мына ушул күнкарама саясий чөйрөнүн Орусиянын же Батыштын кызыкчылыгы үчүн гана иш алып баруусунда жатат. Андыктан, үммөт мындай төмөндүктөн алып чыга турган, анын ордуна адамдардын акылын канааттандырган, табиятына туура келген жана жүрөктөрүн тынчтыкка бөлөгөн Ислам системасын алып келүүгө бүткүл күч аракетин жумшашы керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here