Лукашенко: Казакстандын нефтисин алышыбызга Россия тоскоолдук кылууда

313
0

Лукашенко: Казакстандын нефтисин алышыбызга Россия тоскоолдук кылууда

Беларустун президенти Александр Лукашенко Москва казак нефтисин алып келүүгө тоскоолдук кылып жатканын билдирди. Бул билдирүү Россия менен Беларус ортосунда нефтинин баасы боюнча талаш-тартыштар болуп жаткан учурда берилди.

“Өнөктөшүбүздүн дагы бир өнөктөштөн мунай алышыбызга макул болбой жатканы өтө таң калыштуу. Мунай сатуу тармагында жагымсыз кырдаал түзүлдү, биз муну оңдошубуз керек, – деди Лукашенко.

Беларус, Орусия жана Казакстан – үчөө тең Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү. Россиянын президенти Владимир Путин бул уюм аркылуу Москванын мурдагы постсоветтик республикалардагы таасирин арттырууну, НАТОго жана Евробиримдикке туруштук берүүнү көздөйт.

Лукашенконун айтымында, орус мунайынын беларус рыногундагы көлөмү 30-40% түзүүгө тийиш.

Беларус акыркы кездерде нефть транзитинин баасы боюнча Россия менен талашып-тартышууда. Бул нерсе Москванын интеграцияны тереңдетүү жаатында Лукашенкого басымы күчөшүнүн натыйжасында жүз берүүдө. Беларус нефть жеткирип берүү жана каржылоодо Россияга көз каранды, ошол эле учурда ал Россия нефтисин Европага жеткирүүдө негизги транзиттик маршрут болуп эсептелет.

14-январда Беларустун вице-премьер-министри Дмитрий Крутов Минск Европа өлкөлөрүнө жана Казакстан менен Азербайжанга мунай сатып алыш үчүн коммерциялык сунуш жибергенин айткан. Мындан бир аз мурда, Казакстан нефть жеткирип берүү маселесин Беларус менен 20-январга чейин сүйлөшөрүн билдирген.

Президенттердин жыл соңундагы жолугушууларынан майнап чыккан эмес. Анда Лукашенко «эки өлкөгө бирдей шарт түзүлсүн» деп талап кылганын билдирген.

Декабрь айында Беларуста Россия менен интеграцияга каршы нааразылык акциялары болуп өткөн.

Сереп:  ЕАЭБ уюму Россиянын гана кызыкчылыгына кызмат кылат! ЕАЭБдеги союздаш мамлекеттер өз кызыкчылыгы негизинде бири-бири менен эркин жана ыктыярдуу алака орнотушуна Россия колунан келишинче тоскоолдук кылат.

Россия алдан тайып, саясий жана экономикалык кризиске батып барган сайын, анын өз кызыкчылыгынан келип чыгып ЕАЭБге койгон шарт жана талаптары да күчөп бара берет. О.э. өз кызыкчылыгы жолунда ЕАЭБдеги мамлекеттердин кызыкчылыктарын чектей берет.

Россия ЕАЭБден пайдаланып, Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттердин башка чет өлкөлөр менен саясий мамилелерин көзөмөлгө алууда. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча курулмакчы болуп жаткан темир жол долбооруна таасирин өткөрүп, аны токтотуп турат. Кыргызстандын экономикасы Россияга муктаж болгондуктан, Казакстан аркылуу жүк ташууда проблемаларды пайда кылуу менен Кыргызстанга толук басым өткөрө алат. Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу максатында ага басым өткөрүүдө да Казакстан жана Кыргызстандан пайдаланууга аракет кылып жатат. Акыркы кездердеги кыргыз-өзбек чек арасындагы окуялар жана чектөөлөр Россия менен Өзбекстан ортосундагы кызыкчылыктар келишпестигинен кийин жүз берүүдө. Бул чек арадагы окуялар жана мамиленин начарлашы Кыргызстан үчүн материалдык жана моралдык жактан зыян алып келет. Бул да Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушунун кесепетинен.

Беларус, Кыргызстандан айырмалуу түрдө, Европага (НАТОго) карата буфердик аймак болгондуктан, Россия үчүн стратегиялык мааниси күчтүүрөөк. Ошого карабастан, Путин Россиянын бүгүнкү абалынан келип чыгып, өз режимин сактап калууну негизги маселе кылып алды. Ал жарандар режимге каршы козголушунун алдын алуу үчүн Россия жарандарынын абалын, жашоо деңгээлин жакшыртууга олуттуу көңүл бурат.

ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ сыяктуу өзү түзгөн бир катар уюмдарды кайдыгер калтырууга мажбур. Же ал уюмдардан өзүнүн негизги маселеси жолунда максималдуу пайдаланууга аракет кылат.

Ошондуктан, жергиликтүү саясаттарда жүз берип жаткан бардык зулум жана айла-амалдарды эл аралык саясатка байлоо менен талдайбыз. Ар бир дүйнөлүк уюм аны түзгөн ири мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылат деген саясий аң-сезимден  келип чыгып баа беришибиз туура болот.Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here