КАПИТАЛИЗМДЕ ЭЧ КАЧАН ТЕҢДИК БОЛБОЙТ

403
0

Капитализмде эч качан теңдик болбойт

Дүйнөдө экономикалык теңсиздик «көзөмөлдөн чыгып кетти» делет Oxfam уюмунун баяндамасында. Дүйнөдөгө 2153 миллиардердин мүлкү жер калкынын 60%ын түзгөн 4,6 миллиард адамдын мүлкүнөн көп. Oxfam уюмунун бөлүм башчысы Амитабх Бехар айтат: «Байлар менен жакырлардын ортосундагы айырмачылыкты жоюу мүмкүн эмес. (…) Кемчиликтүү дүйнөлүк экономика катардагы адамдардын эсебинен миллиардерлердин жана ири бизнестин капчыгын толтурууда». (ТАСС, 20.01.20). Oxfam уюмунун эсептөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү 1% бай адамдардын мүлкү 89% жакыр калктын мүлкүнө барабар. Амитабх Бехар дагы мындай дейт: «Шек-күмөнсүз, биз байларга жакшы шарт жараткан экономикалык системанын алкагында жашап жатабыз, ошентип, байлар дагы да байып жатышат. Бул система аялдарды жана кыздарды, ошондой эле, калктын жакыр катмарын эксплуатация кылуу үстүнө курулган».

Капитализм (т.а. демократия) жалаң гана бактысыздык, теңсиздик, адилетсиздик алып келген система. Бул система өлкөлөрдүн ресурстарын талап-тоноо үстүнө курулган.

Рейтер агенттиги 20-январда «Дүйнөлүк сурамжылоо ырастап тургандай, капитализм «пайдадан көрө, көбүрөөк зыян» алып келет» деп аталаган макала жарыялады. Макалада мындай делет: «“Edelman Trust Barometer” компаниясы адамдардын капитализмди кандай кабылдап жатканын үйрөнүүгө урунду. (…) Сурамжылоо АКШ жана Франция сыяктуу либералдык демократиялык өлкөлөрдөн тартып, Кытай жана Россия сыяктуу башка моделдеги өлкөлөргө чейинки 28 мамлекеттеги 34 000ден ашуун адамды камтыды. Сурамжылоого катышкан адамдардын 56%ы «учурдагы капитализм пайдадан көрө, көбүрөөк зыян алып келерин» моюнга алышкан. (…) Улуттук деңгээлде Таиланд жана Индияда капитализмге ишенбестик билдирүү эң жогору болгон: Таиланд – 75%, Индия – 74%. Франция 69% менен алардын жанында турат. Мындай көз карашты Азиядагы, Европадагы, Фарс булуңундагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы өлкөлөрдө суражылоого катышкан адамдардын көпчүлүгү карманышат».

Капитализм (демократия) адамзатка жалаң гана зыян алып келерин өнүккөн Батыш калктары да, «үчүнчү дүйнө» калктары да моюндап жатышат. Капитализм дүйнөдөгү ресурстардын адилетсиз бөлүнүшүнө алып келет. Себеби, капитализм үлкөн ресурстарга (жер асты жана үстүндөгү үлкөн кен-байлыктарга) ээлик кылуу укугун жеке адамдарга, жеке компанияларга берет. Натыйжада, алар бул ресурстарга ээлик кылышып, катардагы адамдар бул ресурстардан пайдалануудан кур жалак калат. Мындай эркин экономика капитализмдин негизги түркүгү. Ошондуктан, капиталисттер өзүнө өзү балта чаппайт, башкача айтканда, бул системаны өзгөртпөйт.

Исламда үлкөн кен байлыктар жеке адамдардын жана жеке компаниялардын ээлигине берилбейт, ал – эл мүлкү. Биз, мусулмандар, эбак эле куфр системасы болгон капитализмден (демократиядан) баш тартып, өз Исламыбызга кайтуубуз керек эле. Негизи, биз муну менен өзүбүздү гана эмес, бүткүл дүйнөнү капитализм зулумунан куткарабыз.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here