Кыргызстан БУУга отчёт берди

335
0

Кыргызстан БУУга отчёт берди

20-январда Бириккен Улуттар Уюмунун Женевада өтүп жаткан адам укуктары боюнча сессиясында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация өкүлдөрү отчёт беришти.

Делегациянын мүчөсү Жаңыл Алыбаеванын отчётто белгилешинче, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өлкөдө 27 комитет ачылган, мындай комитеттерди ар бир айыл аймагында ачуу пландалууда. Жалпы өлкөдө 14 кризистик борбор ачылган, быйыл эки мамлекеттик кризистик борбор кошумча ачылат. Ала качуу жана эртелеп нике кыюуга каршы 2017-жылдан тарта атайын программа иштеп жатат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан “эгемендик” алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын жогорудагыдай отчёт берип турат. Бирок, комитеттердин, кризистик борборлордун ачылуусу, аталган проблемаларды чечип бериши мүмкүн эмес. Анткени, БУУ башында турган эл аралык уюмдар чакырып жаткан Батыш дүйнө карашы үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотмок турсун, азайта албайт. Буга Ички иштер министрлигинде ушул багытттагы катталган кылмыштардын саны жыл санап өсүп жатканы ачык далил. А түгүл, отчёт берилип жаткан БУУ кызматкерлери тарабынан жылына жүздөгөн адам зомбулук көрүп келет. Маселен, өткөн жылы БУУ кызматкерлери тарабынан 43 адам набыт болуп, алардын 19у аял, ону кыздар, бирөө эркек, экөө жаш бала, ону жашы аныкталбаган аялдар, бир адамдын кимдиги белгисиз экени, 12 адам жыныстык зордуктоонун курманы болгону айтылган. Бирок, БУУ нике сыяктуу Ислам баалуулуктарына каршы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, анын аткарылышына катуу маани берет. Бул иштер капитализмди четке кагып, үй-бүлөлүк институтту бакубаттуу жашоого алып чыга турган Исламдан адамдарды алыстатууга болгон аракеттен башка нерсе эмес. Андыктан, мындай көйгөйдөн кутулуу үчүн БУУга отчёт берүүгө эмес, Аллахтын динин бекем карманууга шашылалы жана Ал Затка гана эсеп-китеп берүүгө камыналы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here