Судан акимдери Умматтын суусунан баш тартууну, байлыктарын сапырууну жана коопсуздугуна коркунуч салууну улантууда

265
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судан акимдери Умматтын суусунан баш тартууну, байлыктарын сапырууну жана коопсуздугуна коркунуч салууну улантууда

Судан ирригация жана суу ресурстары министри Ясир Аббас Мисир, Эфиопия жана Судандын ортосунда Нахза суу сактагычын ишке түшүрүү боюнча кызматташуу бар экенин баса белгиледи. Аббастын бул билдирүүсү Хартумда эки күнгө созулган үч мамлекеттин ирригация жана суу ресурстары министрлери даражасындагы үчүнчү жолугушуунун аягында айтылды. Жолугушууга АКШ казынасынын жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи:

«Негизги тема суу сактагычтын курулганы жана ал Мисир менен Суданга коркунуч туудуруп жатканы болушу керек эле. Бирок, бул тема көтөрүлбөдү. Тескерисинче, бул, 2015-жылы 23-март күнү Хартумда принциптер келишими декларациясына кол коюлгандан бери бул макулдук бериле турган темага айланды».

Билдирүүдө ушуларга этибар каратылды: «Бул декларацияга кол коюу – Умматтын сууларынан баш тартуу, байлыктарын сапыруу жана коопсуздугуна коркунуч туудуруу. Себеби, бул декларация – саткындык. Бул саткындыкты жашыруу үчүн мына ушундай жолугушуулар өткөрүлүп, адамдарды алдоо аракети жасалып жатат!

Судандын азыркы акимдери кыянатта эски режимдин акимдеринин жолун ээрчип бара жатканы чоң мусийбат. Ирригация жана суу ресурстары министрлери ушул жолугушууда шайкеш көз караштар сунушталганын т.а. суу сактагычты ишке түшүрүүдө бир пикирге ээ экендиктерин баса белгилешүүдө».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Биз колонизатор кафирлердин пландары жана аларга малай акимдердин кыянаттарын ачыктап, Нахза суу сактагычы жөнүндөгү шаръий өкүмдү баян кылдык, дагы эле баян кылууну улантабыз. Хизб-ут-Тахрир бул туурасында билдирүүлөрдү жана баракчаларды чыгарып, форум жана жыйындарды өткөрүп, Умматка каршы фитна пландалып жатканын, акимдер анын акы-укуктарынан баш тартышканын ачыктап берди. Хизб китепче жарыялап, жогорудагылардын баарын баян кылды, бул суу сактагычтын түпкү максаты кандай экенин, ал убакыт келип жарыла турган мина сыяктуу өтө кооптуу экендигин, ар кандай убакта ачылып кетип, Судан менен Мисирди сууга чөктүрүшү мүмкүндүгүн о.э. эки өлкөгө зыян жеткирген кырсыктуу акыбеттерин ачыктап берди».

Роя гезити, №267, 2020-жыл, 1-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here