Мусулмандар келечекте Римди фатх кылышат

694
0

Мусулмандар келечекте Римди фатх кылышат

(Константинополь фатх кылынып, Исламболго айланган күнгө карата)

Стамбул шаарын кимдер гана билбейт. Ал дүйнөдөгү ири шаарлардын бири. Батыш менен Чыгышты байланыштырган, стратегиялык нуктада жайгашкан шаар. Бирок, Стамбулдун Исламга байланыштуу тарыхын көпчүлүк биле бербейт. Ал тургай, өзүн мусулман эсептегендердин да көпчүлүгү муну билишпейт. Анткени, алар өз тарыхтарынан атайын алыстатылышкан. Мисалы, Орто Азия мусулмандары Стамбулга караганда Москванын тарыхын жакшы билишет. Пакистандагы мусулмандар болсо Лондондун тарыхын жакшы билишет ж.б.у.с. Негизи, мусулмандар Мухаммад с.а.в.дын умматы катары Ислам тарыхын жакшы билүүлөрү керек эле. Ислам тарыхында нурлуу күндөр жана ибраттуу окуялар толуп-ташкан болуп, алар тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган.

Мына ушундай күндөрдөн бир күн, мына ушундай окуялардан бир окуя бүгүнкү жумадуль-аввал айынын 23-күнү болуп өткөн. Болгону, ал хижрий санак боюнча мындан 584 жыл мурун болгон. Мына ушул күнү Чыгыш Рим империясынын (Византия) борбору болгон Константинополь шаары мусулмандар тарабынан фатх кылынып, Исламбол шаарына айланган. (Ошондон бери кафирлер ага Константинополь атын кайтарып берүүгө катуу аракет кылып келишет. 18-кылымдын акырынан тартып алар өз ара эл аралык мамилелеринде Костантинополь топонимин  колдонушту. Наалаты Мустафа Кемаль Түркия Республикасын жарыялап, анын борборун Анкарага көчүргөндө, халиф турган Исламбол шаарынын расмий аталышы Истанбул болуп калды. Ал аталыш Россияда Стамбул аталды, биз ага ээрчидик).

Деги Византиянын борбору болгон Константинополь кандайча Исламбол болуп калган?.. Эмесе кеп башынан келсин.

Пайгамбар ﷺ Мадинада мамлекет тикелегенден тартып, Исламды даъват жана жихад менен жая баштады. Анткени менен, ал заттын доорунда Ислам дини араб жазирасынан сыртка жайылууга үлгүрбөдү. Бирок, ошол кезде эле Расул Акрам с.а.в. Исламдын дүйнөнүн чар тарабына жайылышы тууралуу башараттарды берген. Мына ошол башараттардын бири – Кустонтыниянын (Константинополь) фатх болушу.

«Абдуллах ибн Амр ибн Аас айтат: «Биз Расулуллах с.а.в.дын алдында жазып олтурган элек, андан: «Кайсы шаар биринчи фатх кылынат, Кустонтыниябы же Румбу?» – деп суралды. Ал зат:

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً، يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»

«Хираклдын шаары биринчи фатх кылынат, яъни, Кустонтыния», – деди».

Дагы бир хадиси шарифте «Абдуллах ибн Бишр Хасъамий атасынан риваят кылат, атасы Набий с.а.в.дын мындай дегенин уккан экен:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Албетте, Кустонтыния фатх кылынат. Анын амири кандай гана жакшы амир, ал кошуун кандай гана жакшы кошуун».

Ислам умматынан көптөгөн жетекчилер мына ушул башараттардан шыктанып, Константинополду фатх кылуу ышкысында күйүп-жанышкан. Биринчи урунуу халиф Муавия ибн Абу Суфян доорунда, хижрий 44-жылы болду. Андагы кошуун сабында бир улуу сахаба да бар эле. Ал сахаба Экинчи Акаба байъатынын катышуучусу болгон; Пайгамбар ﷺ Мадинага хижрат кылганда анын үйүнө келип түшкөн; ал Бадр, Ухуд, Хандак ж.б. согуштардын каарманы болгон – ал сахаба Абу Аюб аль-Ансорий р.а. болчу. Ошол кезде анын жашы сексенди таяп калган. Казат башталган соң, аны өлүм оорусу тооруду. Кошуун башчы андан эмнени каалашын сурады. Ошондо улуу сахаба төмөнкү машхур сөздөрүн айтты да көз жумду:

– Менин атымдан мусулман аскерлерге салам айткын жана мындай дегин: “Абу Айюб силерге душмандын аймагына терең кирип, аны (Абу Айюбду) Константинополь дубалынын түбүндө, силердин бут алдыңарда көмүшүңөр үчүн, өзүңөр менен кошо ала кетүүнү васият кылат”. Жана анын сөөгү мусулмандардын буту жетип барган жерге коюлду.

Мындан кийин да Константинополду фатх кылуу үчүн урунуучу жетекчилер көп болду, алардын саны онго жетти.

Мына ушинтип мусулмандар Исламына бекем жабышканда, Аллах жолунда казаттарда болушкан жана өлкөлөрдү фатх кылышкан. Качан Исламына кайдыгер болушканда, анын жаман акыбеттерин көрүшкөн. Ислам тарыхы мындай кара тактардан да куру эмес. Ошол кара тактардын бири монголдор жапырыгы болду. Монголдор баскынчылыгы Багдадды кулаткандан кийин, Халифалык Миср султанатына көчтү, бирок, башка султандыктар (т.а. вилаяттар) андан үзүлүп калды. Мамлюктар таасири астындагы халиф наамына гана халиф болуп калды. Ушул доордо Кичи Азияда кайрадан Исламына бекем жабышкан султандар сулалеси чыкты. Алар Эртугрул гозийдин урпактары, усманий султандар эле. Эртугрул гозий бир тараптан монголдор баскынына каршы күрөшсө, бир тараптан Византияга караштуу жайларды фатх кылып барар эле. Анын урпактары да анын даңктуу жолун улантышты. Иш ушундайча уланып, Усмандын жетинчи муундагы урпагы Мухаммаддын алдында Константинополь турду… Константинополдун каршысында аны фатх кылуу ниетинде султан Мухаммад турду…

Мухаммаддын атасы султан Мурад болгон. Султан уулу Мухаммадды өзүнөн кийин башкарууга даярдап жүргөн. Андагы жакшылыктарды күзөтүп, илимдүү болушу жана күчтүү шахсияга айланышы үчүн аны жетекчилерди окутуп-даярдоочу «амирлер» медресесине киргизди. Кийин аны Магнесияга валий кылып жиберди. Роббаний аалымдардын бири улуу аалым Ахмад Исмаил Гуронийди да ага кошуп  жиберди. Ал аалым ушундай салабаттуу болгон дейсиң, султан ага жолугуп калса, анын колун өбөр эле.  Гуроний факих аалым болгон. Аны башка аалымдар өз заманынын Абу Ханифасы деп аташкан. Бул фазилаттуу аалым Мухаммадды даярдап чыгууну өз мойнуна алды. Ошентип, Мухаммад ыймандуу, шарият өкүмдөрүнө баш ийүүчү, буйрук жана кайтаруулардан четке чыкпай турган, Алланын ыйык нерселерин урматтоочу, аалымдарды да, Алла тарабынан өзүнүн мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти да кадырлоочу болуп жетилди. Атасынын көзү өткөндөн кийин башкаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алып, аны жакшы өтөдү. Мисалы, башкарууну кайрадан тартиптештирди. Финансылык иштерге, каражаттарды тартипке салууга да көңүл бурду. Шаан-шөкөт, ысыраф, оюн-күлкүлөрдүн бардык көрүнүштөрүн тыйып койду. Негизги этибарды кошуунга каратып, аны бөлүмдөргө бөлүп чыкты. Аскерлер жана алардын камсыздалышы үчүн атайын жобо иштеп чыкты, деңгээлин көтөрдү, кошуунду өзүнүн доорундагы эң заманбап курал-жарактар менен камсыздады. Мажарстандан (Венгриядан) замбирек жасоочу Орбан аттуу эң таанымал устаны алдырды. Ал замбирек жасап берди. О.э. султан аскерлерди жихадга үндөө жана алардын туйгуларын жалындатуу үчүн тандалма аалымдар жана факихтерди аскерлер арасына таркатты. Вилаяттарды башкарууну жогорку баскычка көтөрүү үстүндө иш алып барды: кайдыгерлик же катага жол койгон валийлерди иштен четтетти, айланасына бир канча адис, такыбадар адамдарды топтоду. Көптөгөн медреселерди ачты. Аларды маал-маалы менен өзү көзөмөлдөп, окуучулар жана мугалимдер менен бирге отуруп талкуулашты. Ооруканаларды ачып, аларга эң мыкты табибдерди дайындады. Алардын ар биринде хирург, дары даярдоочу жана бир канча кызматкерлер болор эле. Табибдин мойнуна оорулууну бир күндө кеминде эки жолу барып көрүү жүктөлгөн. Ашпозчуга болсо, оорулууга ылайык тамак бышырып берүүгө көңүл бурушу шарт кылынган. Кыскача айтканда, султан Мухаммад такыба жана жөндөмдү өзүндө топтогон эле. Анын жакшы иштери көп болгондуктан, ал «жакшылыктардын атасы» деп аталып кеткен. Жаранды жакшы башкарып, жакшы жетекчи болду. Эми ал Расулулла r “анын амири кандай гана жакшы амир” деп мактаган амир болуу үмүтүндө жүрдү…

Мухаммадды Константинополду фатх кылууга эң көп шыктандырган аалым – Мухаммад ибн Хамза Дамашкий болгон, анын лакаб аты «Ак Шамсиддин» эле. Бул аалым Мухаммад бийликке келишинен мурда да, кийин да Константинополду фатх кылууга үндөп, ага кызыктырар эле. Ошондуктан да, шейх Ак Шамсиддин «Константинополдун маънавий фаатихи» деп айтылат.

Султан фатхка даярдык көрүүдө аскерий иштерди амалга ашырды. Кошуунду даярдоо жана куралдандыруу үчүн өтө көп күч сарптады. Аларды өз доорундагы заманбап курал-жарактар менен камсыздады. Аларды маънавий жактан даярдоого катуу көңүл бурду. Алар менен жолугушуп, аларга Расулулла rдын Константинополду фатх кыла турган кошуунду мактап айткан хадистерин эстетер эле. Ошентип, алардын туйгуларын жалындатты. Алар болсо, анын чабуул кылуу туурасындагы буйруктарын сабырсыздык менен күтө башташты. Кошуун дилдеринде мурунку улуу сахабалардын эрдигиндей эрдик толкуй баштады. Султан Мухаммад деңиз флотуна да катуу көңүл бурду.

Хижрий 857-жыл, 26-ражаб күнү Султан Мухаммад башчылыгында усманийлер кошууну Константинополь дөңсөөлөрүнө жетип келди. Казат башталды. Исламий кошуун катуу чабуулга өткөн болсо, византиялыктар болсо катуу коргонууга өтүштү. Согуштар күнү-түнү, кургактыкта да, сууда да уланды. Султан Мухаммад алысты көрө билген, зирек жана даанышман киши болгон. Бирер проблеманы көрүшү менен, Аллахтын урухсаты менен, аны дароо чечкен жана бирер тоскоолдукту байкашы менен, аны алып салган. Анын мындай сыфаттары ушул окуядагы төмөнкү үч ишинен даана көрүнөт.

Биринчи иш. Султан Мухаммадга аскерлер Константинопол дубалдары алдында ачык жерде сууктан үшүп калганы тууралуу кабар жетти. Мына ошондо Мухаммад Фатих аларга зарыл болгондо жылына турган коргон курдуруп берди. Анткени, эгер убакыт созулуп кете турган болсо, аскерлер – Константинополго казат кылган мурунку мусулман кошуундары сыяктуу – курчоону токтотуп, артка кайтып кетишин каалабады. Балким, Аллахтын рухсаты менен, Константинополь фатх кылынмайынча артка кайтуу жок деген пикирде бекем турду.

Экинчи иш. Константинополь дубалдары үч катар болгон, алардын аралыгы бир нече метрди түзгөн. Муну султан Мухаммад мурунтан билген. Ошондуктан, ал венгриялык Орбанга снаряд жана замбирек жасаткан. Негизи, Орбан бул идеясын император Константинге сунуштаганда, ал этибар бербей койгон. Султан Мухаммад болсо, Орбандын бул идеясын колдоп, ага ири каражат төлөп, идеясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык керектүү нерселерди даярдап берген. Мына эми ошол замбиректер өз ишин көрсөттү. Султандын чоң замбиректери Константинополь дубалдарын күнү-түнү талкалай берип, акыры анын бир бөлүгү кулап түштү. Султан императорго шаарды тапшырууну талап кылып кат жиберди. Император болсо: «Мен жизя төлөөгө даярмын. Бирок, шаарды эч качан тапшырбаймын же анын дубалдары астында өлөмүн», – деп жооп кайтарды. Султан жоопту окугандан кийин, момун-мусулмандардын эрдиги менен: «Эртең ал жерде менин турак-жайым болот, же кабырым болот», – деди.

Үчүнчү иш. Шаардын алсыз чекиттеринин бири – «Алтын мүйүз» булуңу эле. Анткени, ал жактан коркунуч аз болгондуктан дубалдар бекем эмес эле жана жакшы да корголбогон болчу. Султан муну жакшы билген жана ал жакка жетүү камында болгон. Бирок, булуң суусу кулпуланган чоң чынжырлар менен тосуп коюлгандыктан, мусулмандар кемелери ал тарапка өтө албай жаткан. О.э. Генуя жана Венеция сыяктуу христиан королдуктарынан константинополдуктарга жардам алып келген кемелер ошол жактан өтүп, муну менен камалдагылардын маанайы көтөрүлүп турган.

Ушулар каршысында, султан Мухаммад кемелерди кургактыктан сүйрөп алып өтүүгө чечим кылды. Ал Константинополдун булуң тараптагы дубалдарынын тушундагы дөңсөө аркылуу алып өтүүнү ойлоду… Басып өтүлмөкчү аралык алты километрдей келип, жер тегиз эмес эле. Султан аларды тегиздөөнү буюрду. Жыгач такталарды алып келип, жерге төшөттү жана алардын үстүндө кемелер жеңил сыйгаланышы үчүн аларды майлоого буйрук берди. Кийин Исламий кошуун кемелерди Босфордон тартып алып келип, «Алтын мүйүз»дүн коопсуз жерине түшүрүштү. Булардын баары бир түндө ишке ашырылды. Таң атышы менен Султан байрактары «Алтын мүйүз»дөгү жетимиш эки кеме үстүндө желбиреп, анын үстүндөгү аскерлер Алланын нусраты менен кубанып, такбир айткан абалда толкуп турду. Византиялыктар коркуп кетишти. Усманийлер флотуна чабуул кылууга урунуп көрүштү, бирок, жексен болгон абалда чегиништи. Византиялык бир тарыхчы бул жөнүндө мындай деген: «Адаттан тышкаркы мындай нерсени мурда көргөн да, уккан да эмеспиз. Мухаммад Фатих жерди деңизге айлантууда. Кемелери толкундардын эмес, тоо чокуларынын үстүндө сүзүп жүрөт. Ал бул иши менен чоң Искендерден озуп кетти».

Султан Мухаммад шейшемби түнү командачылар менен жолугушуп, аларга таасирдүү хутба кылды. Аларга Русулулла rдын Константинополду фатх кылуу жөнүндөгү хадистерин эстетип, өзү жана аскерлери ушул сыймыкка ээ болушун чын жүрөктөн тилеп Аллага дуба кылды. Хутбасында мындай деди: «Улуу жеңиш Исламдын кадыры жана сыймыгын көтөрүшүн аскерлерибиздин ар бирине жеткиргиле. Демек, ар бир аскер шарияттын көрсөтмөлөрүн көз алдыларына коюулары керек. Алардын бири да шариятка тескери иш кылбасын. Каниса жана монастырлардан тыйылышсын. Жаш баланы да, карыяны да, аялды да, өзүнүн алачыгында турган рохибди да өлтүрүшпөсүн. Эгер Кайсарды туткун алышса ага жакшы мамиледе болушсун».

Шейшемби күнү эртең менен султан жана аскерлери намазды окушуп, чын жүрөктөн дуба кылышты. Намаз бүтүшү менен эле чабуул такбир жаңырыктары астында башталды. Ислам лашкерлери дубал үстүнө чыгып, ал жерге султан байрактары орнотулду. Император Константин өлтүрүлдү. Константинополь фатх болду. Зухр-бешимге жетпестен Фатих султан Византия борборунун чок ортосунда, ак тулпары үстүндө айланып жүрдү. Жеңишке жетишкен кошуун такбир жана тахлил айтып жатты. Алар султанды куттукташып, султан болсо аларды куттуктап: «Аллага мактоолор болсун. Алла шахиддерди рахматына алсын. Мужахиддерге атак-даңк жана улуулук тартууласын. Исламий Үммөткө да атак-даңк жана азиздик болсун», – дешти. Андан кийин султан ак тулпарынан түшүп, улуу нусратка шүкүр кылып, Аллага сажда кылды.

Султан андан соң Айя Сафия канисасынан кресттерди алып таштоого жана сүрөттөрдүн үстүн боёп таштоого буюрду. Кийин ал жерде жума намазын окуду. Андан кийин ал жерди беш убак окула турган масжидге айлантты.

Фатих султан ] Алла жолунда миңдеген жолу казат кылууну үмүт кылар эле. Ошондуктан, бул улуу фатх менен эле чектелип калбастан, дагы бир башка кошуун даярдоого буйрук берди. Кошуунга өзү командачылык кылуу үчүн ал жерге жол алды. Ал ] Расулулла rдын:

«اِسْتَعِينُوا عَلَى قَضَاءِ حَوَائِجِكُمْ بِالْكِتْمَانِ»

«Мухтаждыгыңардын өтөлүшүн жашыруун сурагыла», – деген хадиси себептүү, ичиндеги нерселерин да, пландарын да эч кимге айтпады. Кыскасы, анын ниетин да, бул кошуун менен жол алмакчы болгон тарабын да эч ким билбей калды. Бул улуу амир ажалы жакындаганын сезген убакта жана Алланын алдына жөнөй элегинде өз уулуна мындай васият кылды:

«Эй уулум, мына мен өлүп жатамын. Бирок, буга өкүнбөймүн. Себеби, артымда сендей орун басарды коюп кетип жатамын. Адилеттүү жана мээримдүү бол. Жаранды ажыратпастан аларды коргооңо ал. Ислам динин таркатуу үстүндө иште. Себеби, бул падышалардын жер жүзүндөгү милдети. Ислам ишине болгон аракетти бардык нерсенин алдына кой. Аны үзгүлтүксүз аткаруудан эринбе. Дин ишине этибар бербей турган адамдардан пайдаланба. Акмактарча бидъаттардан сактан. Мамлекет майданын жихад аркылуу кеңейт. Байтул мал каражаттарын сапырылып кетүүдөн сакта. Колуңду жарандардын бирөө-жарымынын малына созуудан сакта, эгер Исламдын акысы болсо мейли. Кембагалдардын күч-кубаттарын камсызда.

Мамлекеттин күч-кудурети солих аалымдар. Аларга сый-урмат көрсөт. Кайсы бир өлкөдө бирер аалым бар экендигин угуп калсаң, аны алдырып сый-урмат көрсөт.

Эй уулум, менин бул насааттарымды кулагыңа куюп ал. Анткени, мен бул өлкөгө кичине кумурска сыяктуу болуп келген элем, Алла мага бул үлкөн ниъматтарды тартуулады. Эми, менин жолумдан жүрүп, менден өрнөк ал. Бул динди ыйыктап, анын калкын урмат кылуу үстүндө иште. Мал-мүлктү шаан-шөкөт же оюн-күнкүлөр үчүн сапырба. Зарылдык өлчөмүн ылазым тут. Анткени, ысыраф менен кекирейүү кыйроонун эң чоң себептеринен».

Султан Фатих өз ниетин да, казат кылмакчы болгон тарабын да эч кимге айтпай туруп, ажал аны алып кетти. Айрым тарыхчылар «Пайгамбарыбыздын эки мактоосуна жетишүү үчүн Римге казат кылып, аны фатх кылууга жол алган болсо керек» деп божомолдошту. Анткени, Айя Сафияны мечитке айлантканы үчүн Рим папасы куру опуза кат жибергенде, Фатих ага: «Чындыгында Айя Сафияны масжидге айлантуу сыймыгына жетиштим. Эгер Алла мени кудуреттүү кылса, сен турган жерди атканага айландырам», – деп жооп кайтарган эле. Бирок, бул улуу сыймыкты Аллах башка бир фатихке сактап койгон экен… Аллах Фатих бабабызды рахматына алып, жаннаттын эң жогорку жайларынан насип этсин жана ал кишини набийлер, сыддыктар, шахиддер менен бирге кылсын.

Кийин Мухаммад фатихтин урпактары да фатихтер болушту. Усманийлердин тогузунчу муунундагы султаны халифтикке жетишти. Ал султан Салим. Анын уулу халиф Сулайман Конуний Европа өлкөлөрүн фатх кылып, Вена дубалдарын каккылады. Бирок, ушул күнгө чейин Рим фатх боло элек…

19-кылымда мусулмандар Римди фатх кылмак тургай, өз өлкөлөрүн кафир державаларга “фатх” кылдырышты. Кафир державалар араб жана түрктөрдөн турган малайларынан пайдаланып, Уммат ичине улутчулдук, мекенчилдик уруктарын себишти. Мусулмандардын бул малай акимдери өлкөлөрүбүздү кафирлерге колония кылып беришти. Усманий мамлекет биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип, “союздаштар” 1918-жылы Исламбулга киришкен кезде, француз кол башчысы бир ак ат алып келүүнү буюрду. Кийин ага минип Истамбулга кирип: «Султан Мухаммад Фатих Константинополго ак тулпар минип фатх кылган абалда кирген эле» – деди. Муну менен, мына ошол француз кол башчысы Мухамммад Фатихтен өч алганын билдирди. Ошентип, 1924-жылы Халифалык биротоло түгөтүлдү.

Кафир Батыш мусулмандар күчү рошид Халифалыкта экенин билишет, ошондуктан, анын кайрадан тикеленип калышынын алдын тосушат. Анткени, рошид Халифалык тикеленсе, ал кайрадан султан Мухаммаддай амирлерди дайындап, анын кошуунундай кошуундарды даярдап, Римди фатх кылууга аттандырат. Кафирлер муну абдан жакшы билишет. Ошондуктан, рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет алып барып жаткан калыс мусулмандарга каршы күрөшүшөт.

Ошондуктан, кафирлер исламий кыймылдарды тыкыр күзөтүп келүүдө. 1953-жылы Хизб-ут-Тахрир түзүлгөндөн кийин, Хизбдин аракети жана тагдырий маселеси Халифалыкты кайра тикелөө экенин жана ушул аракетте олуттуулугун Батыш түшүнүп жетти. Ошондон кийин, ага малай акимдерге Хизбге тыюу салууну буйруду. Анын буйругу менен Хизб мүчөлөрү камакка алынып, кыйноолорго салына турган, ал тургай, кээ бир региондордо шейит кылына турган, узак мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратыла турган болду. Кийин кафирлер жана алардын малайлары эч уялбай башка ыкмаларды ишке салууга т.а. жалган сөздөрдү таратуу, чындыкты бурмалап көрсөтүү жолуна өтүштү. Алар ушул дооматтардын таасири болот деп ойлоп, бул ишти кылып жаткан кимселерге мусулмандардын ысымын берип, мусулманча түс беришти. Кийин, алардын бул жалгандарына алгач Хизб сабында болуп, кийинчерээк андан чыгып кеткен, жаза алган жана антын бузган касамкорлор ишенип, ээрчишти… Алардын баары доомат жана жалгандарды колдонушту, караны ак, акты кара кылып көрсөтүштү. Кафирлер, мунафыктар, имишчилер, кийин хизбден чыгып кеткендер, жаза алгандар, касамкорлор – баары Хизб-ут-Тахрирге тузак коюу жана ал жөнүндө жалган жалаа таратууга урунушту… Ушундай уу чачылган ыфлас жолдон жүрүүнү өздөрүнө ыраа көрүштү. Жалгандары пайда бербесе, башкасын ойлоп табышты… Алар ушунча жалгандарды ишке салууларына жана акыйкаттарды бузуп көрсөтүүлөрүнө карабастан, ийгиликке жетише алышпады!

Ошондуктан, кадырлуу боордоштор, силер үзгүлтүксүз кол салуулар каршысында карманган бекем жана күчтүү позицияңар бизге сахабалар разияллаху анхумдардын позициясын эске салууда. Сахабалар Расулуллах ﷺдын кыйынчылыктарды жеңип өтүүдө карманган даанышман позициясына ээрчишкен. Силердин позицияңар да ушундай… Силер кыйынчылыктарда суздашпай турган, фитналарда титиребей турган, темирдей бекем позициядасыңар. Ошондуктан, силердин убада-шерттериңер дагы да күчөп жатат, оозуңардан хак сөздөр атылып чыгууда, бул дүйнөгө бир, Ахыретке миң жолу назар салып жатасыңар. Демек, силерге ушундай Хизб мубарек болсун, Хизбге силердей мүчөлөр куттуу болсун.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Жогорудагы тарыхый окуяга саресеп салсак, качан мусулмандар Исламына жабышса, алар азиз болгонун көрөбүз. Алар тарыхта Фарс жана Византияны хакка баш ийдиришти. Эми Исламында бекем болгон мусулмандар Европаны, Американы, Россияны, Кытайды, Япония жана башкаларды хакка моюн сундурат.

Урматтуу мусулмандар, Пайгамбар ﷺ Фарстын фатх болушун башарат кылды беле, ал жүзөгө ашты, Константинополдун фатх кылынышын башарат кылды беле, ал жүзөгө чыкты. Эми Римдин фатх болушу да жүзөгө ашат. Анткени, аны Пайгамбар ﷺ башарат кылган. О.э. Пайгамбар ﷺ жабыр көрсөтүүчү жана зордукчул падышалыктардан кийин рошид Халифалык тикеленишин да башарат кылган. Халифалык тикеленгенден кийин, яхудийлер менен согушуп, аларды жеңишибизди да башарат кылган. Бул башараттар да албетте жүзөгө чыгат. Болгону, биз аларды жүзөгө чыгаруу жолунда аракет кылуучулардан болуп калалы. Аллах аларды жүзөгө чыгарууну периштелерге буйруган эмес, мына бизге, пенделерге буйруган! Ажеб эмес, мына ошондо Римди фатх кылуучу амирлерден же анын кошууну сабындагылардан болуп калсак…

Бул жолдо аракет кылуу болсо, Пайгамбар ﷺ көрсөтүп кеткен тарыйкатта болот б.а. Исламий Мамлекет тикеленет жана анын халифи кошуун даярдайт жана кошуун амирин дайындайт. Фатхтар мына ушундайча ишке ашат. Ал эми ага чейинки Ислам Мамлекетин тикелөө да Пайгамбарﷺ көрсөтүп кеткен тарыйкат менен болот. Ал тарыйкат фикрий-саясий күрөш алып баруу. Муну болсо Хизб-ут-Тахрир көрсөтүп берүүдө.

Хизб-ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here