Путин Сирияга барды

402
0

Путин Сирияга барды

Дамаск аэропортунан түз эле РФ Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жайгашкан командалык пунктка барган Путин ал жерде Башар Асад менен жолуккан. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Путин менен Асад аскерлердин Сириядагы абалы боюнча отчётту уккандан кийин, эки тарап делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталган.

Песковдун айтымында, Путин Дамаск көчөлөрүндө жай турмуш калыбына келгени даана көрүнүп турганын билдирген.

Путин сапардын алкагында Сирия аймагындагы дагы бир катар объекттерде болору кошумчаланды.

 Комментарий: Белгилүү болгондой, Россия Сирияга Американын ыраазылыгы менен жана анын кызыкчылыгын коргоо үчүн кирген. АКШнын мындан көздөгөн максаты, АКШны кыйын кырдаалга кептеп койгон исламий козголоңчуларды алсыратуу жана аларды сүйлөшүүлөр столуна отурууга мажбурлоо эле. Себеби, АКШ өзүн Асад режимине каршы күрөшүп жаткан мусулмандар менен бирге кылып көрсөтүп келген, ошондуктан ал мусулмандарга каршы ачык согуша алмак эмес. Ошол себептен улам, АКШ Россияны Сирия согушуна тартты. Россия Сирияда АКШнын айдактаган “дөбөтү” болуп, өзүнүн эң акыркы үлгүдөгү куралдары менен мусулмандарды кыргын кыла баштады. Мунун натыйжасында он миңдеген мусулмандар – анын ичинде аялдар менен жаш балдар да бар – курман болуп, миллиондогон мусулмандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушту. Ал тургай, орус чиновниктери Россия Сирияда акыркы үлгүдөгү куралдарын ийгиликтүү сыноодон өткөрүп жатканын айтып мактанышты.

Россия Куралдуу күчтөрүнүн аскерий жана илимий комитетинин төрагасы генерал-майор Игорь Макушев 2017-жылы Москвада берген билдирүүсүндө Россия күчтөрү Сирия согушунда куралдын 200дөн ашуун түрүн сыноодон өткөргөндүгүн билдирди.

Ошондо Игорь Макушев: “Сириядагы атайын операция учурунда аба жана деңиз куралдарын алгачкы жолу “бир учурда ок атуу боюнча сыноодон” өткөрдүк. Бул сыноо РФ башкы штабынын пландары негизинде ишке ашырылды”, – деген.

 Бүгүнкү күндө орус канкорлорунун Владимир Путин орус аскерлери Сирияда ишке ашырган кыргындар менен таанышуу максатында Сирияга барып, мусулмандардын каны жана жаны акысына орнотулган “тынчтык” менен сыймыктанууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here