Константинополдун фатх кылынганына байланыштуу Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын сөзү

660
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хижрий 857-жылы, миладий 1453-жылы Константинополдун фатх кылынганына байланыштуу Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын сөзү

Аллахка берген ниъматтары үчүн хамд болсун. Расулуллах ﷺга жана анын үй-бүлөсүнө, асхабдарына жана аны дос туткандарга салат-саламдар болсун, амма баъд:

Инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка,

Даъватты көтөрүп чыккан чыгаан жана каарман жигиттерге,

Ушул баракчанын урматтуу зыяратчыларына,

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Умматтардын тарыхында алар сыймыктанган жаркыраган күндөрү бар. Бирок, андай күндөр Расулуллах ﷺдын башараты жүзөгө чыккан күн болсочу?! Шек-күмөнсүз, мындай абалда асманда жаркыраган жылдыз жөн гана жылдыз, балким, бүткүл дүйнөнү жарык кылган жана Умматты көккө көтөргөн нур болот.

Ушундай улуу күндөрүбүздүн бири Константинополь фатх кылынган күн… Хижрий 857-жылы, миладий 1453-жылы жыйырма алтынчы робиул-аввалдан баштап Мухаммад Фатих шаарды курчоого алды, кийин, биз эскерип жаткан ушул күндө, аныгы, жыйырма үчүнчү жумадул-аввалда шаарды фатх кылды. Т.а. курчоо эки айга жакын созулду. Мухаммад Фатих шаарга жеңүүчү болуп кирип, атынан түшүп, жеңиш тартуулаганы үчүн Аллахка шүгүр саждасын кылды. Кийин византия калкы жана рохибдери чогулган Айя Сафия чиркөөсүнө барды. Мухаммад Фатих аларга амандык берди жана Айя Сафия чиркөөсүн мечитке айлантууга буйрук кылды. О.э. улуу сахаба Абу Айюб ансорийдин кабыры алдына мечит курууга буйрук берди. Маркум Абу Айюб розияллоху анху шаарды фатх кылуу үчүн уюштурулган биринчи курчоого катышып набыт болгон жана ошол жерде көмүлгөн.

Шаар фатхынан кийин фатих лакабын алган Мухаммад Фатих Константинополду өз мамлекетинин борбору кылууга чечим кылды (мурун борбор Эдирне шаары эле) жана Канстантинополь наамын Ислам шаарын, Ислам диярын түшүндүргөн Исламбол атына өзгөрттү. Кийин ал Истамбул аты менен белгилүү болду. Мухаммад Фатих шаарга киргенде Айя Сафияга барып намаз окуду, Аллахтын фазилети жана ниъматы менен ал мечитке айланды. Ушул мечит кылым кылмышкери Мустафа Камал келип, ал жерде намаз окууга тыюу салып, аны саякатчылар үчүн музейге айлантканга чейин пакиза жана муминдер абат кылган жай болуп турду!

Ошентип, Расулуллах ﷺдын Абдуллах ибн Амр ибн Ас риваят кылган ушул хадиси шарифтеги башараты жүзөгө чыкты:

«Абдуллах ибн Амр ибн Ас айтат: «Биз Расулуллах ﷺдын алдында жазып олтурган элек, андан: «Кайсы шаар биринчи фатх кылынат, Константинополбу же Римби?», – деп суралды. Ал:

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً، يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»

«Ираклинин шаары т.а. Константинополь биринчи фатх кылынат», – деди». Ушул хадисти Ахмад өзүнүн «Муснад»ында жана Хаким «Мустадрак»ында риваят кылган жана Хаким: «Бул хадис эки шайхтын шарты менен сахих, эки шайх аны иштеп чыгышпаган», – деп айткан. Захабий «Талхис»те бул хадис жөнүндө: «Бухарий жана Муслим шарта менен сахих», – деп түшүндүрмө берген.

Дагы бир хадиси шарифте «Абдуллах ибн Бишр Хасъамий атасынан риваят кылат, атасы Набий ﷺдын мындай дегенин уккан экен:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Албетте, Константинополь фатх кылынат. Анын амири кандай гана жакшы амир, ал кошуун кандай гана жакшы кошуун». Бишр дагы айтат: «Мени Маслама ибн Абдулмалик чакырып сурады, мен ага хадисти айтып бердим, ошондо ал Константинополго казат кылды». (Ахмад риваяты). «Мажмауз заваид»де бул хадис тууралуу: «Аны Ахмад, Баззар, Табароний риваят кылышкан жана анын ровийлери ишеничтүү», – делген.

Ошентип, бул башарат жашы жыйырма бирден да ашпаган жигит Мухаммад Фатихтин колу менен жүзөгө чыкты. Бирок, ал жаштайынан эле бул ишке абдан даярдык көргөн. Анын атасы султан Мурад II ага астейдил этибар берген. Мындан улам, Мухаммад Фатих өз заманынын эң жакшы устаздарынын колунан билим алган. Алардын бири Ахмад ибн Исмаил Гуроний. Суютийдин сөзүнө ылайык, ал киши Мухаммад Фатихтин биринчи мугалими болуп эсептелет. Суютий мындай дейт: «Гуроний факих аалым болгон. Өз заманынын аалымдары анын мыктылыгына күбөлүк беришкен. Жада калса, Гуронийди өз заманынын Абу Ханифасы деп аташкан». Расулуллах ﷺдын Константинополдун фатх кылынышы жөнүндөгү хадисин Мухаммад Фатихтин жаштайынан мээсине куйган биринчи адам шейх Ак Шамсиддин болгон. Жигит чоңойгондо бул фатхты өз колу ишке ашырууга умтулду. Ак Шамсиддин Мухаммад Фатихке Куръан, Хадис, Суннати Набавия жана фикх сыяктуу негизги илимдер менен бирге, араб, фарс жана түрк тилдеринен таалим берди. О.э. математика, астраномия, тарых сыяктуу башка илимдерден да таалим берди. Мындан тышкары, Мухаммад Фатих согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн… Акыбетте, Аллах Өзүнүн фазилети менен, Расулу ﷺдын мактоосун ушул жигиттин колу менен жүзөгө чыгарды. Чынында эле, Мухаммад Фатих кандай гана жакшы саркерде, анын кошууну кандай гана жакшы кошуун болду… Анткени, алар жүрөктөрү ыйманга толгон, физикалык жактан бекем, чын дилден жихадга даярданган кишилер эле. Алар Аллахка жардам беришти жана Аллах да аларга ошондой улуу фатх менен нусрат-жардам берди… Бул үчүн бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка хамд болсун.

Мухаммад Фатих алысты көрө билген, зийрек жана даанышман киши болгон. Бирер проблеманы көрүшү менен, Аллахтын уруксаты менен, аны дароо чечкен жана бирер тоскоолдукту байкашы менен, аны алып салган. Анын алдында үч тоскоолдук болгон жана – Аллахтын жардамы менен – өзүнүн зийректигин ишке салып, бул тоскоолдуктарды алып салган. Бул үч абал төмөнкүлөр:

  1. Мухаммад Фатихке аскерлер Константинополдун дубалдары алдында ачык жерде сууктан үшүп калганы туурасында кабар жетет. Мына ошондо Мухаммад Фатих аларга зарыл болгондо ысынчу коргон куруп берет. Анткени, ал киши эгер убакыт созулуп кете турган болсо, аскерлер – Константинополго казат кылган биринчи мусулман кошуундары сыяктуу – курчоону токтотуп, артка кайтып кетишин каалабаган. Балким, Аллахтын уруксаты менен, ал Константинополь фатх кылынмайынча артка кайтуу жок деген пикирде бекем турган.
  2. Константинополь дубалдары үч катар болгон, алардын аралыгы бир нече метрди түзгөн. Мындан улам, бул маселеде Мухаммад Фатихтин башы катты. Анын заманында кыйратуучу куралдар болбогон. Эң күчтүү курал таш атчу курулма болгон. Таштын көлөмү кичине болбосо да, бирок, дубалды теше албаган. Мухаммад Фатих дүйнөнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн байкап жүргөн. Ошондо, ал киши венгриялык инженерлердин бири Орбанга көзү түшөт. Т.а. Орбандын дубалды ойрон кыла турган күчтүү снаряд жасоо идеясы Мухаммад Фатихтин кулагына чалынып калат. Анткени, Орбан бул идеясын Константинополь императоруна сунуштаганда, ал этибар бербеген. Мухаммад Фатих болсо, Орбандын бул идеясын колдоп, ага чоң көлөмдө каражат төлөйт жана идеясын акырына жеткириши үчүн керектүү бардык нерселерди даярдап берет. Орбан замбирек жасоого киришет. Ага Усманий мамлекеттеги инженерлер жардамдашат. Аларды Мухаммад Фатих өзү көзөмөлдөп турган. Ошентип, арадан үч ай өтпөстөн, Орбан бир жарым тонналык снаряддарды атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон үч чоң замбирек жасады. Мухаммад Фатих замбиректерди сыноодон өткөрүүнү каалады. Анткени, ал күтүлгөн натыйжаны бербей калса, муну дубалдын артындагы румдуктар көрүшүнөн жана мусулмандардын күчүнө терс таасир кылышынан кабатырланган. Ошондуктан, сынооду Эдирнеде өткөрүүгө чечим кылат, алхамду лиллах, натыйжа ийгиликтүү чыгат. Андан кийин, Мухаммад Фатих Константинополь дубалдарын ойрон кылып, румдуктарды багындыруу үчүн үч замбиректи Эдирнеден алып келип, дубалдын жанына орнотот.
  3. Мухаммад Фатихти ойлонткон дагы бир маселе болгон. Ал, Константинополь дубалдарынын Халиж тараптагы (булуң тараптагы) бөлүгүнүн начарлыгы эле. Румдуктар да муну билишкен. Бирок, алар булуңга кирген жер үлкөн чынжырлар менен жабылгандыктан, мусулмандардын кемелери өтө албайт деп ойлошкон. Бирок, Аллахтын фатхына ылайык болгон Мухаммад Фатих кемелерди кургактыктан сүйрөп алып өтүүгө чечим кылды. Ал Константинополдун булуң тараптагы дубалдарынын тушундагы т.а. арткы жээктеги дөңсөөгө (Галата дөңсөөсүнө) калың жыгач-такталарды жаткырып, аларга май төктүрдү. Кийин жыгач-такталар үстүнөн кемелерди сүйрөп өткөрдү… Бир түндө Усманийлердин 70 кемеси Халижге өтүүгө жетишти. Бул абал румдуктарды абдыратып койду. Алар эрте менен мусулмандардын кемелерин Халижте көрүп, жүрөктөрү коркууга түштү… Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун, муну менен нусрат жана фатх келди.

Кадырлуу боордоштор! Мен үч себепке ылайык, силерге Константинополдун фатх кылынганы жөнүндө сөз кылууну кааладым:

Биринчи себеб: бул окуяны жандантуу. Ислам колдонулганда Ислам жана мусулмандар кандай улуу болгонун, куфр калкы жеңилип, хак үстөм келгенин о.э. асманда азан такбирлери (Аллаху Акбар) жаңырганын ар бир акыл жүргүзгөн инсан көрсүн. Чынында, ушундай болгон. Анткени, Фарс менен Византия хак каршысында баш ийди… Эми, Расулуллах ﷺдын Румдун фатх болушу туурасындагы башаратынын тастыгы катары, Византиянын шериги болгон Рим да жакында, инша Аллах, фатх кылынат.

Экинчи себеб: Расулуллах ﷺдын биринчи башараты жүзөгө чыккандай, кийинки үч башараты да албетте жүзөгө чыгышын эстетип, жүрөктөрүңөрдү кадыржам кылуу. Ааламдар саййиди ﷺ бизге Константинополь фатх болушун, андан кийин Рим фатх болушун, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленишин о.э. яхудийлерге каршы согушуп, аларды жеңерибизди башарат кылган. Анткени, Расулу акрам ﷺ нафси-каалоодон сүйлөбөйт, вахийден гана сүйлөйт. Расулуллах ﷺдын калган үч башараты да, Аллахтын уруксаты менен, албетте ишке ашат. Бирок, аны асмандан периштерлер түшүп, бизге ишке ашырып бербейт. Тескерисинче, Аллахтын сүннөт-мыйзамы боюнча, биз Ага жардам берип (анткени, ошондо Аллах да бизге жардам берет), шариятын аткарышыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жеткичекти күчтөрдү даярдап коюшубуз жана улуу мамлекетин тикелеп, Анын жолунда жихад кылышыбыз керек. Мына ошондо, бүткүл жер жүзүндө үч башарат жаркырайт, кайра Халифалык нуру тарайт.

Мени Константинополдун фатх кылынышы жөнүндө сөз кылууга үндөгөн үчүнчү себеб, кафир Батыш араб-түрк саткындарынын жардамында хижрий 1342-жылы, миладий 1924-жылы Халифалыкты кулатууга жетишкени о.э. Халифалыктын кулатылышын Константинополдун фатх кылынышына параллель түрдө болду деп эсептегени болду. Батыш буга жетишкен соң, ага жоготкон күчү кайтып келди. Аны дагы кайра жоготпоо үчүн Халифалыктын кайра тикеленбеши үчүн бар күчүн жумшап келүүдө. Ошондуктан, мусулман өлкөлөрүн колония кылып алды. Ал жердеги исламий кыймылдарды күзөтүп келүүдө. Хижрий 1327-жылы, миладий 1953-жылы Хизб-ут-Тахрир түзүлгөндөн кийин Хизбдин аракети жана тагдырий маселеси Халифалыкты кайра тикелөө экенин жана ушул аракетте олуттуулугун Батыш түшүнүп жетти. Ошондон кийин, ага малай акимдерге Хизбге тыюу салууну буйруду. Анын буйругу менен Хизб мүчөлөрү камакка алынып, кыйноолорго салына турган, ал тургай, кээ бир региондордо шейит кылына турган, узак мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратыла турган болду. Кийин алар эч уялбай башка ыкмаларды ишке салууга т.а. жалган сөздөрдү таратуу, чындыкты бурмалап көрсөтүү жолуна өтүштү. Алар ушул дооматтардын таасири болот деп ойлоп, бул ишти кылып жаткан кимселерге мусулмандардын ысымын берип, мусулманча түс беришти. Кийин, алардын бул жалгандарына алгач Хизб сабында болуп, кийинчерээк андан чыгып кеткен, жаза алган жана антын бузган касамкорлор ишенип, ээрчишти… Алардын баары бир болуп, доомат жана жалгандарды колдонушту, караны ак, акты кара кылып көрсөтүштү. Мында алардын ар биринин ролу болду. Кафирлер, мунафыктар, имишчилер, кийин хизбден чыгып кеткндер, жаза алгандар, касамкорлор жана кара ниет адамдар, баары-баары Хизб-ут-Тахрирге тузак коюу жана ал жөнүндө жалган жалаа таратууга урунушту… Ушундай уу чачылган ыплас жолдон жүрүүнү өздөрүнө ыраа көрүштү. Ар ирет жалгандары пайда бербесе, башкасын ойлоп табышты… Алар Хизб мүчөлөрүнүн аклиясы таза, тапкыр жана зирек адам экендиктерин унутушту же билмексен болушту. Ушундан келип чыгып, ыплас нерсени таза-пакиза нерсеге аралаштырып, ар кандай жалганды көрдү дегиче, албетте ишке салышты… Алар ушунча жалгандарды ишке салууларына жана акыйкаттарды бузуп көрсөтүүлөрүнө карабастан, Хизб мүчөлөрү арасынан да, жөнөкөй акыл ээси болгон мусулмандар арасында да алардын сөздөрүнө кулак сала тургандарды таба алышпады. Тескерисинче, аракеттери чаңкоо адам суу деп ойлогон чөлдөгү закым болуп чыга берди!

﴿كَسَرَابٍ بِقِيعَةٍ يَحْسَبُهُ الظَّمْآنُ حَتَّى إِذَا جَاءَهُ لَمْ يَجِدْهُ شَيْئًا﴾

«… Чөлдөгү закымга окшойт. Чаңкаган адам аны суу деп ойлойт, качан анын жанына келгенде, эч нерсе жоктугун көрөт»                                                                            [24:39]

Алар Хизб жана анын жетекчилигине таасир өткөрө алабыз деген ой менен канча арамза айла-амалдарды ойлоп таап ишке салышпасын, ойлору өздөрүнө тийди. Алар жалган, айла-амал жана жалааларды канчалык улантышпасын, инша Аллах, мындан кийин да ийгиликсиздикке учурай беришет:

﴿وَلَا يَحِيقُ الْمَكْرُ السَّيِّئُ إِلَّا بِأَهْلِهِ﴾

«Жаман айла-амал өз ээлерин ороп алат»                                                                [35:43]

Кылмыштарын, айла-амалдарын, душмандыктарын канчалык күчөтүшпөсүн, эртең аны Аллахтын алдынан табышат:

﴿وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِنْدَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِنْ كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ﴾

«Чынында эле, алар өздөрүнүн айлакерликтерин кылышты. Эгер, алардын айла-амалдары себептүү тоолор жемирилип кете турган болсо да, алардын (бул) айла-амалдары Аллах алдында»                                                                                                                       [14:46]

Акырында ушуну айтамын, кадырлуу боордоштор, силер хак даъватка үзгүлтүксүз кол салуулар каршысында карманган бекем жана күчтүү позицияңар бизге сахабалар разияллаху анхумдардын позициясын эске салууда. Сахабалар Расулуллах ﷺдын кыйынчылыктарды жеңип өтүүдө карманаган даанышман позициясына ээрчишкен. Силердин позицияңар да ушундай… Силер кыйынчылыктарда суздашпай турган, фитналарда титиребей турган, болоттой бекем позициядасыңар. Ошондуктан, силердин убада-шерттериңер дагы күчөп жатат, оозуңардан хак сөздөр атылып чыгууда, бул дүйнөгө бир, Акыретке миң жолу назар салып жатасыңар. Демек, силерге ушундай Хизб мубарек болсун, Хизбге силердей мүчөлөр куттуу болсун:

﴿رِجَالٌ لَا تُلْهِيهِمْ تِجَارَةٌ وَلَا بَيْعٌ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَإِقَامِ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ يَخَافُونَ يَوْماً تَتَقَلَّبُ فِيهِ الْقُلُوبُ وَالْأَبْصَارُ + لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ﴾

«… Кишилер бар, аларды соодагердик да, алды-сатты да Аллахты зикр кылуудан, намазды толук аткаруудан жана зекетти берүүдөн алаксыта албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган күндөн коркушат. Алар Аллах өздөрүнүн кылган иштеринин эң жакшылары менен сыйлашы жана дагы аларга Өз берешендиги менен ашыкча кылышы үчүн (эртели кеч Аллахты пактап ибадат кылышат). Аллах Өзү каалаган кишилерге эсепсиз ырыскы берет»                                                                                                                     [24:37-38]

Сөзүмдү аяктап жатып, Аллах Субханахуга жалбарып, Расулуллах ﷺдын башараттары жүзөгө чыгып, Умматка Халифалык кайтып келишине, Куддус азат кылынышына, Расулу ﷺ башаратынын тастыгы катары Константинополь сыяктуу Рим да фатх кылынышына Өзү жардамчы болсун. О.э. Андан баарыбызга Өз алдынан жардам беришин, ушул жардамы менен, биз чырайлуу амалдарды жасап, Аллаху Азизур Рохимдин нусратына ылайык болушубузду сурап калабыз.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ + بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси»                                             [30:4-5]

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта                                7-жумадул-аввал, 1441-х.

Хизб-ут-Тахрир амири                                                                          2-январь, 2020-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here