Рохинжа мусулмандары Умматтын кандуу жарасы, бул кандуу жараны ким токтотот?!

293
0

Рохинжа мусулмандары Умматтын кандуу жарасы, бул кандуу жараны ким токтотот?!

«Анадолу» маалымат агенттигинин сайтында хижрий 1441-жылы 4-робиул-аввал, миладий 2019-жылы 1-декабрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Мьянма расмийлери рохинжа мусулмандарынын 100гө жакынын камакка алды. Алар өлкө батышындагы Аракан вилаятынан чыгып кетүүгө урунуп жаткан жерден колго алынышкан. Белгилүү болгондой, бул вилаятта эки жылдан бери өкмөттүк күчтөр аскерий чабуулдарды уюштуруп, акыбетте, миңдеген рохинжа мусулмандары курман болгон.

Ишемби күнү «Аракан» маалымат агенттиги ысымы аталбаган булакка таянып кабарлашынча, жума күнү 96 рохинжа мусулмандары Мьянма өкмөтү тарабынан камакка алынган. Алар Иравади дарыясын бойлоп Мьянмадагы соода борбору болгон Янгон шаарына бара жатышканда колго алынышкан.

Өз кезегинде, рохинжа активисттеринин бири Су Туму Мьянма өкмөтү тарабынан бул камакка алынгандарга чегараны мыйзамсыз бузуп өтүү айыбы коюлушу мүмкүндүгүн айтууда.

«Араканда калган рохинжа мусулмандарына карата массалык өлтүрүү коркунучу дагы эле сакталып калууда», – деп айтылат «Аракан» агенттигинде.

Мьянма өкмөтү рохинжа мусулмандарына Аракан вилаяты ичинде сапар кылууга, ал жерден башка вилаяттарга көчүүгө тыюу салган.

2017-жылы 25-августтан бери Мьянма армиясы жана экстремисттик бутпарас согушкерлер Аракан вилаятындагы рохинжа мусулмандарына каршы аскерий чабуул уюштуруп, аёосуз жырткыч кыргындарды жасап келишүүдө.

Кээ бир ички жана эл аралык булактардын айтымында, бул тынымсыз уланып жаткан кылмыштар миңдеген рохинжалардын өлүмүнө о.э. БУУ маалыматына ылайык, миллионго жакыны Бангладешке качып чыгуусуна алып келген.

Мьянма өкмөтү рохинжаларды Бангладештен келген «мыйзамсыз иммигранттар» деп эсептейт. БУУ рохинжа мусулмандарын «дүйнөдөгү эң көп зулумга учураган азчылык» деп сыпаттайт».

Роя гезити:

Рохинжа мусулмандары тартып жаткан азап-кыйынчылыктар бардык мусулмандардын тынчын бузулуп, кабатырлануусу үчүн жетиштүү. Расулу акрам ﷺ айтат:

«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِى تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»

«Момундардын өз ара мамилелери, ырайымдуулуктары жана тилектештиги кудум бир денеге окшойт. Эгер, анын бирер мүчөсү ооруп калса, калган мүчөлөрү да ысытмалап, уйкусуз болуп чыгат». Демек, эй мусулмандар, бизге эмне болду, алардын азап-кыйынчылыктарына көз жумуп жатабыз?! Душмандарыбыздын жүрөгүнө коркуу салып коё турган айбатыбызды кайра тикелөө жолун билбейбиз! Негизи, бул, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө жолу го?! Ушул Халифалык гана рохинжаларга жана башка мусулмандарга нусрат берет, акы-укуктарын коргойт жана аларга зулум кылгандардан өч алат. Ошондой болгон соң, келгиле, аны тикелейли… Аллахка ант болсун, ал бизге бул дүйнөдө күч-кубатка, Акыретте ийгиликке жеткирет.

Роя гезити, №263, 2019-жыл, 4-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here