КМШ чекисттери Ташкентте жолугушту

314
0

КМШ чекисттери Ташкентте жолугушту

Өзбекстанда бүгүн 7-ноябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кызматтарынын жетекчилери катышкан Кеңеш өтүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабар таркатты.

Жыйындын жүрүшүндө Ооганстандагы өзгөрүүлөр, Орто Азиядагы коопсуздук абал талкууланды.

Жолугушууга катышкан президент Шавхат Мирзиеев, Өзбекстан 2020-жылы коопсуздукту камсыздоо максатында жаңы чакырыктарга каршы турууга, практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасай турганын белгиледи.

Ташкентте аталган жыйындын алдында, 6-ноябрь күнү Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн конференциясы болуп өткөн. 

Бул иш-чаралардын баары Орусиянын Орто Азияда туруксуздук келтирип чыгарууга карай аракеттенип жатканын билдирүүдө. Орусиянын мындай аракетин Өзбекстан менен Тажикстандын чек-арасында болуп өткөн операция жана Орусияда жасалма теракттарга шектелип кармалган кыргыз мигранттарынын абалы да көрсөтүп турат.

            Орусиянын мындай аракеттери Орто Азиядагы таасири алсырап баратканынан жана ал өз таасирин жасалма терракттар шылтоосу артында аскерий күч аркылуу тикелемекчи экенинен кабар берет. Анткени, бардык ири мамлекеттер өз саясатында маддий аракетти акыркы арга катары колдонуп келет. Жергиликтүү акимдер жана коопсуздук кызматкерлери мындай саясатка каршы турмак түгүл, кайра өздөрү аларды ишке ашырып берип жатышат. Курмандыктар болсо, карапайым мусулмандар болуп калууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here