Тажик-өзбек чек арасындагы кол салуудан 17 адам каза болду

401
0

Тажик-өзбек чек арасындагы кол салуудан 17 адам каза болду

6-ноябрь, түнкү саат 3:23 чамасындав бет кап кийген 20 адамдан турган куралдуу топ тажик-өзбек чек арасына чабуул кылды. Бул тууралуу Тажикстан чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Күч түзүмдөрүнүн операциясы учурунда куралдуу топтон 15 адам өлтүрүлгөн. Мындан тышкары, ок атышуу учурунда 1 чек ара аскери, 1 ИИМдин кызматкери каза болгон.

Тажикстан ИИМи тараткан кабарга таянсак, операция учурунда 4 автомашина жок кылынган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары окуя болгон жерге киргизилбеген. Окуя болгон аймакта жолдор жабылып, Тажикстандын башка аймактарында жана Душанбеде куралдуу посттор орнотулган.

Комментарий:  Патрушевдин Тажикстанга, андан соң Өзбекстанга сапарынын артынан бирер кандуу окуя күтүлгөн эле.

Тажик расмийлери бул окуя “Ислам мамлекети” уюму тарабынан уюштурулганын жарыя кылып жиберишти. Алар окуя болгон жерди курчап алып, ал жерге маалымат каражаттарын киргизишпеген. Алар кудум бул операциядан алдын ала кабардар болгондой, тездик менен курчап алып, Душанбе тарапка бир нече постторду орнотуп жиберишти.

Өзбекстан Россия менен АКШнын кызыкчылыктары ортосунда калды. Каримовду колдогон жетекчи топ да, режим да өзгөрбөдү. Демек, Өзбекстанды дагы деле коопсуздук түзүмүнөн турган жетекчи топ башкарууда. Ошондуктан, Путин Өзбекстанга басым өткөрүү үчүн дал ушул чекист Патрушевди жөнөттү. АКШдан айырмалуу түрдө, Россия Өзбекстанга басым өткөрүүдө аскерий кубатка, аныгыраагы, аскерий фитналарды уюштурууга көбүрөөк көңүл бурат.

Тажикстан болсо, Россия кызыкчылыгы жолунда ар кандай жийиркеничтүү иштерге мамлекет эшигин ачып берген окшойт. Кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу жаңжалдар уюштурулду. Бул сыяктуу жаңжалдар тынымсыз Тажикстан чек арасында уюштурула бериши ар дайым эле кокустук боло бербейт. Бул нерсе Россиянын Кыргызстанга, андан кийин Өзбекстанга басым өткөрүп жаткан учуруна дал келүүдө.

Демек, региондо жасалма исламий кооп-коркунуч пайда кылышмакчы! Кыргызстан жана башка кошуна мамлекеттер сак болушу керек. Россия бүтүндөй региондо башаламандык пайда кылып коюшу мүмкүн. Улутчулдук, диний жана мекенчилдик туйгуларыбызды козгоо аракети башталды. Куфрдун максаты, өзүнүн кызыкчылыгы жолунда ушул туйгуларыбыздан пайдаланып, арабызда жаңжал чыгаруу. Сак бололу, ар бир фитна белгилүү максатка каратылат. Максат болсо кызыкчылыкка каратылган. Улуттар аралык жаңжалда душмандарыбыздын гана кызыкчылыгы жатат. Демек, ар бир террордук операция куфр кызыкчылыгынан келип чыгып, алар тарабынан, арабыздагы саткындар  катышуусунда атайылап уюштурулат!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here