Мирзиёев КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

304
0

Мирзиёев КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-ноябрда КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук түзүмдөрү жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин Ташкенттеги отурумуна катышууга келген делегация башчыларын кабыл алды.

Президент конокторду кабыл алып, Өзбекстанда КМШнын алкагындагы көп кырдуу мамилелерди, анын ичинде, заманбап кооп-коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Өзбекстандын КМШга 2020-жылдагы төрагалыгы учурунда, коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты мындан да бекемдөө артыкчылыктуу багыттардын бири болору айтылды.

КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтары ортосунда жакындан кызматташууну улантуу, ошону менен бирге, ыкчам маалымат алмашуу о.э. терроризм, экстремизм, наркотрафик жана уюшкан кылмыштуулукту каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарыл экендигине өзгөчө басым жасалды.

Комментарий: Айрым маалыматтарга ылайык, Ташкентте өтүп жаткан аталган жыйын, негизи 2020-жылдын май айында болушу керек эле. Бирок, РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин 30-31-октябрдагы Тажикстан жана Өзбекстанга сапарынан кийин бул жыйын 2019-жылдын 7-ноябрына белгиленди. КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны боло турган күнү Тажикстанда “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү деп айтылып жаткан куралдуу топ чек ара постуна “чабуул” кылды. “Чабуул”дун артынан КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтары Тажикстанга Афганистан менен чек араны бекемдөөдө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти…

 Белгилүү болгондой, Николай Патрушев Путин бийликке келеринин алдында Россияны силкинткен  бир катар теракттарды уюштуруучулардын бири болуп эсептелет. Патрушевдин Тажикстан жана Өзбекстанга расмий сапары да бекеринен болгон эмес. Каримов коркоктугу жана этиятчылдыгы себептүү бардык жетекчи мамлекеттер менен ортодо аралык сактап келген. Өзбекстан башка мамлекеттер үчүн жабык болгон. Мирзиёев бийликке келген соң, Батыштын инвестициясына жана колдоосуна жетишүү үчүн бир аз ачык саясат жүргүзө баштады. Батыштык уюмдарга жана айрым укук коргоочуларга эшиктерди ачып койду. Мындан пайдаланган АКШ Өзбекстандагы таасирин бекемдөөгө киришти. Бул нерсенин Россияга жакпашы табигый көрүнүш. Ошол себептен улам, Россия өзбек бийлигин колдон чыгарбастык үчүн сыноодон өткөн ыкмадан, башкача айтканда, “терроризм коркунучунан” пайдаланмакчы болууда. Тажикстанда жүз берген иш дал ушул Өзбекстанга каратылгандыгына далил  –  Өзбекстандын расмий маалымат сайты uza.uz бул окуя боюнча бир да кабар чыгарбады.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here