Кыргызстанда мечит курууга чектөө киргизүү сунушталды

384
0

Кыргызстанда мечит курууга чектөө киргизүү сунушталды

Кыргызстанда мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Закир Чотаев парламент жыйынында айтты. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүүнү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган.

Чотаев өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөнүн, каттоодон өтө элек мечиттердин саны 300гө жакын экенин кошумчалады.

Негизи, өлкөдөгү дээрлик бардык мечиттердин курулушуна мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөн. Тескерисинче, алар мусулмандардын соопчулук үчүн берген каражаттарына салынып жатат. Ал мечиттерде – чектелген болсо да – Алланын өкүмдөрү айтылып, коомчулук ыйман нуру менен азыктанууда. Бирок, коомдун Исламдашып баруусу үстүбүздөгү демократиялык-капиталисттик системанын кожоюндарын жана алардын өлкөдөгү жүгүртөктөрүн коркунучка салууда. Анткени, коом Исламдашып баруу менен табигый түрдө демократиялык мыйзамдарды четке кага баштайт. Анын ордун болсо албетте, Ислам өкүмдөрү толтуруп бармакчы. Мына ушул маселе алардын уйкусун бузууда. Бул кафирлердин Исламга каршы күрөшү алкагына кирет. Ошондуктан, бийликтеги мусулман бир туугандар алардын куулук-шумдуктарына ойноп бербөөлөрү керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here