Лавров: Евробиримдик Борбор Азиядагы өнөктөштөрдү Россиядан алыстатууну көздөйт

481
0

Лавров: Евробиримдик Борбор Азиядагы өнөктөштөрдү Россиядан алыстатууну көздөйт

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдиришинче, Евробиримдик Борбор Азия боюнча стратегиясы жана “Чыгыш өнөктөштүк” долбоору жардамында Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы өнөктөштөрдү Россиянын таасиринен алыстатууну көздөйт.

Лавров “Коммерсантъ” гезитине берген интервьюсунда: “Учурда Евробиримдик “Чыгыш өнөктөштүк” долбоорунун артынан Борбор Азия үчүн түзүлгөн программасын өнүктүрүүдө. Аталган программалар Россиянын кызыкчылыктарын о.э. тарых, экономика, үрп-адат, маданият, коопсуздук маселелери боюнча бизди бириктирип турган алкаларды эсепке албастан түзүлгөн. Негизи, ал жерде биздин союздаштарыбыз жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз бар”, – деген. 

Лавров Евробиримдиктин бул долбоорлордон эмне максатты көздөп жатканы Москвага белгилүү экендигин кошумчалаган. Алардын максаты,  Борбор Азиядагы  өнөктөштөрдү Россиядан алыстатуу, Россия жана бул мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилени начарлатуу о.э. Евробиримдикти канааттандыруучу мыйзам-эрежелерди киргизүү.

 Комментарий: Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Россиянын саясий, сакафий жана экономикалык таасири азайып бара жаткандыктан, ал негизинен региондо аскерий таасирин күчөтүүгө көңүл бурууда. Белгилүү болгондой, Борбор Азиядагы өлкө башчылардын авторитардык бийлиги о.э. чиновниктердин коррупцияга батып кетиши себептүү өлкө байлыктары таланып-тонолуууда. Натыйжада экономикалык кырдаал изден чыгып, мамлекет казынасы бошоп калды. Аталган мамлекеттер жөнөкөй эле бир реформа жүргүзүү үчүн да чет мамлекеттердин каржылык колдоосуна муктаж болуп калышты. Россия азыркы экономикалык абалында аларга каржылык колдоо көрсөтө албайт. Россиядагы бул экономикалык кризистен пайдаланган Батыш мамлекеттери региондогу мамлекеттерге ар түрдүү гранттарды жана каржылык жардамдарды берип жатышат. Батыш мамлекеттери табигый түрдө грант берүүнүн артынан өз кызыкчылыгына ылайык келген талаптарды коёт. Бул болсо региондогу мамлекеттердин Россиядан алыстоосуна себеп болот.

 Муну түшүнгөн Россия Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүү менен региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулууда. Жакында эле ЖККУнун биригелешкен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров “Учурда Афганистанда “Талибан” жана “ИШИМ”дин 15 миңдей аскерлери бар экендигин, алар Борбор Азия кооопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын” билдирген болсо, август айында Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орунбасары Геннадий Кузьмин “Азыр “ИШИМ”дин Афганистандагы өзөгүн 4 миңдей согушкер түзөрүн” айткан. Кечээ күнү Россия башында турган “Центр – 2019” аскерий машыгуулары да Россиянын аталган аймакта аскерий аралашууну сактап калуу аракеттеринин бири болуп эсептелет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here