Айдарбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту

345
0

Айдарбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Белгилүү болгондой, Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы 24-октябрда 2-дүйнөлүк согуштун аякташы менен түптөлгөн. Бул уюм Коопсуздук Кеңешиндеги беш мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай) тарабынан аларга алтынчы атаандаш өсүп чыкпашы үчүн түзүлгөн. Тагыраагы, ушул мамлекеттер дүйнөнү бешке бөлүп алышкан. Алар БУУнун колу менен, “демократия” чүмбөтү артында, колонизаторлук аркылуу башка өлкөлөрдүн үстүнөн өкүмдарлык кылып келүүдө. Бузук демократиялык системаны сүрүп чыгара турган жападан жалгыз система Ислам болгондуктан, алар ага карата “экстремизм” сыяктуу жалган жалаалар менен күрөшүп келет. Бул күрөштө дүйнө мамлекеттери алардын басымы астында динине бекем мусулмандарды куугунтукка алууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here