Караколдо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экстремизмге каршы күрөш боюнча окуудан өтүштү

368
0

Караколдо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экстремизмге каршы күрөш боюнча окуудан өтүштү

 Каракол шаарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө окутуу Ысык-Көл облусунун Каракол, Балыкчы шаарларында болуп, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгуз, Тоң райондорундагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери окутулду. Август айында окутууларды республиканын бардык облустарында өткөрүү пландаштырылууда.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте “диний чөйрөдө мамлекеттин саясатын жайылтууда маалымат каражаттарынын ролу” маселеси талкууланган.

 Март айында Бишкекте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгеси менен “диний агымдар арасында жакындык пайда кылуу” максатында конференция уюштурулган.

Апрель айында “Борбор Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлер талкуусу” деген аталыштагы жыйын болуп өттү.

29-июнь күнү Ош шаарында муфтият тарабынан “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн негиздери” деген талкуу уюштурулду. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмүнүн өкүлдөрү жана 30дан ашуун курсант катышкан.

3-4-июль күндөрү Бишкекте “Борбор Азияда экстремизм маселесин” талкуулоо семинарынын кезектеги отуруму болуп өттү.

  Колонизатор кафир тарабынан киргизилген жана өздөрүн “эгемендүүбүз” деп эсептеген мамлекеттердин башчылары өз бийликтерин бекемдөө жолунда колдонуучу “экстремизм” термини мусулмандарга каршы күрөш болгону себептүү, жогорудагы семинар жана конференциялардын көптүгүнөн Кыргызстанда мурунку эки президентти кууп, бийликти күч менен ээлеп алгандар исламий топтор эмес беле деген күмөн пайда кылат. Негизи, эки жолку бийлик алмашууда бирер исламий топ катышкан эмес. Эгерде чындап эле экстремист жана террористтерге каршы күрөшүү зарыл болсо, анда бийликте тургандар өздөрүнөн башташы керек.

 А бирок, өкүнүчтүүсү “экстремизм” термини жалаң гана мусулмандарга жана исламий уюмдарга каршы колдонулууда. Исламга тиешеси болбогондор экстремисттик аракеттерди кылып жатышса да, аларга көңүл бурулбайт. Тескерисинче, эл аралык саясат басым өткөрүп, алардын демократиялык акы-укуктарын коргоо мамлекет тарабынан кепилденишин талап кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here